ЫРЫС ЖООМАРТОВА «МЕНИН ЫРЫМ ХИТ БОЛОТ» КОМЕДИЯСЫН СУНУШТАЙТ

Жакындан бери актёрдук кесипке кызыккан адамдарды «Жал» кинотеатрында актёрдук чеберчилик боюнча окутуп, ал жакта окугандарды киного тартам деген режиссёр Ырыс Жоомартова элге дагы бир эмгегин тартуулаганы турат. 25-январдан баштап Кыргызстандын бардык кинотеатрларында режиссёрдун жаңы тартылган «Менин ырым хит болот» аттуу комедия жанрындагы тасмасы көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Ырыс Жоомартова: «Менин ырым хит болот» тасмасында буга чейин менин «Шаардык келин Шарапат» деген тасмамда тартылган актёр Өмүрбек Нурдинов башкы ролду ойнойт. Комедияда куудул айымдар Гүлжайна Атаканова менен Сакиш жана өзүм да роль аткардым. Биздин эмгегибизди көргүсү келген кино сүйүүчүлөрдүн баарын бул комедияны көрүп кетүүгө чакырам»,- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Nanei
2018-01-23 11:59:13
Ушул эже кино ну ысык пирожки бышыргандай эле чыгара берет да бат бат
+20
mela
2018-01-24 00:55:10
Nanei, окшош бут кинолорунун сценарийи,и актерлор ошолор эле....
+3
Azat.97
2018-01-23 12:18:14
Биздин кинолордун баркын тамашоунун балдары кетиришти.Казактардын озбектерден кинолорун карагылачы.
+1
Mart19
2018-01-23 15:11:13
Azat.97,пикиринизге кошулбайм биздин кинолордун баркын Ырыс эжеге окшош режисерлор кетирди,тамашоучу балдарга келсек алар актёр катары мыкты сценарийге мыкты ролдорду жаратышмак
+5
farida.kg.1991
2018-01-23 14:24:59
Омурбек Нуридинов тууган эмеспи башка актёр жокпу кыргызстанда Ырыс Эжэнин кинолору мааниси жок кызыксыз.ортагы Сакиш экову эле тартыла берет.
+8
Paprikafm
2018-01-23 15:30:25
Тамашоунун балдары тажрыйбасы жок болсо да аябай соонун тарткан, мисалы бир мешок акча, пентхаус,мега той ж.б, а Ырыс эже сиз кино тартпай эле коюнчу,
+3
zhanka1234
2018-01-23 22:22:47
Paprikafm,мега той Суйун Откеевдики
+1
Beks0207
2018-01-23 16:26:52
Уф ушу Ырыс Жоомартова дегенде кыжырым келе баштады суранаыыч эже тартпай эле коюнузчу
+5
almanbetperm
2018-01-23 20:52:51
Сиздин кинолорунуз качан хит болот?
+6
adirysyaamiramina2018
2018-01-24 02:05:47
жалан мааниси жок кинолор... сааны бар сапаты жок тарпай эле чыгарбай эле койунузчу эже
+2
tashbu
2018-01-24 12:56:01
Даяр нерсеге сынчы коп дейт.жакпаса корбой еле чыгып кеткиле
0
aika.ainur1992
2018-01-24 18:05:06
Бекеринен айтылбаса керек: шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт деп. Ушунча жазылган комментарии бекеринен жазылбаса керек. Бул эженин фейсбуктагы баракчасына наразы болуп жазылган билдируусун окуп калгам: Мен жаман оюмда быйыл жылдын мыкты кызматкери деген наам алам ойлогом дейби? Кыскасын айтканда, ушуга окшогон билдируу жазган экен. Ошону окуп алып кулкум келген. Эл эмгегин жер жебейт демекчи, эже 1 чи жарытарлуу кино тартса анан сыйлык алабы? Саны бар сапаты жок кинолорду тартат.
0
Baiana
2018-01-24 19:12:37
Тобаа жакпаса көрбөй койгула! "Өллө"минус баскыла эми)))
0
mirkaa5182
2018-01-24 23:18:29
Кыргыздын жаңы кинолорунун мааниси жок болуп кетти, жалаң жеңил, желпи кинолор тарбиялык мааниси жок. Көбүнчө эле комедия жанры ыктап алышкан, турмушка жакын кинолорду тартышпайт.
0
Aikan1966
2018-01-26 11:59:12
Кимге жакпаса корбогуло,мага аябай жагат кызыгуу менен кутуп, киносун кором,бизге кызыктуу кинолорду жаратып бергенине чоооон рахмат,ийгилик сага
-3
saza20
2018-01-26 14:25:12
Ырыс Жоомартова аябай сулуу аябай жакшы аял. Ар биринер кыйынсып сындай бербей жакындан таанышсанар анын адамдык сапатына, женственность кыргызча кандай билбейм аялдык сезим дейби айтоор сонун. улгу ала турчу эже. мен жакындан тааныш эмесмин. университетте азыраак сабак берген бизге психология предметинен. ар бир сабагы ар бир айтылган создору маанилуу турмуштун жакшы жактарын таанытат. азыр деле жолугуп суйлошкум келет, сабак алгым келет. кинолору жапжакшынакай сонун.
0
aik-mili
2018-01-27 05:02:59
saza20,кино башка сабак башка. Элди сыйлаш керек акча толоп кирип аткандан кийин жакшы тартыш керек
+4
Elitta
2018-01-27 16:33:40
Коментчилерге тан каласын 1чи бп коментарий берген адам против жазып же мактап жазып койсо аягына чейин ошо баардык комент окшош жазылат аркимдин озунун мээси жокбу булжердеги адамдардын???
0
baku24
2018-01-29 19:06:26
Ушул аял канча киного тартылса да эч таланты ачылбады,же бир озунун ордун билип кино деген жамаатты булгабай койбоду
0
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан