2017-жылдын 28-октябрында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп Кылычбек Султан дайындалган. Ал кызматына киришкендеги алгачкы иш-чараны Кореядагы мекендештерибиз менен жолугушууга арнады.
МЕКЕНДЕШТЕРДИН ЖОЛУГУШУУСУ
Кыргыз Республикасынын элчилиги тарабынан уюштурулган мекендештердин жолугушуусу 2017-жыл аяктаар алдында Түштүк Корея Республикасынын борбору Сеул шаарында болуп өттү. Кыргыз жарандарынын башын бириктирип, ынтымакка чакырган, эл-жерге болгон кусалыкты таратууга арналган салтанатка 300гө жакын мекендештер келди. Кечеге Кыргызстандан барган маданият өкүлдөрү да катышып, ыр-бий, тамашалар менен коштолду.
«СИЗДЕР ҮЧҮН ДА, МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН ДА БҮТ КҮЧҮМДҮ ЖУМШАЙМ»
Жолугушууну ачкан элчи Кылычбек Султан ар бир мекендешибиз ак эмгеги менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын айтты:
– Сиздер менен жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын, мекендештерим менен жолугушуу мен үчүн өзгөчө күн. Баарыңыздарды кирип келген Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Элчилик кызматты татыктуу аркалоого ишеним, каалоом дагы күч. Ошондуктан сиздерге да, мамлекет үчүн да бүт күчүмдү жумшап кызмат кылам деп ишендиргим келет. Ар бир мекендешибиз Кыргыз өлкөсүндө болобу, же дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун Кыргыз жерибиздин гүлдөп-өнүгүшүн тилек кылат. Сиздердин бул жакта иштеп ата-энеңиздерге, туугандарыңыздарга жөнөтүп жаткан акчаңыздар, финансылык колдооңуздар мекенибизге болгон салым. Бул үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем,- деди элчи.
ЖОЛУГУШУУ ЧАКАН КОНЦЕРТ МЕНЕН КОШТОЛДУ
Мекендештердин жолугушуусу концерттик программа менен уланып, Бишкектен элчи Кылычбек Султандын демилгеси менен чакырылган маданият өкүлдөрү көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты. Ырчыларга кошулуп ырдап, бийлеген журтташтар кызыктуу оюндарга да күбө болушту. Иш-чара жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталып, келген коноктор «Мекендештер эң көп чогулган жолугушуу болду. Элчи менен таанышып, баарлашууга жетиштик, маселелер, өкмөттө болуп жаткан жакшы жылыштар тууралуу пикир алмаштык» дешип көңүлдөрү куунак тарашты.
МЫЙЗАМЫ КАТУУ, ТАРТИБИ БЕКЕМ ТҮШТҮК КОРЕЯ
Корейлер тууралуу сөзүмдү ашканасынан баштайын. Кальбитан деп аталган тамагы уй сөөгүнөн жасалып, эки жолу кайнатылып шорпосу төгүлүп, үчүнчү жолку шорпосу ичилет экен. Этти корейлердин салтына ылайык кайчы менен кесип жеп жаттык. Ичкенде ичиңди ысытып жиберген макколли деп аталган улуттук суусундугун биздин бозого окшоштурдум.
Сеулдун көчөлөрүн араласаңыз, тазалыгына сөзсүз суктанасыз. Көчөлөрүн щёткасы бар унаа жууйт. Мыйзамынын катуулугун, тартибинин бекемдигин ушундан билиңиз. Мисалы, түкүрсөңүз, жөө жүргүнчүлөргө арналбаган жолдон өтсөңүз, кыздарына тийишсеңиз айып төлөйсүз. Бардык жерде видеокөзөмөл бар. Айыптардын өлчөмү 50 доллардын тегереги. Корейлердин улуттук валютасына которгондо 1 доллар
1061 вондун тегереги. Кайсы жерге барба, бир нече кабатка жеткен унаа токтотуучу жер төлө табылат, саатына жараша акча төлөнөт. Унааң менен шаар сыртына чыгуу да акча. Мисалы, Сеулдан аэропортко өзүңдүн унааң менен барып келүү үчүн жолго 12 доллар төлөйсүң.
Мыйзамдын мыкты иштээрине өзүбүз да күбө болдук. Эки машина сүзүшүп кетип, рулдагылар биздегидей ич ара маселени чечүүгө аракет кылбай, жол четинде камсыздандыруу компаниясынын кызматкерлерин күтүп турушту. Ал эми таксисттер жалаң улгайгандар экенин байкадык. Жаштардын бул жумушта иштегенин уят көрүшөт экен. Сеулдун чоңдугун ушундан билиңиз, таксисттери айтылган дарекке навигатордун жардамы менен гана жеткизип жатышты.
Сеулда митингдер күнүгө болоруна күбө болдук. "Уруш-талашы жок тынчтык митингине чыккандардын үнү өкмөткө жетет, талаптар сөзсүз акыйкаттык менен чечилет" дешти кореялыктар.
Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилигинин консулу Саякбек кызы Нурзаттын айтымында, Кореяда 5000дин тегерегинде Кыргыз өлкөсүнүн жарандары бар. Алардын 1600гө жакыны мыйзамсыз жүргөндөр. «Мурун чет өлкөгө чыгууга жалпы жарандык паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк деген өңдүү документтерди алуу 3-5 айга созулчу. Азыр Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаковдун демилгеси менен «Таза коом» долбоору иштеп баштап, ал документтер 12 күндө эле жарандарыбыздын колдоруна тийүүдө» дейт консул.
Табылды уулу Бактыбек мигранттардын жашоосуна төмөндөгүчө токтолду:
– Мен унаа айнектеринин резиналарын чыгаруучу заводдо иштейм. Корейче бир сөз билбей келген вьетнамдыктар, филиппиндиктер бул жерде көп. Алар кожоюн эмне айтса, ошону баш көтөрбөй аткарышат. Аларга салыштырмалуу биз «тиги досум мынча айлык алат, мен ошол жакка кеттим, тигинин иши жеңил» деген сөздөрдү көп айтып жаман көрүнүп алабыз. Колдон келсе жумушту алмаштыра бербей, кийин келе турган кыргыздарды да ойлосок дейм. Анткени заводго мен жаман көрүнүп калсам, менден кийин ал завод жумушка башка кыргыздарды чакырбайт. Жаңы жумушка киргенде айлык 1200 доллардан өйдө башталат. Акырындан көбөйүп отуруп, 3000 долларга чейин алгандар бар.
Иш учурунда кырсыкка учураган мигранттар да жок эмес. «Кырхан» Кыргызстан борборунун жетекчиси Асылгүл Төлөнбаева таштандыны кайра иштетүүчү заводдо иштеп жүргөндө жүк ташуучу унаа сүзүп, 3 жыл баспай калганын айтат. "Ооруканада жатып, мигранттардын укугун коргой турган уюм болуш керек экенин түшүнүп, Кореянын мыйзамдарын окуп үйрөнүп, мигранттардын укугун коргогон борбор ачтым",- дейт Асылгүл айым.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg