«КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕНИ» ШАЙЫР ЖЕҢЕ ИЗДЕЙТ

Көпчүлүк сүйүп көргөн «Кыз-жигит сармердени» берүүсүнө шайыр жеңенин ролуна сынак жарыяланды. Долбоордун режиссёру Сагын Ниязалиева: "Кастингге катышабыз деген эл арасындагы таланттуу айымдар да, артисттер да болуп жатат. Эми кимисин тандайбыз ал кастингде чечиле турган маселе. Негизи Гүлбү Ороскул кызы каза болгондон кийин такыр эле көңүлүм калып, моюнум жар бербей долбоорду тартпайм го деп ойлогом. Бирок жетекчилер тартыш керек, тирүүлүк улана берет дешти. Албетте, адамды алтын сандыкка катып койсоң деле ажал келсе алып кете берет. Андыктан долбоордун күйөрмандарын сүйүндүрүп биринчи эфирди Нооруз майрамына карата пландап жатабыз",- деп билдирди. Кошумчалай кетсек, «Кыз-жигит Сармердени» долбоорунун алгачкы алпаруучусу Гүлзат Батырканова 2015-жылы январь айында көз жумса, андан кийинки шайыр жеңе Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын октябрь айында каза болгон.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Akzholtoi
2018-01-23 22:17:43
Гүлжан Кулманбетова эжеге сонун жарашмак. Сөзгө чечен, ай чырайлуу. Жашы да төп келет.
+6
moskoy
2018-01-23 22:47:59
Самара Каримовага жарашмак ,озуда пиарга жакынго.
+7
alina79
2018-01-23 23:22:13
Эми бул иш кудайдын амири менен болот дегилечи,ошентсе да ким болсо да, коркот да бут шайыр женелер олуп атса.
+2
nurhan2702
2018-01-23 23:26:59
Чындап эле Сармерден аты суук угулуп калды. Атын озгорткулочу. Болбосо дагы эки жылдан кийин.....
+4
nureles70
2018-01-23 23:28:28
Чын эле сармерденди жаап эле, башкача бир программа даярдашса болмок. Жакшылап изденишсе. Суротторун коюп, эмки кезек кимде дегендей болуп калыптыр.
+16
jarkyn_jakta_jasha
2018-01-24 07:56:15
Анжелика девээле))
+9
fanatka19
2018-01-24 16:27:40
Самара Каримова барсын убагында боло албай арманда калгандардын бир ошол эмеспи.
+1
Baiana
2018-01-24 19:09:58
Самара Каримова, Анжелика, Назира Айтбекова ушул үчөөнө добуш берүү жасасаңар ..
-1
Elitta
2018-01-27 14:59:32
Baiana,Анжеликанды жон эле кой аллергия просто
+3
lalaley
2018-01-24 20:40:53
Анжелика жарабайт анын уну жагымсыз
+7
nurbegim_88
2018-01-25 03:56:58
Издевейле жаап салгылачы ошонуңарды
+6
agnesa
2018-01-26 14:46:38
Ажал келсе бин минута да кечиктирбейт. Адамды жараткан Аллах Таала ошол адамдын кайсыл жерде кайсыл мезгилде кандай абалда олорун торолгондо эле тагдырына жазып коет. Сармердендин ага тиешеси жок. Бул алып баруучулар сармерденде иштебеген учурда да ошол мезгилде коз жуммак. Себеби тагдырына ошол мезгилде дуйно салыш жазылган
+1
Royal55
2018-01-26 16:56:06
Эч кимдин деле конулу болбой калды гоо.билбейм мен лично коргум келбей калды.Баары мандайдагы жашоосун жашайт дечи ошентсе деле ажарлуу сармерден эмес ажалдуу сармерденге окшоп калды
+2
Elitta
2018-01-27 14:59:56
Самара Каримова болсунчу
-1
__anna__
2018-01-28 10:42:46
Elitta
Болбой эле койсунчу. Тынч жашасын...
0
Boha1
2018-01-28 15:02:58
Самара Каримова Анжеликаны жөн эле койгулачы.
0
gulperi.kg
2018-01-30 00:13:56
Сарменденге ошол эжелерибиздей ыймандуу токтоо жузунон нур тогулгон эжелер алпарса жарашат.Алжактап кайсаландаган аялдарга Сармерден жарашпайт
0
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан