Данияр Эрматов менен маек учурунда күйөрмандары кайра-кайра уюлдук телефонуна видеочалуу жасап жатышты. «Ушинтип эле бизди оңой көрүп калышпадыбы» деп күлгөн Данияр күйөрмандарынын кылык-жоруктарын айтып күлүп отурду.
«ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО МЕНЕН ЧОГУУ МАШЫККАМ»
– Бала кезде кыялдар ар кандай болот эмеспи. Бирөө мугалим болом десе, бирөө учкуч болгусу келет. Менин 2-3-класстан берки кыялым ырчы же спортчу болуу эле. Ал тилегим ошол боюнча өзгөргөн жок. Спорт менен машыкканды мектепти бүткөндө деле калтырбадым. Бишкекке келгенде Фучик көчөсүндөгү бир мектептин залында спорттун бокс, тай бокс түрү менен машыгып жүрдүм. Мени менен чогуу залда машыккандардын айрымдары азыр дүйнөнү багындырып жүрүшөт. Мисалы, Дүйнө чемпиону Валентина Шевченко жана эжеси менен бир залда машыкканбыз.
Кийинчерээк мен кафеге жумушка кирип калдым. Бир учурда түнү кафеде музыкант болуп, күндүзү машыгып жүрдүм. Түнү уйкудан калгангабы, кыйналып кеттим. Ата-энем да «балам, өзүңдү мынчалык кыйнабачы» дей башташты. Болбой эле өзүмдү кыстап барганым менен, чын эле чарчап калат экенсиң. Ошону менен машыгууну токтотуп койгом. Негизи бир нерсеге кызыксам аягына чыкканга аракет кылам. Спорт менен кетсем дүйнөлүк деңгээлге чыкпасам да өзүмдүн ордумду тапсам керек деп ойлойм. Азыр Бишкекте эрежесиз эр уруш болгондо тойго буюртмаларды алдын ала албай же ордума башка бирөөнү дайындап болсо да барып көрөм.
«АТА-ЭНЕМДЕН КОРКУП МАШИНА СҮЗГӨНҮН АЙТКАН ЭМЕСМИН»
– Той, концерт деп жүрүп жакындарыма көп жолуга албай калып жатам. Ошондуктан колум бошоду дегиче бир туугандарымдыкына, ата-энеме айылчылап келем. Жакындарыма жолуккан сайын кызыктуу балалыкты эскерип отурабыз.
Эсимде, бир жолу 5-6-классымда болчу, машина уруп, Кудай жалгап аман калганбыз. Досумду велосипедге учкаштырып зуулдап бараткан элек. Катуу тээп баратып чоң жолго чыгып кетиптирбиз. Капыстан Нива келип бизди сүзүп кеткен. Дагы жакшы, тормозду тээп жетишип калыптыр, бирок күү менен келаткандыктан бизди сүзүп кетти. Жерге жатканымды билем, бир азга уктап кеткендей да болдум. Айдоочу сөгүнүп урушуп келатат. Мен көзүмдү ачсам эле байке башка чапчудай болуп коркуп жата бердим. Айдоочу да мага катуу тийди деп коркуп кетти окшойт, «жакшысыңбы?» деп кайра өңү өзгөрө түштү. Ошондо араң көзүмдү ачкам. Ал окуяны коркуп ата-энеме айткан эмесмин. Эки жылдан кийин гана атам сурап жатпайбы. Көрсө, көчөдөгү кишилерден угуп калган экен. Мен урушат деп коркуп айта албай жүрө берип, ошону менен унутуп калыптырмын.
«БИР КҮНДӨ 11 ТОЙГО БАРГАН УЧУРЛАР БОЛГОН»
– Бала кездеги кыялымды орундатуу үчүн көпкө урунуп-бериндим. «Токто, жаным» деген алгачкы ырым ийгиликтүү чыгып, ошонун арты менен продюсерим Канат Кадыржан менен таанышып, иштештим. Шоу-бизнестин ысык-суугун көргөндөн кийин өзүмчө кетүүнү туура көрдүм. Менден көбүнчө «эмнеге азыр концертке эл көп барбай калды?» деп сурай беришет. Бир кезде 2-3 күн концерт берген ырчылар деле азыр бир күнгө элди араң чогултса керек. Анткени азыр интернет өнүгүп кетти. Карабайсызбы, күйөрмандар минтип эле видеочалуу менен бизди көрүп алып жатышат (күлүп). Жооп бербей койсоң да «бой көтөрүп калыптыр» дешет.
Концерттен чыгып чарчап турсам да, маанайым жок болсо да күйөрмандар "сүрөткө түшүп алалы" десе жок дебейм. Анткени кесиптин артынан элге таанылдым, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине татыдым. Азыр эки менеджерим бар, тойлорго буюртманы алар алышат. Мага убактысын, дарегин беришет, мен барып ырдап келе берем.
Той демекчи, жакында эле кызык окуя болду. Той ээси мага адашып башка ресторанды айтып алыптыр. Мен айткан жерине барып ырдап келе бердим. Негизи чакырган адам "рахмат" деп узатып коёт болчу. Анда негедир той ээси антип деле ыраазычылыгын айтпады. Машинада кетип баратсам «качан келесиң?» деп кайра чалат. «Мен адашып айтып алыпмын» деп абалын түшүндүрдү. Айласыздан ага кайра барып ырдаганга туура келди. Азыр, Кудайга шүгүр, элде той көп болуп калды. Бир тойдон 1000 доллар алган, бир күндө 11 тойго барган учурлар болгон.
Негизи, мен ырчылыкты түбөлүктүү кесип катары кабыл албайм. Андыктан ырчылыктан тышкары жеке ишкерлик менен алектенем.
«КҮЙӨРМАНЫМ ҮЙГӨ БАРЫПТЫР»
– Биз заманбап үй-бүлө эмеспиз. Ошондуктан ата-энеме жеке жашоомду ачык айткандан уялам. Бир жолу күйөрман кыз айылдагы үйгө барыптыр. Ата-энем менен таанышып, конок болуп, үй-шартты көрүп чыгыптыр. Апамдар деле аны мага айтышпайт да. Эжем кийин «бир кыз үйгө келип кетти» деп айтып жатпайбы. Көрсө, ошондой да болот экен (күлүп).
Ушул кезге чейин баш айланткан сүйүүгө кезиге элекмин. Кээде Эрнист Сыдыков досума «доске, тиги кыз менен сүйлөшөйүнбү, бир кыз табайынбы?» деп айтам. Ал болсо «издебе, маңдайыңа жазган кыз болсо өзү эле бир күнү жолугуп калат» дейт. Эки жыл мурун бир кызды жактырып, сүйлөшүп көрөйүн дедим. Эми эле сүйлөшүп ага сезимдеримди билдирип баштаганда туулган күнү болуп жатпайбы. Же кандай белек алышты билбейм. Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев досторум менен дүкөндөн мамалак алдык. Белекти көтөрүп барып алып, бере албай да көпкө тайсалдагам. Кийин ал экөөбүз дос боюнча эле калдык, көрсө, аны сүйбөптүрмүн. Романтик балдар кыздарга жагат экенин билем, бирок мен ошондой боло албайт экем.
Апам кээде «кесиптеш кыздарыңа эле үйлөнүп албайсыңбы? Баскан-турганыңар бир, дайым жаныңда жүрөт» деп калат. Мен аны каалабайм. Азыртан эле «ырчы кызга үйлөнбөйм» деп өзүмө сөз берип келем. Туура, бактылуу жашап келаткан түгөйлөр деле толтура. Бирок менин идеалымда аялзаты балага мээрим төгүп, үйдө эле отурганы оң.
Гүлжамал Абылкасымова
(сүрөттөр каармандын өздүк архивинен)
Адилет Бектуров
star@super.kg