Урмат Бекболиев, Анжеликанын жолдошу: «АНЖЕЛИКАГА ҮЙЛӨНҮП ЖАТКАНДА МЫНДАЙ УШАКТАРГА ДАЯР БОЛУП КАДАМ ТАШТАГАМ»

Анжеликанын айланасындагы ызы-чууда жолдошу Урмат Бекболиев да көп талкууга түштү. Урмат мырза да унчукпай коё алган жок. Ал жубайын мээнеткеч адам деп атап, "иштей берсин, ал эми биз мындай бут тосуулардын далайына даярбыз" дейт.

«БУГА ЧЕЙИНКИ УШАКТАРДА ДАГЫ ЧЫНДЫКТЫ БИЛГЕН ҮЧҮН УНЧУККАН ЭМЕСМИН»
-Мен Анжеликага үйлөнүп жатканда мындай ушактарга даяр болуп кадам таштагам. Анжелика аябай активдүү, кылган иштери ийгиликтүү, тытынып күнү-түнү иштеген эмгекчил адам. Буга чейинки ушактарда дагы чындыкты билген үчүн унчуккан эмесмин. Ошондо Анжелика мага таарынганы да бар. «Эл айта берсин, жакындарың сенин кандай адам экениңди билет» деп койгом. Атайылап мага чалып, бир нече жолу Анжеликаны «подстава» кылганга аракет кылышты. Ооба, түшүнөм, аны жек көргөндөр да бар.
Мени Мараттын аялы үйүнө чакырганы чын. Барсам, жаш баладай алдап бир-эки суроо берди, ага жаккан жооп айтпай койсом мага атырылып, кыйкырып кирди. «Чет өлкөгө жашайм, кетишим керек, ошого акча керек» деди. Нерви чыңалып турган адам окшойт. Андай абалдагы адамдын жанында тургандын өзү кооптуу эле, кетип калдым. Үй-бүлөмө шек келген сөздөрдү уксам да аял киши болгондуктан айтышпадым. Мени алсыз деп түшүнүп, аброюма шек келтирген сөздөрдү баракчасына жазды.

«АНЖЕЛИКА КҮЧТҮҮ, ПОЗИТИВДҮҮ АДАМ, МЫКТЫ ЭНЕ»
-Марат менен көптөн бери таанышмын. Баян Максат кызы келгенде аны тосуп алууну, узатууну өз моюнуна алышып, коштоочу машинаны айдоочусу менен берген. Биз Ысык-Көлгө Баянды таштап, кайра кайтканбыз.
Азыр да бир машинасын алалы деп карап жатканбыз. Акыркы учурда Анжелика менин суранычым боюнча сүрөттөрүмдү социалдык баракчаларга киргизбей калган. Муну да жөн коюшпады. Ар кандай жоромолдорду жазып, жайылтып жатышты.
Жубайымды мен ар дайым колдоп, колдон келишинче жанында болууга аракет кылам. Ал күчтүү, позитивдүү адам, мыкты эне, мыкты аялзат. Азыр Дубайда кыздарым, кайненем менен бирге кыялдарын орундатып жүрөт. Иштесин, мындай бут тосуулардын далайына даярбыз.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (72)
azamat.janyshov
2018-01-17 20:05:31
Ажырашсанар силердин да кыздарынардын келечектеги аброю бир тепкич ылдый болот ушак соз ажырашканда да токтобойт ажырашканда ушак создор кайра кобойот сабырдуу болуп бирге бактылуу болгула
+3
Suluu4a
2018-01-18 02:04:54
Иии жакпайт ушу Анжелика.
+1
saiko.r
2018-01-18 02:09:18
Бироонун уй булоосу мн не ишинер бар журо беришсин оз иштерин кылып или бироонордун оозунардагы тамагынарды алып кетип атабы?? Кызык эле адамдар коп жакпаса окубай карабай койгула мен деле суйуп куйуп жургон ырчым эмес но чыныгы адам катары билбегенден кийин соз кылгым келбейт. Жамандап бекер бекер куноого батпагылачы неге ушунча ичи тар адамдарбыз.
+2
saltu25
2018-01-18 05:32:02
Анжелика кооп кетти, байлыкты озу которалбайт экен, эрди Эр кылган да аял жер кылган да аял демекчи, Урматтын башын жерге салды
+3
Hotinhere123
2018-01-18 11:40:56
Жаман создорду Анжеликанын ийгилигин коралбагандар жазды го дейм.Урмат байке сиз азаматсыз.Анжеликаны озунуз жакшы билесиз чогу жашап жаткандан кийин.ажырашпагыла бактылуу болгула мындан ары да.
+1
LadyD
2018-01-18 18:41:58
буларды кандай тушунсо болот, тигил жакта Анжелика колдобой койду деп таарынып, ажырашканга чейин барып атса, Урмат болсо бут тушуном баарын билем, ушака даярмын дейт го...
+4
LadyD
2018-01-18 18:43:22
жанагы Айжан деген немени сотко беришинер керек, эгерде силердики чын болсо, элге шылдын кылып каралап жатканын жон калтырбашынар керек
+2
sanjarakysov91
2018-01-18 21:54:04
Урмат Анжелика бактылуу болгула эх мусулман бир туугандар биронун жашоосун талкуулап не кыласынар Алла озу кубо кимиси куноолу кимиси куноолу эмес мен ойлойм Анжеликага койулуп жаткан куноолор жалган деп себеби кыргызымдын кыздары сулуу жана ыймандуу
+2
timaika9195
2018-01-18 23:42:57
Бекболиев деген кимлин фамилясы Урматтынбы же аялынынбы?
0
jazgul19802612
2018-01-19 15:59:59
кыздарынын омурун берсин кичинекейин ширин корунот
0
mikana
2018-01-19 20:33:55
Келгиле туугандар биздин ар кандай создорубуз бул уй булоонун бузулушуна алып келет. Андан коро жакшы созубузду аябайлы. Алахым деле айткан экен эки адамды табыштыруу учун калп айтса сооп болот деп. Бирок чындап эле мен Анжеликанын бир адамга кылган жамандыгын коргон жокмун. Анжелика абдан боорукер жан. Жолдошу мыкты инсан. Анжеликага ар тараптан колдоо корсотот. Ар дайым жанында журот. Анжелика Урмат силерден суранаарым келгиле шайтандын азгырыгына баш ийип ажырашпагыла.шайтан силерден корксун
+1
Shnos86
2018-01-19 23:10:22
Жалко Урматты! Анделикага чейин Урматтын Зарина атту татнакай суйлошкон кызы бар эле, аны чанып Анжеликаны алып , мына эми бут элге уят болуп олтурат... убагында Урмат , кандай кана деловой , ишмердуу, мээнеткеч жигит эле! Тагдырына балта чапты Анжелика! Артист , артистигин кылат экен... эми кыздарын жалко, келечекте эч ким балдарына жубай кылып алып бербейт болуш керек(((
+3
Arlenchik
2018-01-21 16:27:44
Love.me.again; сен чет жакта журчу элен го, анан каяктан журуп анжелика ырдаган тойдо журосун? же анжелика индияга барып тойдо ырдап кеттиби))))
+1
Anarik87
2018-01-21 18:42:20
Заман жаман дейбиз, заман жакшы,адамдардын пейли жаман бузулду ,ачкозбуз королбайбыз бул сапаттардан канткенде арылабыз ушдай саппатардан улам кыргызстан мамилекеттибиз онолбой жатат.келгиле "уламадан уч алалы,калганда Манас урпагын журт кылып бирге курайлы"ар бир уйбулого ынтымак тилейли ,"кудайсыз чымчыктын да уйу бузулбасын"
0
Samara198917
2018-01-21 19:58:17
Анжелика алга биз тарапка да келип кет мумкунчулугун болсо кызыл кыя сени кутобуз
0
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан