Бишкек шаарындагы абанын кескин булганганы коомдун талкуу чордонунда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдөгү абанын булгануусу 2010-жылдан бери 2 эсе өскөн. Экологдор Бишкек шаарындагы абанын кескин булгануусун автоунаалардын санынын нормадан көптүгү менен байланыштырышууда. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматына караганда, Бишкек шаары 40-45 миң автоунаага ылайыктуу. Учурда борбор калааны 400 миңге чукул темир тулпар чаңытууда.
Борбор калаадагы Жылуулук электр борборунан чыгып жаткан түтүн дагы абаны (ТЭЦ) булгап жатат. Аталган борбордон чыккан зыяндуу заттарды азайтуу боюнча жакында премьер-министр Сапар Исаков улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиевге тапшырма берди. Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) жетекчилиги жакында аяктаган модернизация иштеринен кийин абага зыяндуу заттын чыгуусу кескин азайганын айтууда. «Абанын булганышына Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда үйлөрдүн көбүндө көмүр жагылып жатканы себеп болууда» деген пикирлер дагы бар. Жакында абанын булганышы тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, анда автоунаасын газ менен жүрүүгө өткөргөн жарандарга жеңилдиктерди берүү сунушталган эле.
Бишкек шаарынын мэриясы калкты тейлөөнү жакшыртуу жана автоунаалардын санын кыскартуу максатында Орусиядан насыяга 350 газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алмакчы. Автобустар жаз айларында ишке берилери күтүлүүдө. Бишкектин тургундарын учурда 3 миңдей кичи автобус тейлейт. Өкмөт менен мэрия Бишкекке жаңы автобустарды алып келип ишке киргизүү экологияны жакшыртууга оң таасирин тийгизет деген ишенимде.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg