КЕЛ, БАШ КОШОБУЗ!

Жылдыздар турмушунан

“Кел, баш кошуп алалы!” деген сунушту бийкечтер жигитинен кандай чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени мындай сунушту көбүнчө мырзалар айтышат. Ал эми селкинин баш кошуу тууралуу сунуш кылуусу өтө эле сейрек кездешсе керек. Мисалы, биз атактуулар арасында "үйлөнүү тууралуу сунушту ким киргизди эле?" деген сурамжылоодон кыз сунуштаган учурду кездештирбедик. Белгилүү адамдар сунушун сүйүктүүлөрүнө кантип киргизгенин айтып беришти.


Бакыт Байсариев, шоумен:
“ЖОГОТУП АЛУУДАН КОРККОМ”
Жубайым Наргиза менен мени бий дүйнөсү табыштырды. Экөөбүз тең бир жерде бийден сабак берип иштечүбүз. Жумуш бүткөндө үйүбүз бир тарапта болгондуктан, жеткирип жүрүп, жакшы сүйлөшүп кеттик. Ал кезде анын жигити, менин сүйлөшкөн кызым бар болчу. Күндө сүйлөшүп жүрүп, жактырып калдым. Кадимки күндөгүдөй узатып баратып “сүйлөшкөн кызым болосуңбу?” десем, “жок” деп сөзүмдү чорт кесип койду. Анда мен “өзүң бил” деп койгом. "Бир айдын ичинде мындай сунуш кылганым туура эмес эле болду" деп өкүнүп, кайра анын сүйүүсүнө жетүү үчүн бүт аракетимди жумшай баштадым. Ал эмгекчилдиги, акылы, сулуулугу, аруулугу менен өзүнө тартып алган.
Наргизанын артынан чуркап жүрүп, акыры жүрөгүн багынттым. Төрт жылдан ашык сүйлөшүп жүргөн убакытта таарынышкан күндөр да болду. Бир жолу катуу урушуп кетип, таарынып калды. Ошондо аны “жоготуп аламбы?” деген коркунуч сезими жүрөгүмдү өйкөп турду. Нике шакегинин формасындай шакек алып, кезигип “күнөө менден кетти, кечир” деп турмушка чыгуусун сурангам. Ошондо бултуңдап таарынып, эч кандай жооп айткан жок. Бирок шакекти тагынганы, сунушумду кабыл алганы деп түшүндүм.
18-октябрда үйлөнгөнүбүзгө эки жыл толот. Кудайым, буюрса, эки жылдыгыбызды наристебиз менен чогуу белгилейбиз деп кубанычыбыз коюнубузга батпай турган чак.


Назира Кадыева, ди-джей:
“КҮЛҮП ЖООП БЕРГЕМ”
Жолдошум Улан менен баш-аягы тогуз жыл сүйлөштүк көрүнөт. Экөөбүздүн тең кичи мекенибиз Ысык-Көлдүн Кара-Тал айылы. 9-класста окуп жүргөн чак. Мектепте бир кече болду. Жай ыргактагы музыка ойноп баштаганда эки класс жогору окуган Улан мени бийге чакырып, бий бүткөн соң “рахмат” деп колумдан өөп койду. Мына ошондон тарта махабат тузагына илиндим көрүнөт. Бирок учурунда ал сезимди сүйүү деп билбегенмин. Улан “кыз-жигит бололу?” деген сунушу менен сүйүү катын жазып, жактыруу сезимин айтып жүрдү. Мен аны чын деп кабыл алган жокмун. Ал мектепти бүтүрүп, Түркияга полициялык академияга окууга кетти. Ортобуздагы алыстыктан улам сагынуу сезими пайда болду. Ошондо мен аны чыныгы махабатым экенин сездим.
Беш жыл бою электрондук почта аркылуу кабар алышып турдук. Жакшы сөздөрдү терип, кат жазып турчу. Мисалы, “...Туя алсаң сезимимдин серпилгенинин, Мен сенин өмүр бою эркиңдемин...” сыяктуу каттарды жөнөтчү. Чыгармачыл адамдар сөз кадырын баалаган адам болгондон кийин кантип мындай саптардан сезимиң козголбойт?! Улан окуусун аяктап Бишкекке келип, мени менен байланышты. Экөөбүз акырындап жакын болуп кеттик. Ошол күндөрдө “мен сага үйлөнүшүм керек” деген сыяктуу сөздөрдүн учун чыгара баштады. Мен күлүп койчумун.
Бир күнү кафеге чакырды. Кадимки эле жолугушуу күн дегем. Гүлүн көтөрүп кирип колумду кармап, “мен сенсиз жашай албайм, экөөбүз баш кошолу” дегенде мен “чын элеби, ээ?” деп күлүп тим болгом. Ошентип, ата-энебизден уруксат алып, кыргыздын бардык жөрөлгөлөрү менен баш коштук. Учурда үч жаштагы Акмарал аттуу периштебизди тарбиялап жатабыз.


Канат Сыдыгалиев, спортчу:
“ТОЛКУНДООСУ ЖОК ЭЛЕ СУНУШТАГАМ”
Келинчегим Айжан менен жакын досумдун Чолпон аттуу карындашы тааныштырган. Бир көргөндө эле анын жагымдуу жылмайганы жана бетиндеги уячасы мени өзүнө тарткан. Сыягы, сүйүү торуна жагымдуу жылмаюусу менен илип алган окшобойбу.
Дос катары сүйлөшүп жүрүп, анын жан дүйнөсү, жүрүм-турумунан улам дал мен издеп жүргөн кыз экенин байкадым. Күндө сүйлөшүүгө ашык болчумун. Анан чыгынып “сен мага аябай жагасың, мени жигит кыласыңбы?” деп сурасам, унчукпай күлүп кетип калган. Мен болсо жинденип “сен мага жооп бербейсиң” деп... Бирок ошол эле учурда “жок” деп да жооп берген эмес. Анын наздуу жоругу мага “ооба” деген жоопко тете эле.
Жарым жылдан кийин Айжанга сүйүү сезимимди билдирдим. Төрт жыл кол кармашып кыз-жигит болуп жүрүп, мамилебизди мыйзамдаштырып, ата-энебизге жарыялайлы деп чечтик. “Баш кошолу” деген сөздү эч кандай толкундоосу жок эле, кадимки эле жолугушуу учурунда сунуштагам. Ал эми толкундануу сезими кайын журтумдун алдына барганда жана ЗАГСта байкалган. Өзүмчө толкунданып, нике күбөлүгүмдү күйөө жолдошко кармата коюпмун. Анда кайненем “ай, балам, бербе башкага, чөнтөгүңө сал!” дегени эсимде. Баш кошконубузга быйыл төрт жыл болот. Өзүмдү эң бактылуу кожоюн жана ата деп эсептейм.


Замира Молдошева, стилист:
“ҮЛПӨТ КӨЙНӨГҮН КИЙГЕН ЖОКМУН”
Жолдошум Моңолдор менен кесибим тааныштырды. Чачын тегиздеп берип жатып, кызыктуу сүйлөшө кеттик. Анын ар бир сөзү салмактуу, ошол эле учурда тамашаны да орду менен сүйлөгөнү көңүлүмдү бурбай койгон жок. Убакыт өтүп, ал биринчи никесинен жолу болбогонун, чоңоюп калган үч баланын атасы экенин айтты. Мен муну анын чоң катачылыгы деп эсептеген жокмун. Себеби турмушта ким гана жаңылбайт. Сүйлөшүп баштаганыбызда эле “балдарым менен тааныштырам” деди. Мен болсо ичимен "аларга жагып, мамиле куруп кетсем экен" деп тилендим. Анткени билинбегени менен акырындап бул инсанга байланып калган элем.
Биздин сүйүүбүз алдыдагы тоскоолдуктарды жеңип өттү. Ата-энем бул мамилеге анчалык каршы болбосо да, курбу-курдаштарым тарабынан “бала-чакалуу адам менен кантип жашайсың?” деген сөздөр болбой койгон жок. Бирок тагдырымдын падышасы өзүм болгондуктан, ушундай чечимге келдим.
Үч жыл сүйлөшүп жүрүп “кыз-жигит болуп жүрө беребизби? Кел, баш кошуп, чогуу түтүн булаталы” деп айтты. “Дагы бир жыл күтөлү” деп убакыт өткөн соң баш кошууга макулдугумду бергем. Тойдо өз каалоом менен үлпөт көйнөгүн кийген жокмун.
Жолдошумдун балдары менен мамилени тез эле идеалдуу түрдө куруп кеткен жокпуз. Сыягы, атасын кызгануу сезими болсо керек. Бирок убакыт өтүп, балдары менен тил табышып, жакын адамдардан болуп калдык.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
honey
2010-05-31 12:12:07
Назира менен Улан эн сонун тугойлордон экен. Бактылуу болгула!!!
0
AazamatBBB
2010-05-31 13:38:42
сонун экен )
0
асю
2010-06-01 13:39:37
замира эже кандай бактылуу!Жаман көздөн,жаман сөздөн ары болуңуз!
0
асю
2010-06-01 13:40:14
так держать!
0
Azamat J
2010-06-04 11:30:04
Кыздарга айтаарым: Кыздар суйбогонго суйконбогулочу, силерден сураныч. Мага окшоп кыздын суйуусун кыялбаган дагы бироонун тагдырына жолтоо болуп калышынар мумкун.
0
Romashka
2010-06-05 21:45:00
ii, kel bash koshup alaily degen jigitter barby?
men biroosuno dagy jolugusha elekmin
0
asselya
2010-06-07 02:27:51
бут бары сонун.:-)
0
honestbek
2010-06-07 16:20:34
Баш кошо турган бактым кайдасын ?
0
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан