- Кочкор районундагы Төлөк айылынын тургуну, ардактуу атабыз Ысман Абдыкадыров 95 жаш курагында дүйнө салды. Ал көп жылдар бою мал чарбачылыгы тармагында эмгектенген. Сиңирген эмгеги үчүн бир топ орден-медаль, Ардак грамоталар менен сыйланган. Ак эмгеги менен "Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер" наамына татып, "Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу" аталып, эл арасында өзгөчө орду бар асыл адам болчу.
Апабыз Аскан экөө 11 баланы багып өстүрүп, татыктуу тарбия беришти. Апабыз 2000-жылы 67 жаш курагында көз жумган. Атабыз жашап өткөн өмүрүндө үлгүлүү үй-бүлө башчысынын, мыкты атанын, сөөлөттүү карыя, ардактуу аксакалдын ордун калтырып кетти. Атабыз 11 бала, 45 небере, 38 чөбүрө, 1 кыбыра көрүп кетти. 2018-жылдын 3-январында акыркы сапарга узатып, кабыргабыз кайышып кала бердик. Атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Уул-кыз, небере-чөбүрөлөрү