«Адем» тобу: «БИЗДИКИНДЕЙ КҮЙӨРМАН ЭЧ КИМДЕ БОЛБОСО КЕРЕК»

«Колдо бар алтындын баркы жок» деген макал чын экенине маектен кийин дагы бир ирет ынандым. Дүйнөнү өзгөчө бийлери менен таң калтырып келаткан жаш балдарды биз баалабай жаткандайбыз. Чет өлкөлүктөр аларды жакындан көргөнүнө кубанып ыйлашса, бизде бийчилер мал базарда, таштанды толгон жерде саналуу көрүүчүлөргө бийлешкенин да айтышат. Германияда өткөн жаңы жылдык шоуго катышып, мекенине келген бийчи жигиттер маек учурунда да колдорун артка бурап таштап, элден башкача отурушту.

НУРСУЛТАН АБИЛОВ
Туулган жылы, айы, күнү
– 1995-жыл, 2-март
Туулган жери – Нарын шаары
Билими – КЭУ, финансы-кредит факультетин аяктаган
Команданын фокусниги, кличкасы «пропажа»

ЭРДАН КӨКҮМБАЕВ
Туулган жылы, айы, күнү
– 2001-жыл, 28-июль
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – №64 гимназияда 10-класста окуйт
Команданын эркетайы

БАЯМАН ӨМҮРБЕК УУЛУ
Туулган жылы, айы, күнү
– 1996-жыл, 25-февраль
Туулган жери – Ош облусунун Кара-Суу районунун Эркин айылы
Билими – Орто
Баяманды кара баш, чоң баш, кээде каражан деп эркелетип коюшат

ЭРЛАН АБДРАХМАНОВ
Туулган жылы, айы, күнү
– 1994-жыл, 13-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КТУ, ССК факультети (it-технология адистиги), 5-курс
Команданын ырчысы, кээде рэп окуп коёт

– Куш келипсиңер, жигиттер. Топ кандай чогулган эле? Аталышы эмнеге «Адем»?
Эрлан:
– 2012-жылы башка балдар менен атыбыздын баш тамгаларын калтырып топту «Адем» деп атаганбыз. Бийчилер алмашып отуруп азыркыга токтолдук. Бул курамды мен алтын курам деп атамакмын.

– Баяман, сен алгач «Тумар КР» тобунда эмес белең, «Адемге» өтүшүңө эмне себеп болду?
– Атай байкенин (ред.: Өмүрзаков) чечими болду. «Тумар КР» өз жолун тандады, мен ушул топко өттүм.

– Мурун бий аркылуу дүйнөнү багындырам деп ойлодуңар беле?
Баяман:
– Мен базарлардан Атай байкенин бийи бар дисктерди издей берчүмүн. Ошондо эле залда бийлеп жатканымды, калыстардын таң калганын элестетет элем. Кыялдарым ишке ашты, эми апама көбүрөөк көңүл бурайын деп жатам. Апамдын карызы бар экен, сынактан келгенде дароо акча которуп, жарымынан кутулдум.

– Бийиңерди көрүп айрымдар суктанса, жүрөгү начарлар көрө албашы да мүмкүн. Коркунучтуу кыймыл-аракеттерди аткарууда ички органдарга күч келбейби?
Эрлан:
– Организмге, албетте, күч келет. Мен бир жолу Баямандарды туурап колумду бурайм деп чыгарып, кайра ордуна салып алгам. Нес абалда кандай болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Тердеп жаткан элем, анда анча сезилген эмес. Эртеси билинди го ооруганы. Ошондон кийин «өзүңөр бийлегиле бийиңерди» деп аларды туурабас болдум.
Баяман: – Ооба, башында ошондой болот (күлүп). Буралып бир мүнөттөн ашык тура албайсың.
Эрлан: – Секунд өткөн сайын Баямандын бармактары титиреп баштайт (күлүп). Эрданды да Германияда байкап калгам. Көз айнекчен болчу, карасам, байкуштун көздөрү аңтарылып калыптыр.
Эрдан: – Кайрылганыбызда ички органдарыбыз да кайрылган абалда болуп калат (күлүп). Бирок ушул трюктардын алдынан 10-15 мүнөт денени кызытып алыш керек. Болбосо сөөктөр чыгып кетип же жаракат алып калышы мүмкүн. Мен алгач туура эмес жасап алып бел грыжасын арттыргам.
Эрлан: – Мурун эркин күрөш менен машыкканымда белиме күч келтирип алгам. Азыр артка таянбай туруп кайрылып жатпаймынбы, ошондо белге күч келет. Тең салмактуулукту белим менен кармашым керек да. 3 секундда тердеп, титиреп баштайм. Ошондуктан 5 секундга жеткенде образ сыяктуу кылып колдорумду калчылдатып калам.

– Баяман, кулагыңдан наушник түшпөйт экен. Жумуш үчүн ошондой жүрөсүңбү же жөн эле жакканы үчүнбү?
Эрлан:
– Баяман күн сайын эртең менен баш ооруп жатат деп турат.
Баяман: – Түндө уктаганда эс алдырчу жай музыкаларды угам. Мен көбүнчө Бишкекте жүргөндө музыка угам. Себеби бизде элдин баары чарчаңкы абалда, кабактарын бүркөп жүрүшөт. Музыканы укканда дароо маанайым көтөрүлө түшөт, жакшы нерселерди кыялданып кетем. Наушникти кулактан алдым дегиче ызы-чуу башталат. Көп нерсени билбей туруп «Мына бул эмне балээ болуп алган?» деп мени сындагандарды көп угам. Маанайым чөгө түшөт, бирок укмаксан болуп басып кетем.

– Силердин бир туугандай мамилеңерди көрүп суктандым...
Баяман:
– Ооба, мурун мен жалгыз болсом, азыр 4 бир тууганмын. Эрюханын (Эрлан) үйүндө бир жылдай жашадым, апасын өз апамдай жакшы көрөм.

– Кыргыз эстрадасында кимди баалайсыңар?
Баяман:
– Мага ырчылардан жөнөкөйлүгү менен Айыма аябай жагат. Ал мени карабайт да, эгер макул болсо, ошол кыз менен сүйлөшмөкмүн. 3-4 жылдан бери Айыманы байкап жүрөм.

– Сен бир кыз менен сүйлөшүп жүрбөдүң беле? Ал эмне болгон?
Баяман:
– Анын менден жашырган нерселерин билип калдым. Акыркы жолу «мындан ары сүйлөшпөй эле коёлу» десем көчөдөн паспортун ыргытып, бакырып элдин көзүнчө уят кылган. Ошондон кийин жолукпай койдум. Эрке кыздардан көңүлүм калды.
Эрлан: – Баяман канча издесе да ошондой кыздарга туш болот. Мага, мисалы, оор басырыктуу, тарбиялуу, тилди уккан кыздар жагат. Буга болсо шайыр кыздар туш болот.

– Биз кооз жыйынтыкты көрөбүз. Көшөгө артында кандай оорчулуктар болот?
Эрдан: – «Азия таланттарды издейт» сынагында 1-турда укмуш болгон. Бизге чейин калыстар жалаң «жаккан жок» баскычын басып жатышты, элдин реакциясы да духубузду түшүрүп салды. Аны уккан сайын Баяман байке экөөбүз сарсанаа болуп, шалдырап асманды тиктеп эле столго жатып калдык. Чыйрыгып, дене табыбыз көтөрүлгөндөй болуп кетти. Сахнага чыкканда бир аз сүйлөшүп, анан жакшы оюн көрсөтпөдүкпү. Бирок жарым финалга барганда кайра эле ошондой абал болду (күлүп).

– Силердин чет өлкөдө күйөрмандарыңар көп окшойт, байкашымча?..
Эрлан:
– Чет өлкөдө сынактарда жүрүп Орто Азия боюнча популярдуу болуп кеттик. Биздикиндей күйөрмандар эч кимде болбосо керек. Инстаграмга түз эфирге 10 секундга чыксак да скриншот кылууга жетишишет. Мындай колдоону эч жерден көргөн эмеспиз. Бир аял келип, белектерди берип, кол тамга алып, ыйлап алыптыр. Мен Ак-Өргөөдө өскөн эле баламын да, бул нерселер мага башкача көрүнөт. Тобубуздагы Нурсултан сыркоолоп маекке келбей калды, ал бир жыл Америкада окуп келгендиктен англис тилинде эркин сүйлөйт. Күйөрмандарыбыз менен ал аркылуу сүйлөшөбүз.

– Алдыңкы пландарыңар кандай? Дагы деле бий менен алектене бересиңерби?
Эрлан:
– Бий сынактарынын баарына эле катышып чыктык. Атай байке «мен бизнесим менен алектенем, силер өз алдыңарча кете берсеңер болот» деди. Мындан ары өз алдынча иштейли деп чечтик. Буюрса, келечекте «Адем» тобу мындан да катуу чыгат деп сөз беребиз.

"Малайзияда өткөн "Азия таланттарды издейт" сынагында Корея, Американын белгилүү ырчысы Жей Пак "алтын баскычты" баскан. Ал биз үчүн эң бактылуу көз ирмем болду".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Aitun
2018-01-23 10:36:16
Молодец жигитер алга алга жана алга. Дагы да болсо чоон ийгиликтерди багынткыла.
+8
ALMAAAN
2018-01-23 11:19:39
Красавчиктер
+7
Afina
2018-01-23 12:51:57
ар давным издан самые более журо бергиле))
-13
Leilek-razzakov
2018-01-23 15:54:35
Азаматсынар! Ушул жигиттерди аябай сыйлам. Озгочо Баямандын жонокойлугу жагат. Ишинерге ийгилик. Дагыда болсо бийиктиктерди багынта бергиле.
+6
Musabaeva.
2018-01-23 17:06:18
Соонун интервью болуптур))
+3
asad345
2018-01-23 17:59:12
азаматтар
+3
altynka95
2018-01-23 18:13:51
Баяман жагат )
+3
Ashka.
2018-01-23 18:20:15
Ийгилик
+3
Mydearzh
2018-01-23 19:24:04
Айыма, Баяманга коз салып койчу )
+5
baatem
2018-01-23 19:56:56
Айыма менен Баяман сонун жарашмак бири бирине.
+4
-FREEDOM-
2018-01-24 08:43:09
Магада абдан жагасынар иштнерге ийгилик!
+2
sumay2015
2018-01-24 11:34:04
Азаматсынар,кыргыздар ушинтип чыкса озумдун уулум чыккандай суйуном,ийгилик,азаматсынар!
+1
aika.ainur1992
2018-01-25 03:20:48
Чын эле Айыма мн Баяман сонун пара болмок. Жигиттер онорунор оркундой берсин!!! Ишинерге ийгилик!!!
0
Hotinhere123
2018-01-25 04:00:28
Ииий ушул Баяман жопжонокой бала да.бактылуу бол дайым.ийгилик каалайм.дайым алдыга гана умтулуп журо бергиле.Атай красавчикке рахмат аман болсун ошо бала)
0
dobrajelatel
2018-01-28 18:49:10
Ийгилик, ден-соолук. Силер менен сыймыктанам.
0
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан