2018-ЖЫЛ – АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Бул билдирүүнү өлкө башчы Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты. Эртеси президенттик аппарат тийиштүү жарлыкка өлкө жетекчиси кол койгонун билдирди.
Бул жылы элеттеги элдин жашоо турмушун жакшыртууга багытталган бир топ иштер жасалмакчы. Алсак, ар бир аймактын узак мөөнөттүү программалары кабыл алынып, ошого жараша иштер башталат. Ошондой эле аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, таза суу маселесин чечүү, интернет менен камсыз кылуу жана иш орундарын түзүү боюнча иштер пландалган. Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду колдоо боюнча өкмөткө тапшырма берилди. 2018-жылга карата аткарылуучу иштерди көзөмөлдөө президенттик аппаратка жүктөлдү.
Өлкө аймагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири – иш орундарынын жетишсиздиги. Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн да элеттик тургундар түзүүдө. Андан сырткары таза суу, интернет, жол, коопсуздук, медициналык тейлөө, билим берүү, бала бакча өңдүү маселелердин көпчүлүгү айыл жергесинде курч бойдон.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан