120 МИЛЛИОН ЕВРОЛУК КАДАМ. КОУТИНЬО «БАРСЕЛОНАДА»

Англиялык «Ливерпуль» футболдук клубунун көрүнүктүү футболчусу «Барселонаны» көздөй бет алды. Бразилиялык Филиппе Коутиньо каталониялык клубдун курамын толуктап, эми Мессинин жанында мыктылыгын далилдейт. Анын бул кадамы 120 миллион евролук болду, испан клубу «Ливерпулга» дал ушунча каражат төлөп берди.

Толук аты-жөнү – Филиппе Коутиньо Коррея
Туулган жылы, айы, күнү – 1992-жыл, 12-июнь
Туулган жери – Бразилия, Рио-де-Жанейро
Бою – 171 сантиметр
Салмагы – 72 килограмм
Амплуасы – Жарым коргоочу
Каймана аты – Сыйкырчы, кичинекей гений


БАРДЫК ЖОЛДОР «БАРСЕЛОНАГА» АЛЫП БАРАТ
Каталониялык клуб былтыр жазында эле Коутинього көз артып, бир канча аракет көргөн. Анда англиялык клуб анын эч кандай баага сатылбасын билдирген эле. Коутиньо «Барсага» өтө албай жатканы үчүн стресске чалдыгып, быйылкы сезондун алгачкы оюндарына катышпай келген. «Ливерпуль» оюнчусун сактап кала албагандыгын түшүнүп, быйылкы жылы оңтойлуу баага сатууга аргасыз болду. Анын баасы 120 миллион еврону түзөт, кошумча бонустары менен 142 миллионго чыгып кетиши мүмкүн. Коутиньо «Барселонаны» эмнеси менен кызыктырды? Чабуулга ыктаган жарым коргоочу алыстан сокку жаратуу менен өзгөчөлөнүп келет. Ошондой эле чабуулду баштап, голдук абалдарды жаратуу боюнча чебер. Мындай оюнчу Неймардан ажыраган «Барселона» үчүн абадай зарыл. Буга чейин Андре Гомеш, Арда Туран сыяктуу футболчулар «Барселонада» эч өзгөчөлөнө албай келишти, эми кезек Коутиньодо. Филиппеге биринчи кезекте 34 жашка чыгып калган Иньестаны алмаштыруу миссиясы жүктөлөт.

ТАРТЫНЧААК, БИРОК ТАРБИЯЛУУ
Филиппенин бала кезинен берки кыялы «Барселонада» ойноо эле. Бул максатты ишке ашыруу 6 жашында башталган. Филиппенин ата-энеси аны спорттук мектепке ушул жашында беришет. Ал табиятынан тартынчаак, өзүнө ишенбеген сапатка ээ эле. «Уялчаак болгонум үчүн балдарга кошулуп ойной албай, атамдын колун кармап ыйлап тура берчүмүн» деп эскерген Коутиньодон мыкты эмес, тыңгылыктуу футболчу чыгары күмөн болчу. «Васко да Гама» футбол клубунда футбол менен кошо тартынчаактыктан арылууну үйрөнүп, 16 жашында италиялык «Интердин» кызыгуусун жаратат. Анын белгилей кетчү сапаты, тамеки чегип, ичимдик ичүүдөн, уруш-талаштардан алыс болуп, үлгүлүү, тарбиялуулук эле. Италияга бөтөн жерге көнгүчө деп өзү менен кошо ата-энесин, бир туугандарын ала келет. Кийин аны 17 жаштагы сүйлөшкөн кызы Айне колдоп, жанында болот. «Жубайым мендей уялчаак эмес. Ошондуктан кыз-жигит катары мамиле куруу сунушун ал киргизген. Мени дайым колдоп, жашоомо көрк берген ушул адам» дейт Филиппе жубайы жөнүндө.


ОРДУН ТАППАЙ КЛУБДАН КЛУБГА СЕКИРИП...
«Интерде» өзүн көрсөтө албаган Филди италиялыктар «Эспаньолго» ижарага жөнөтөт. Примерада жакшы оюнчу катары натыйжа берген ал испан машыктыруучусунун да мактоосуна арзыйт. Ал кездеги машыктыруучу Почеттино «Коутиньо эмгекчил жана адамгерчиликтүү жигит. Ушул сапаттары менен аны Роналдиньо менен Мессиге салыштырам» деп эскергени бар. Кийин кайра «Интерге» кайткан футболчуну 2012-2013-жылкы Серия А’да үмүттү актабай, бир канча клубдардын арасынан «Ливерпулду» тандап, «кызылдардын» арасында 10-номерде ойноп калат.
Көптөн бери Англия Премьер-Лигасында бразилиялык футболчу жылдыз болбой жаткан маалда Коутиньо ишке киришти. Ал 5 жыл аралыгында «кызылдардын» лидери болууга жетишти.
«Барселона» менин кыялым болчу, ошондуктан «Ливерпулдан» кеттим. Бул кадамымды фанаттар туура түшүнөт деп ойлойм. Силерге ийгилик каалайм»,- деп «Ливерпуль» менен коштошту.

МУУН АЛМАШУУ
Коутиньо башкалардан ылдамдыгы, топту өзгөчө башкаруусу жана алыстан сокку узатуулары менен айырмаланат. Футбол сүйүүчүлөрү анын сол канаттан чабуулчу катары да мыкты оюн көрсөтө аларына ишенишет. Каталондук клубдун мыктыларынын жашы өтүп бараткандыктан «Барса» алардын ордун толуктоону чечүүдө. «Ким келсе дагы, эч кимдин ордун басуу үчүн келген жок»,- деп билдирди Иньеста. Бирок Коутиньо Иньестанын ордуна Мессинин башкы жардамчысы болуу милдетин аткарат. «Барселона» бир бразилиялыкты кетирип, экинчисин алды. Неймар кетсе, Коутиньо келди.

2012-жылы үйлөнгөн түгөйдүн ортосунда 2 жашар Мария аттуу кызы бар.


Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aksuu_aduk
2018-01-23 09:43:03
Ийгилик жарата бер эми Барсага , кош кел
+6
barsa30
2018-01-23 11:26:22
Өтө эмгекчил экени көрүнүп турат .Сборныйда Неймарга өтө атаандашатко деп ойлоп кетем.
+4
testkg
2018-01-23 20:46:01
barsa30, Неймар ПСЖ да.
-3
aksuu_aduk
2018-01-23 21:23:21
testkg,сборныйда деп туратко Бразилияда
+3
fanatkg
2018-01-23 20:55:50
142 эмес 160млн болот!
+1
FCBMESSI
2018-01-24 23:19:21
Барса чемпион
-1
rockman
2018-01-25 12:15:33
Макала жакшы жазылыптыр. Мындай жумушчуну колдон чыгарбоо керек. Өкүнүп калуу жаман...
+1
rockman
2018-01-25 12:17:22
Жубайы кыйын экен.
+1
ken-shkol
2018-01-29 14:06:49
Ассалом алейкум футбол куйормандар! Мен Реалдын фанатымын. Коутинього ийгилик! Жакшы ийгиликтерди алып келет деген ниеттемин. Буюрса жайында Реалдан дагы жаны трансферлерди кутобуз.
+1
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан