SUPER.KG порталындагы түз эфирдин коноктору «Заманыбыздын супер алпаруучусу» Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбеков болушту. Эфир бүткөнчө кол кармашып отурган түгөйлөр келген суроолорго тамашалуу да, кызыктуу да, ачууланып да жооп берип жатышты. Анан ырдап да беришти. Эфирдеги кызыктар тууралуу бул макаладан окуйсуз.
– Жаңы жылыңыздар менен! 2018-жылды кандай тосуп алдыңыздар?
Максат: – 2018-жылды жакшы тосуп алдык. Башкысы, ата-энебиз менен тостук.
– Негизи «Жаңы жылды кандай тосуп алсаң, жыл бою ошондой өткөрөсүң» деген кеп бар эмеспи, ошол кептерге ишенесиздерби?
М.: – Ооба, мен ишенем. Нурзат быйыл үйдө көбүрөөк болот (күлүп).
Нурзат: – деп ыйлап жибербейсиңби. Ооба, мен 2018-жылды өзүмө арнайын деп ойлоп жатам. Буюрса, ушул жылы балалуу болсок деп тилек кылып, жашообузда балага орун камдап жатабыз.
– Майрамда бири-бириңиздерге эмне белек бердиңиздер?
М.: – Бултушкага (Нурзатты карап) 3 килограмм алтын белек кылайын дегем. Бирок «Кумтөрдө» маселелер жаралып андан азыраагын эле белек кылдым.
Н.: – Кышында жылуу болсун деп свитер алып бердим.
– Үйлөнгөнүңүздөргө 3 жылга жакындап калды. Сиздердин үй-бүлөдө толуктоолор болобу?
М.: – Мен бул жерден толук деген сөздү эле окуп жатам, ооба, толукмун (тамаша). Сиздердин батаңыздар менен Кудай буюрган күнү балалуу болорбуз.
Н.: – Негизи кыргыз элим бизден да көп Кудайдан тилеп жатышат окшойт. Толтура адамдар мага «бул жакта мындай кемпир бар, мындай дарыгер бар» деп смс-кат жазышат. Кеңеш айткандардын баарына ыраазымын.
– Максат, адатта сүйүү 3 жылда эскирет дешет. Өзүңдүн мисалыңда айтсаң, сүйүү 3 жылда эскирет бекен?
М.: – Негизи сүйүүнүн баркын кетирбей жашаса болот. Бойдок кезде «мен аялымды тигинтип-минтип коём, катуу кармайм» деп айта беребиз го. Ал эми жаңы үйлөнгөндө ажатканага чейин чогуу барып, көзүн карап жашайт эмеспизби, аны көргөн жеңелердин бирөө айтат да, бойдок кездеги сөздөрдү эстетип. Ошондой нерселерден аял менен эркектин ортосундагы мамиле салкындайт деп эсептейм. Мисалы, биз урушуп Нурзат таарынып "кетем" деп калса мен артынан калбай ээрчип алам. Аял кишинин машинасы болсо да жаман экен, отуруп эле кетип калат. Нурзат катуу айдайт, мен андан катуу айдайм, айтор, токтотуп «кел, сүйлөшөлү» деп чечишип алабыз. Биз сүйлөшүп, үй-бүлөдө жакшы мыйзамдарды кабыл алганбыз. Таарынышсак, ал таарынычтарды көпкө созбой, бир күндөн ашырбашыбыз керек деген.
Н.: – Мен Максатка ушунчалык ыраазымын, менин үшүгөн жүрөгүмдү жылытканы үчүн, мага жаңы жашоо тартуулаганы үчүн. Мен Максаттын акылдуулугуна, кеменгерлигине, терең ойлонгондугуна баа берем.Анткени кыргыз мырзаларынын көбү аялдарына жакшы сөз айта беришпейт. Урматтуу мырзалар, жубайыңыздарга жакшы сөз айтыңыздар. Анткени үй-бүлөдө тынчтык болбосо, дүйнө тынч болбойт.
М.: – Ии, эми бул эмне эле семирип жатат десе, ушундай жакшы сөздөрдөн семирет турбайбы деп эл ойлойт да (күлүп).
– Максат, Нурзаттан кичүү болгонуң менен, ал курактуу эле көрүнөсүң. Сен атайын Нурзатка төп келейин деп толдуңбу же ал сага төп келейин деп атайын жашарып жатабы?
М.: – Боор оорусу менен ооруп анализ тапшырганда, дарыгерлер "машыкпа, оор көтөрбө, чуркаба" деп койду.
Н.: – Бирок анын ичинде майлуу жебе деген да тыюу бар болчу (күлүп).
М.: – Мен өзүмө керектүүсүн эле кылып, кыймылдабай, чуркабай калган үчүн толуп кеттим.
– Силердин үй-бүлөңөрдө ким көп каражат табат, ким көп сарптайт жана ким эсеп-кысапчы?
Н.: – Биз көп иш-чараларды чогуу алпарабыз, Максат сүйлөшүп чечишет. Чоң бир нерсе аларда экөөбүз чогуу эле барып сарптайбыз. Максат ушул убакка чейин менден бир да жолу акча сурап көргөн эмес. Менин өзүмдүн, анын өзүнүн акчасы бар. Максат жан талашып менден бир тыйын албай үй салып жатат. Мага ушул сапаты да аябай жагат.
М.: – Үйдө «Максат» деген банкыбыз бар. Анын эсебинде канча акча бар экени айтылбайт, сыр бойдон калсын.
– Нурзат, сизди Максат байке балалуу болгондон кийин «иштебей эле үйдө отур» десе көнөт белеңиз?
Н.: – Албетте, үйдө жыргап эле бала карап отурмакмын. Көбү Нурзат өзүн-өзү билет деп ойлойт экен. Жок, биздин үйдө Максат кожоюн. Мисалы, жакында эле Максат мени Вьетнамга жибербей койду. Бирок кыргызда «күйөөсүн сыйлаган гана аял бактылуулукка жетет» деген жакшы сөз бар. Анын сыңары мен Максаттын пикирин, оюн, чечимин сыйлайм. Барасың десе барам, барбайсың десе барбайм.
– Максат, эфирде Нурзаттын колун бекем кармап отурасың. Көп эле кыргыз мырзалары коом алдында минтип аялын жакшы көрөрүн билдире беришпейт. Эфир алдында урушуп келдиңер беле. Нурзат тултуңдагандай го?
М.: – Жок, урушпай эле келгенбиз. Азыр мен эфирден чуркап чыгып, тренинг өтүшүм керек. Ошол жакка шашып жаткандан болуш керек. Анан аялына жакшы мамиле кылса эле «подкаблучник» дешет. Мен өмүр бою жашай турган адамды эмнеге эркелетип жакшы көрбөшүм керек?
– Максат, акыркы учурда сизди кинодон көрүп калдык, мага сизди бирөө мажбурлап эле ойнотуп жаткандай сезилди.
М.: – Жок, мени эч ким мажбурлаган жок. Мен актёрдук чеберчилик боюнча окуган эмесмин. Биринчи ролум. Камеранын да сүрү бар. Суроо берип жаткан окурман бул жерге келип отурсаңыз, мени түшүнөт элеңиз.
– Нурзат эже, Максат байке экөөңүздөр чогуу долбоор ачпайсыздарбы?
Н.: – Бизде идея толтура, бирок жумуш эч жакка качпайт, азыр менин башкы долбоорум – балалуу болуу.
– Учурда эмне жумуш кыласыздар?
Н.: – Максат «Компас» деген компания ачкан, анда элге багыт көрсөтүп алдыга максат коюу, кыялдануу боюнча тренингдерди өтөт. Ал эми мен «Нур» академиясындагы окуучуларым менен алекмин.
– Саламатсыздарбы? 2016-жылы тааныш кызым оңой акча табуу үчүн Максат Надырбеков жарнамалап жүргөн тармактык маркетингге алпарган. Мен ишенчээк жаным дароо эле 20 миң сомго жазылып алдым. Акчам күйүп кетти. Сиздер бир нерсени жарнамалоодо жоопкерчиликти сезесиздерби?
Н.: – Биз да сизге окшоп ишенгенбиз. Акыркы күндөрү байкасаңыз керек, ал тармактык маркетингди жарнамалабай калганбыз. Сиз 20 миң сомго күйсөңүз, биз 4 миң долларга күйдүк.
М.: – Мен ал компанияга келген кардарларга "Кепилдик бере албайм, үмүт менен иштейли" деп башында айткам. Кудай сактасын, мен эч кимге жыргатам деген эмесмин.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg