АНЖЕЛИКА КАЙРАДАН ТАЛКУУ ЧОРДОНУНДА. Интернетте ырчыны «күйөөм менен көңүлдөш» деп жазган Айжан аттуу айым пайда болду

Учурда Дубайда теле долбоорунун жыйынтыгын чыгарып жүргөн ырчы, алып баруучу Анжелика Бекболиевага байланыштуу интернет айдыңында кайрадан талкууга түшкөн маалыматтар пайда болду. Инстаграм социалдык түйүнүндө "бул ырчы бир үй-бүлөнү бузду, ал адам менен жаңы жылдык каникул учурунда Балиге эс алууга кетти, ырчы ал киши сатып берген үйдө жашап жатат" деп жазган аккаунттар пайда болуп, ырчыны сөккөн жана ага болушкан тарап кызуу айтышып, урушуп жатышкан кез.

ТАЛКУУГА ЖЕМ ТАШТАГАН AIJANA_I
Анжелика майрам алдындагы иштерин бүтүрүп, эми жаңы жылда кыска эс алууга чыкканын айтып, Инстаграмдагы баракчасына Балиде, андан соң Малайзияда, бир нече күндөн кийин Дубайда жүргөн сүрөттөрүн илип жатты. Ал сүрөттөр сонуркоо, суктануу, ырчынын иш менен эс алууну айкалыштырып жүргөнүнө баа берүү менен гана токтоп калган жок.
Инстаграм тармагында miku1185 деген аталышта баракча пайда болуп, Анжеликанын бир киши менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Ошол сүрөткө "Марат деген адам Анжелика менен Жаңы жылда Балиде эс алганы кетти, алар алгач Алматыга барып, Баян Алагузова (Есентаева), анын жолдошу Турсенгали Алагузов төртөө чогуу эс алышты" деп жазып чыкты. "Бул учурда ырчынын жолдошу Урмат Бекболиев үйүндө бала карап отурат" деп да кошумчалап, "ырчынын көңүлдөшү" деп белгилеген Марат аттуу мырзанын үй-бүлөсү бар экенин айтып, атүгүл алардын сүрөттөрүн да жарыялады.
miku1185 деген аккаунттан тараган маалыматтардын артынан эле аты аталып жаткан мырзанын жубайымын деп aijana_i аккаунту аркылуу Айжан аттуу айымдан билдирүүлөр тарай баштады. Ал кимдир бирөөлөр балдары менен түшкөн сүрөтүн чыгарып, ырчы менен жолдошу Марат мырзанын мамилесин жарыялап жиберишкенин жазып, үй-бүлөсү тууралуу маалымат коомчулукка тарап кеткен соң эми жашыруунун мааниси жоктугун, артка жол жок экенин жазып чыкты. Бул айым өзүнүн билдирүүлөрүндө жолдошун Марат Назарбеков деп атап, аны "ырчынын көңүлдөшү жана демөөрчүсү" деп жарыялай баштады. Өткөн жылы жай айларында ырчы Европанын бир нече өлкөсүнө саякаттап барып келген. Айжан аттуу айым «ошол сапарды менин күйөөм каржылаган» деп, «экөө Балиге да чогуу эс алганы кетишти» деп жаза баштады.
Ал ырчы айымдын жолдошу Урмат Бекболиев менен жолукканын баяндап, көп маалыматтарды жарыялады. Андан көп узабай, ошол эле аккаунттан «Урмат мени сотко берем деп коркутуп аудио билдирүү жөнөттү» деп, экөөнүн жазышуусун сүрөткө тартып тиркеди. Андан көп өтпөй ырчы айымдын Ысык-Көлгө бара жаткан видеосун жүктөп, «Мерседес-Бенц Гелендваген унаасы Маратка таандык, ырчы бул видеодо ошол унаада баратат» деп жазды.
Интернет жашообузга активдүү кириши менен бул өңдүү ыңгайсыздыктарды, коркунучтарды да кошо алып келди. Телефондун же монитордун ары жагында кайсы адам ким деп катталып, эмне маалымат таратарын билүү, бул маалыматтын кайсынысы чындык, кайсынысы жөн гана каралоо экендигин билүү кыйын. Кай бирөөлөр убактылуу баракча ачып, ал аркылуу көрө албаган адамдарын жамандашы жөнөкөй гана иш. Aijana_i аккаунту бир нече жыл мурун ачылган, 3 балалуу аялдын кадимки күнүмдүк турмушу, жаңылыктары жарыяланып турган баракча экен. Ал баракчаны кайсы бир максат үчүн убактылуу ачылган деп айтууга кыйын болчу. Деген менен бул жарыялар башталгандан 2-3 күндөн кийин аталган аккаунт орду-түбү менен Инстаграмдан жоголуп кетти.

ТАЛКУУГА ТҮШКӨН МЫРЗА КИМ?
Сөз болуп жаткан Марат Назарбеков учурда 36 жашта экендиги, 2012-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалып, 2015-жылдын ноябрь айына чейин иштегендиги белгилүү. Акыркы учурда Бишкек шаарындагы «Vefa» соода борборунун кожоюндарынын бири катары бул мырзанын үй-бүлөсүнүн аты аталып жүрөт. Интернетте ырчы Анжелика Бекболиеваны бул адам менен байланыштырган жалгыз гана сүрөт таратылууда. Ырчынын айтымында, ал сүрөт мындан 5 жыл илгери "Кыргызпатентте" гонорар тапшыруу учурунда тартылган.
Өткөн жылы Анжелика казак шоу-бизнесинде атактуу продюсер Баян Максат кызы менен катышып, курбу боло баштады. Баян айым акыркы учурда көп кыйынчылыкты башынан өткөрдү. Мурунку жолдошунун ур-токмогуна кабылып, өлүм оозунан кайтты. Кийинчерээк продюсер айым арзыганына турмушка чыкты жана өзүнүн өмүр-таржымалы, күйөөсү менен ажырашуусу жана сүйүүсүнө кантип жеткендиги тууралуу китеп жазды. Эсиңиздерде болсо, Анжелика Бекболиеванын чакыруусу менен Баян Максат кызынын өмүр баяны тууралуу китебинин бет ачары Бишкектеги «Vefa» соода түйүнүндө өткөн. Жогорудагы маалыматтар айтылбаса, бул ишке, балким, эч ким деле маани бермек эместир. Китептин бет ачарынын Бишкектеги башка соода түйүндөрүндө эмес, дал ушул жерде өткөнү ырчы жөнүндөгү талкууларды ого бетер күчөттү. Биз айтылып, жазылып жаткан кептердин чын-жалганын айтып, чекит коё турган адамга – ырчыга байланышып, кенен маек курдук.





Сүйүн Кулматова
star@super.kg




"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
nakiw
2018-01-16 09:12:49
Анжелика чырдан оолак болсоңчу.пиар түбүңө жетип жүрбөсүн.тынч эле жаша.басырык бол.
+2
Petrovka
2018-01-16 09:12:54
Бактылуу болгула
0
Tyty1990
2018-01-16 09:14:33
Бирин терек, бирин тал. бирин олуп,бирин кал.
+1
almanbetperm
2018-01-16 09:17:01
Кыз кезинде баары жакшы,жаман катын кайдан чыгат деп койот беле
+2
Sarywka2017
2018-01-16 09:18:06
Мен мурда эле жазып чыкканда. Комментарийимди очуруп салган. Бул давно чыгыш керек болчу. Бул жазында эле башталган. Анжелика комментарийиди окуп калсан кыздарындын келечегин ойло. Урмат банкрот болуп калып эми маратка кетип калдын ал банкрот болуп калсачы кимге кетесин?
+3
jemile
2018-01-16 09:21:27

Акпы, карабы көрүп билбей, божомолдоп эч нерсе дегим келбейт...Кудайым өзү жол жолуна койсун...
+5
Akzyinat1993
2018-01-16 09:29:35
Уйбулоонуздор урабай,ылайым туболугунуздор бирге болсун.чырактай кыздарыныздардын сыйын коруп кооп жашаныздар.Аллах сиздерди ажыратпасын.
+3
Mikella
2018-01-16 09:38:10
Марат деген менен любовница деген ушактан элдин конулун бурайын деп Урмат менен ажырашканын жарыялай калганы го. Мараттын аялы асмандан алып Анжеликага жабыштырды дейсинби себеп болду да ошого. Создору бири бирини дал келбей бул жактан да Айчурокту кыпчый кеткенин. Урмат ачып берсе керек башында бизнести эмне чач жазап койнок тиги ошончо акча чонултмак белен. Урматты жамандан кайра бут элге. Кечээ эле бактылуумун деп кыйкырып атпадын беле. Кандай эркекти тебелеп кор кылдын.
+5
Aizat_1991
2018-01-16 10:27:59
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт бироо учун эмес Аллах ыраазычылыгы учун озун учун кыздарын учун жаша. Копчулук кеп кыла берет бирок бироо да казанына аш салып бербейт озуно жана кыздарына Аллахым ыйман берсин амин. Ырдабай эле башка жумуш менен эле алек болушунду каалайм катуу тийсе кечир
0
aimai
2018-01-16 23:34:08
Super info jalan ele Anjelika jonundo jazip kaldi go toi beriptir mashina aliptir tigi menen urushuptur ajirashiptir dep ele
+2
Ne.vajno
2018-01-16 23:37:41
Анжелика кыйын,сулуу, эмгекчилдиги жагат. Бактылуу бол.
0
adirysyaamiramina2018
2018-01-17 19:05:02
ууф байагыле Анжелика.. супер инфо деле тажады го
+1
Suluu4a
2018-01-18 02:11:20
Дагы Анжелика....журокту айланткан.
+3
Aidan88
2018-01-18 02:36:10
Suluu4a,++++++++++++++
0
Aigesha90
2018-01-18 13:49:05
Анжелика ишине ийгилик ак ийилет бирок сынбайт эмесби башынды бийик котор ардайым
-4
Dina.janym
2018-01-19 20:24:59
Анжеликаны көрө албагандай эмне биздин бир кезүбүз, Анжеликанын эки көзү бар бекен тооа...ал өзүнүн деңгээлине жараша, биз өзүбүздүн деңгээлибизге жараша жашайбыз...чын жүрөктөн бари бир!
+1
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан