«САРЫ ГҮЛҮМ»

– Сүйүү деген эмне, ата?- деди 17 жаштагы уулум.
Бир нерсеге жаны ачып тургандай сезилди. Жүзүнө тиктеп, 17 жаштагы так өзүмдү көрдүм. Ошол өң, ошол келбет, ошол кумары күч боз улан. Мен үчүн бул суроого жооп берүү жеңил болгон жок. Анткени жашың 50гө таяп калганда 17 жаштагыдан башкача ойлонот экенсиң. Мен эмне дешимди билбедим. Мал тейлеп жаткан элек. Алаксытмакка «сен жылкыларды сууга айда, бул сурооңо мен эртең жооп берем» дедим. Өзүм сүйүү эмне экенин түшүнүү үчүн жарым жашым өтүп кеткенин айтып бергенге даяр эмес элем.
18 жашымда мен да күйүп-жанып ашык болгом. Бир башкача доор эле. Ал деле сүйбөдү дебейм, сүйдү. Көрсө, адамдар акыл деңгээлине, дүйнө таанымына, адеп-ахлагына жараша сүйөт экен. Элдин баарында эле меникиндей эч нерсеге карабаган ысык сезим жок экен. Ал адам мени башкага алмаштырды. Колунда бар, чиренген, машина тепкен байдын баласынын колун кармады. Үйлөнүү тойго даярданып дуулдап жүргөн мен анын мамилеси сууп кеткенин деле байкабаган экем. Дал тоюбуз болор күнү «сени сүйө албайм, көптөн бери мен башкага ашыкмын» деп басып кетти. Тойго камылга, азан-казан түшкөн эл, томсоргон ата-энем калды. Мындайда эмне кылабыз? Албетте, тойду токтотмок жок. Намыс үчүн дейбиз. Ата-энем жактырып жүргөн жана сөзү өткөн жерден сүйлөшө коюп, тойду токтотпоонун амалын кылып мени үйлөнтүштү. Эч көңүлүм толбоду. Көздөрү ботодой жайнаган, чачтары сеңселген, бой мүчөсү келишкен тиги сүйүктүүмдүн ордуна чыканагымдан араң башы өткөн, сапсары илмийген ичке кызды карап алып түтөп турдум. Айла жок.
– Илбериңки, акылдуу, ыймандуу, мындан башка бизге эмне керек эле? Кудайым кут кылсын!- деп апам жалбарып жүрөт.
– Түбү бар жерден келин алдым,- деп атам мактанып жүрөт.
Айтор, менден башкасынын баары бактылуу. Ичимден кыжынып ушу каргашалуу той эптеп өтүп кетишин каалап жаттым. Той да болду, тойдун эртеси да болду дегендей. Аргам жок жашап калдым. Сарым тың келин чыкты. Ички-тышкыны бирдей тейлеген, оозунда сөзү бар, жаш болсо да токтоолугу, тазалыгы, адептүүлүгү менен менин ата-энеме, туугандарыма жагып кетти. Мен сүйүп жибербесем да, мурункудай ичим өрттөнбөй калды. Балдарым биринин аркасынан бири төрөлдү. Казактын улуу акыны Абай айткандай, «Сүйбөгөн аялдан сүйүктүү балдарым болду».
Жүрөгүм аңгыраган боштукту балдар ээлеп алды. Өмүр өтүп жатты. Бир күнү чөп чабыкта жүргөн элек. Кичүү уулум чуркап келди.
– Ата, апам кыйналып жатат. Нан салып жатып жыгылып калды.
Алдастап чуркап жөнөдүм. Келсем эсин жоготуп жатыптыр. Көтөрүп барып жаткырып, бети-башына суу чачтым. Эртеси ооруканага алып бардым. Сарым ооруп жүргөн экен. Кейибесин деп мага айтпаптыр.
– Сени аядым,- деди ал онтоп. – Эмки жылы кызыбыз окууга тапшырса, калганына да каражат кетет деп...
– Мен табат элем го. Мен эмне кылып жүрөм? Сен, анан балдар үчүн кара жанымды карч уруп жүрөм го.
– Билем,- деди күлүмсүрөп. Ооруканада жата турган болду. Жан дүйнөм алай-дүлөй болуп кетти.
– Коркпо,- деди ал көзүн жумуп жаткан абалында. – Мен айыгам!
Кичине колдорун кармап отурдум. Чыканактайым менин, сарым, сары гүлүм, назик гүлүм. Сага тоодой жүрөктү бериптир. Ааламдай мээримди бериптир. Кечиксем уйку көрбөй, жанымда болсо жеңилимди жерден, оорумду колдон алып, барга, жокко, түмөн түйшүккө батып келген жубайым. Өзүм да назик сөздөрдү айта албаган жаным күйпөлөктөп эле кете албай жүрө бердим.
Аңгыча палатада жаткан бирөөгө гүл көтөрүп күйөөсү кирди. Ал гүлүн берип аялынын маңдайынан өпкөндө сен бир кызыгуу менен тиктеп турдуң. Мен сага эч бир убакта гүл белек кылбагам! Ыйлагым келди. Туруп барып дүйнөдөгү эң кооз гүлдөрдү алып келип бергим келди. Ошенттим дагы. Сен таң калып тиктеп алдың.
– Магабы?
– Сага!
Көзүнөн бакыттын шооласы төгүлүп турду. «Мындан ары сага ар дайым гүл тартуулайм, байбичем. Өтмүшүмдөгү жаңылыштыгым, сени теңсинбегендигим, сага көңүлүм толбогондугум үчүн өкүнөм. Айыгып кетсең эле баарын кылам» деп жаттым. Тилегим орундалып, сарым айыгып чыкты. Андан бери биздин жашообуз мен тартуу кылгандай гүлгө айланды.
Уулум, сүйүү деген ушул нерсе экен. Ишеним, кыя албастык, достук, чынчылдык тура. Сүйүү – бул алуу эмес, берүү экен. Апаң мага кайрымжысын сурабай, талап кылбай туруп баарын берди. Сүйүү берди, силерди берди. Ким билет, эгерде мага кимдир бирөө 18 жашымда, күйүп-жанып турган учурумда "сарыңды сүйүп каласың" десе ишенбес элем. Балким, сен дагы ишенбестирсиң. Бирок бул жашоонун улуу чындыгы. Сурооңо жооп берүү үчүн атаң сага ушулардын баарын айтып бергенге мажбур. Андан аркысын өзүң чеч...

Марат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
KOCMOC
2018-01-16 15:47:22
Мына суйуу... Сарыныз мен тен арып, тен карыныз!
+1
love.me.again
2018-01-16 18:15:50
Аллах мага да ушундай жар керек. Мен учун куйгон мени аяган мени суйгон. Баардык адамдан Насип кыл жакшы жарды. Бактылуу бололук баарыбыз..... (Эх эркектер качан эсинерге келесинер. Тим эле сарыны коргондо тутоп кеткенин. Тутобой орттонуп кет . Эми картайганда гул бербей . Жаштык кезде суйуу деп суйролбой калбай Аман эле болгулачы.эркек суйсо да билгизбей жашашы керек аялын. Ушу суйдум эле деген эркектердин ары жок болот.аялынар турганда башканы ойлобой кысып жашагыла)
+5
Nur96fat0000
2018-01-16 18:58:37
Сабырдын тубу сары алтын деген ушул да. Мен дагы суйуу каалайм и суйгум келет
+1
jamal93
2018-01-16 22:02:03
Мен суйуу турмуш кургандан кийин очушуно ишебейм.мен суйлошуп куйоого чыккам,окунбойм.мактангандай болбоюн адамдын озунон коз каранды бул нерселер деп ойлойм.Айнуска деген кызыбыз бар.кудайга шугур!
+3
Aika91_10
2018-01-17 03:30:41
Ооба ыйлагым кеглей эле эмес,козумон жашым токтобой тогулду.менин кичинекей боорсок балам "сиз неге ыйлап атас "дегенде токтодумго.
+2
saulem
2018-01-17 04:39:29
Мен да куйомдун сарысымын, мени сары деп журуп уулу сапсары :))
+8
Geran
2018-01-17 07:35:18
Эх деп суйуу никеден кийин келет дегенге мен да ишенем.Автор аялын Сары экен деп тутосо мен куйоомду бою кичине кара бала экен деп "тутогом"))Азыр жолдошумду бироо бир нерсе деп койсо кошо урушам
+12
Jenat
2018-01-17 16:56:55
Мен да жолдошума ушундай мамиле жасагым келип кетти, байкушум абдан чыдамкай жана менин характеримди которот , айткандай меники да сары жигит, озуно окшогондорду тородум жана дагы кутуп атабыз, сарыма рахмат сени жакшы кором жан буюрса бактылуу болобуз.
+6
momun74
2018-01-18 14:39:09
менда суйбой эле тийгем азыр жашап жатабыз жакшы элего ичпейт чекпейт бири бирибизди сыйлап дегендей
+1
love.me.again
2018-01-18 22:40:26
Сарылар каралар актар Аман болгула
+1
Khanbolot98
2018-01-19 03:55:53
love.me.again, жашылдарчы
+1
__anna__
2018-01-19 10:18:12
Суйуу деп ушуну айт. Кандай суйгонуну да билбей каласын. Убакыт озу таразалап коёт)))
+1
temirov.2013
2018-01-19 14:12:04
3-жолу окудум акуган сайын окугун келет.Эх жашоо унундай чындыгында.
+1
vendetta
2018-01-19 18:52:56
ушундай жанга үйлөнө электер туш келсек экен. кандай кана керемет жан дүйнөнү байыткан жүрөктөгү боштукту толтурган адам. Бактылуу болушсун.
+3
nur72
2018-01-21 12:04:53
Биз жакшы сезимдерибизди билдирип копко кыз-жигит болуп баш кошконбуз кудайга шугур жашообуз жакшы торт баланы тарбиялап жатабыз бирок менин чалым бир да жолу гул берген эмес жакшы созун аябайт
0
2018mt
2018-02-12 14:08:31
Суйуу никеден кийин башталат дегени ушул экенда. Кандай сонун сезим
0
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан