Өмүр же өлүм? Экөөнүн бирөөсүн тандаш керек! Албетте, ар бир адам үчүн жан таттуу. Эрки күчтүүлөр жашоону тандайт, эрки боштор ажалга моюн сунат. Бирок жашоону тандаган адамды алдыда татаал күрөш күтүп турат... Гезитибиздин бул санында болгон окуянын негизинде тартылган, жашоо үчүн күрөшүп, аты тарыхта калган адамдардын өмүр-таржымалы тууралуу тасмаларга орун беребиз.
ЭКИ БУТУНАН АЙРЫЛСА ДА, ҮМҮТТӨН АЙРЫЛБАГАН ЭРИК ЛЕМАРК
Америкалык хоккейчи, 1994-жылы хоккей боюнча Франция курама командасында ойноп олимпиада чемпиону болгон Эрик Лемарк карьерасын жыйынтыктаган соң сноуборд тээп өзүн алаксыта баштайт. 2004-жылы 6-февралда Калифорния штатындагы Сьерра-Невада тоосуна барып сноуборд тээп жүрүп жолдон адашып кетет. Адаттагыдай эле тоодон төмөн карай бир ирет сноуборд менен түшүп келе калууну ойлогон Эрик жанына MP3-плеерден башка эч нерсе алган эмес. Тилекке каршы, ошол маалда бурганак башталып жакын жайгашкан лыжа базасы да ишин убактылуу токтоткон. Ал эми караңгы кирип кеткенде Эрик 1 түн токойдо түнөп, эртеси келген изим менен артка кайтам деп ойлогон. Бирок түнү менен жааган кар анын изин жаап калган. Бир капталы бийик тоо, калган 3 тарабы токой. Кайсы тарапка кетерин билбеген Эрик азаптуу 7 күндү аяздуу тоо коюнунда, ар кайсы коңулда түнөп, үшүп, ачка, колуна эмне тийсе ошону жеп өткөргөн. 1 түндөн кийин эле буттары эч нерсе сезбей калганына карабастан Эрик жашоодон үмүтүн үзбөй, жолун улай берген. Адашканына 7-күн болгондо ал 10 кадам басса 1 саат эс алып, уйкусу келе баштаган. Уктаса эле ойгонбой каларын түшүнгөн Эрик акыркы күчүн топтоп тоонун чокусуна чыгат да, колундагы MP3-плеерден куткаруучуларга толкундуу белги жиберет. АКШнын куткаруучулары Эрикти «керемет адам» деп аташкан. Себеби адам чыдагыс аязда 7 күндү токойдо өткөрүү мүмкүн эмес эле. Дарыгерлер Эриктин үшүк алган эки бутун тең кесишкен. «Эми сноуборд тебе албайт» деген кептерге карабастан Эрик туура 1 жылдан соң жасалма бут менен өзү адашкан тоого барып сноуборд тепкен. Азыр ал үй-бүлөсү менен Калифорния штатында жашайт жана жаш өспүрүмдөргө хоккей боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет. Анын тагдыры 2017-жылы тартылган «6 фут (1 фут – 30, 48 сантиметрге барабар) тереңдикте» («На глубине 6 футов») деген тасмада чагылдырылган.
ӨЗ КОЛУН КЕСИП, ӨМҮРҮН САКТАП КАЛГАН АРОН РАЛСТОН
2003-жылы 1-май күнү 27 жаштагы америкалык альпинист Арон Ралстон Юта штатындагы кооз каньондорду аралап жүрүп кырсыкка тушугат. Тагыраак айтканда, Арон 1 киши араң батчу эки жагы тик аскалуу жардын ортосунда кетип баратканда жогорудан таш кулап, анын оң колун кыпчып калат. Арон жанындагы бычак менен асканы жана кулаган ташты кертип ташка кыпчылган колун чыгарууга аракет кылат, бирок таш оор эле, анын аракетинен майнап чыкпайт. «Капканга» түшкөн ал жанына ала келген бир аз азыкты үнөмдөп ичип 5 күндөн ашуун убакытты өткөрөт. Акыры азыгы да, ичерге суусу да түгөнөт. Каарманыбызды «жашоо же өлүм?» деген суроо түйшөлтөт. Эгерде бир айласын таппаса аны ээн чөлдөгү өлүм күтүп турган. Акыры Арон жашоону улантуунун жолун табат. Ал ташка кыпчылган өзүнүн оң колунун билегин бычак менен кесип таштап, абалдан чыгып кеткен. Алдыга, бир гана алдыга! Андан соң Арон мээ кайнаткан ысыкта канжалаган колу менен бир нече чакырым жолун улай берген. Алдынан нидерланддык туристтер чыгып, жардамга тик учак чакыртышкан. Азыр Аронду көпчүлүк эрдиктин символу эсептешет. Ал өзүнүн өмүр-таржымалы тууралуу китеп чыгарган. Ал эми 2010-жылы ал китептин негизинде «127 саат» («127 часов») деген тасма тартылган. Бир колунун кесилгенине карабай альпинист катары 60тан ашуун чокуну багындырган.
«АНД ТООСУНДАГЫ КЕРЕМЕТ»: АДАМДЫН ЭТИН ЖЕП, АЖАЛДАН КУТУЛГАНДАР 1972-жылы 13-октябрда Уругвайдын Монтевидео шаарынан Чилинин Сантьяго шаарына багыт алган FH-227 учагы орто жолдон Аргентинанын Мендоса провинциясынын аймагында, Анд тоосунан аскага урунуп кулап түшөт. Учак Уругвайдын регби боюнча жаштар командасын Сантьягодо өтчү мелдешке ташып бараткан. Бортто 5 экипаж мүчөсү жана 40 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен 12 киши набыт болот. Эртеси сууктан жана алган жаракаттарынан улам дагы 5 киши көз жумат. Тирүү калган 28 кишини 3600 метр бийиктикте ызгаар сууктан тышкары бир топ азап күтүп турган. Алардын жанында жылуу кийим, дары-дармек же тоого чыгуучу эч кандай шайман болгон эмес. Катаал шартта жылынуу үчүн тирүү калгандар болгон акчаларды, андан соң күйө турган нерсенин баарын жагып жылынышкан. Жагууга эч нерсе калбай калганда бири-биринин үстүнө алмак-салмак чыгып укташкан. Заара ушатканда колун жылытып алуу үчүн жерге эмес, колуна ушатышкан. Айланада бир да өсүмдүк, жаныбар жок, азык-түлүк да аз өтпөй түгөнөт. Акыры тирүү калгандар кеңешип өлгөндөрдүн этин жеп, жан сактоону туура көрүшкөн. Өлгөн адамдардын ар бири тирүү калгандардын тууганы, досу же жакын таанышы болсо да бул кадамдан башка жол жок эле. 21-октябрда дагы бир адам ооруп өлөт. Андан көп узабай тирүү калгандарды дагы кырсык басат. Кар көчкү алар уктап жаткан учактын калдыгын басып калып, дагы 8 киши көз жумат. Тирүү калгандары 3 күн бою тар жерде, өлүк адамдардын жанында жатышкан. Акыры аба жетпей баратканда жүргүнчүлөрдүн бири Нандо Паррадо учактагы учкучтардын бөлмөсүндөгү терезени тээп сындырып, аба кирчү тешик жасап, калгандарды дем жетпей тумчугуудан сактап калган. Кар көчкү тирүү калгандардын андан ары жашоо улантуусуна шарт түзөт. Биринчиден, учактын калдыгы көчкүнүн алдында калып жылуу боло түшөт. Экинчиден, өлгөн 8 адамдын эти дагы бир далайга жетмек. Кийинчерээк дагы 3 адам оорудан жана алган жаракаттарынан көз жумат. Акыры аракет кылбай күтө беришсе тирүү калбасын түшүнүшкөн соң Нандо Паррадо жана Роберто Канесса аттуу 2 адам тоону ашып, жакын арадагы адамдарга кабар жеткирүү үчүн жолго чыгышат. Аларга калгандары жылуу кийимдерин жана жолдо жеп, кубаттуу болуу үчүн өлгөн адамдардын этин салып беришет. Экөө Анд тоосун 10 күн дегенде ашып өтүшүп, чилилик фермерге жолугушуп, ал аркылуу куткаруучуларга кабар жетет. Ошентип учак кулагандан 72 күн өткөн соң тирүү калган 16 адам куткарылган. «Анд тоолорундагы керемет» деп аталган бул окуя тууралуу 1993-жылы «Тирүү калгандар» («Живые») деген тасма тартылган. Ал эми Нандо Паррадо тасмага режиссёрдун кеңешчиси катары чакырылган.
Жогорудагы каармандар кандай шартта болсо да жашоо үчүн күрөшүп, өз ысымдарын тарых барактарына калтырышты. Ал эми тирүү легендаларга арналган тасмаларды көрүп коюу ашыкча болбос.
Асхат Субанбеков
star@super.kg