ДЕПУТАТТАР: «4 ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР КЫРГЫЗГА КӨПТҮК КЫЛАТ»

Жогорку Кеңеш 10-январда вице-премьер-министрлик кызматка Санжар Муканбетовду шайлашты. 11-январда президент Сооронбай Жээнбеков аны аталган кызматка бекиткен жарлык чыгарды. Муканбетовдун талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков өзү сунуштаган. Муканбетов өкмөттүн экономика тармагын тескемей болду. Буга чейин аталган кызматта Толкунбек Абдыгулов иштеп, декабрь айында ал Улуттук банктын төрагалыгына дайындалгандан кийин орду бош калган.
Эл өкүлдөрү премьер-министрдин орун басарларынын санынын көптүгүнө, улам алмашып жатканына сын айтышты. Депутат Дастан Бекешев вице-премьер-министрлердин милдеттерин министрлерге эле ыйгарып, муну менен бюджетти үнөмдөөнү сунуштаса, дагы бир депутат Рыскелди Момбеков улам вице-премьерлерди шайлай берип депутаттардын башы айланып калганын айтты. Мындай сындарга жооп иретинде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев «депутат катары залда отурганда мага да орун басарлар көптөй сезилчү, бирок азыр оюм өзгөрдү. Өкмөттө иш көп экен, бир эле вице-премьер жок болсо иш токтоп калат» деп, 4-орун басардын орду бош тургандыгы өкмөттүн ишине терс таасирин тийгизгенин белгиледи. Ошентип парламент депутаттары 100 пайыз Санжар Муканбетовдун талапкерлигин колдоп беришти.
Учурда премьер-министр Сапар Исаковдун 4 орун басары бар. Алар: биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев (реалдуу багыт боюнча), социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр Чолпон Султанбекова, аймактар, чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жана экономика тармагы боюнча жаңы шайланган вице-премьер-министр Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов 1972-жылы туулган. 1989-1994-жылдары Кыргыз техникалык университетинде окуп, радиоинженер адистигин аяктаган. 2003-жылы болсо Кыргыз улуттук университетинде экономист адистигине ээ болгон. 2014-жылдан тарта Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан