"Сагындырба», «Сүйүп калдым кантейин?» деген ырлардын аткаруучусу Эрлан Андашев бир нече жылдан бери сахнадан көрүнбөй кеткен эле. Бир кездери жылдызы жанган ырчынын күйөрмандары эми анын жаңы чыгармаларына күбө болушат. Мекенинен алыста, АКШнын Огайо штатында эмгектенип жүргөн ырчы, Кыргыз өлкөсүнө жакынкы күндөрү кайтып келерин билдирди.
«Учурда жүк ташыган унаа айдап иштеп жүрөм. Жолдо жүргөндө туулуп-өскөн жерибизди сагынып, түрдүү ойлор келе берет. Барар жерибиз Кыргыз өлкөсү да, ошондуктан жазында мекениме үй-бүлөм менен кайтам. Чыгармачылыгымды жандантам. Анткени бул жакта жүрүп көп ырлар жаралды. Буюрса, ал ырларымды элге тартуулайын деп жатам. АКШда жүрүп көп нерсени үйрөндүм, жалкоолукту таштадым»,- дейт ал.