«САЯКТАР» – СУПЕРЧЕМПИОН!

23-май күнү Спорт Ордосуна баргандардын "майрам болуп жатабы?" деп таң калгандары бекеринен болгон жок. Бул күнү күлкү күйөрмандары көпкө күткөн “Тамашоу” долбоорунун Жогорку лигасынын иргелген командалары чемпиондукка ат салышты.

“Тамашоунун” бул жолку оюну тарыхта калары анык. Калыстар тобунун мүчөсү, куудул Борончу Кудайбергенов айткандай, элибизде күлкү сүйүүчүлөрүнүн саны өтө көп экен. Зал күйөрмандарга толуп, сыртта кишинин көптүгүнөн кире албай аттиң дегендер да арбын болду.
Бул күнү “Тамашоунун” 2-сезонунун “каймактары” болгон “Саяктар”, “Юристтер”, “2-рота” жана “Жигиттер” өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. “Юристтер” командасынын жигиттери музыкалык сынакта Ромео менен Жульеттанын ролун ырлар менен кураштырып, рифма менен келиштире аткарышты. “Видеосынакта” “2-ротанын” балдары “Аватар курсант” тасмасы менен видео жаатында профессионалдуулугун далилдешти. Ал эми “Жигиттердеги” Азамат чыныгы азамат экен. “Командалар сынагында” өзүнүн өмүр баянын комуздун жардамы менен куюлуштуруп ырдап берди.
Эң башкысы, командалар патриоттук маанайдагы номерлерди да унутушпады. “Саяктардын” Спорт Ордосунун сахнасын ээлеген Кыргыз Республикасынын Туусун жаюу менен оюнду жыйынтыкташканы бардык күйөрмандардын патриоттук духун көтөрүп, ордунан туруп кол чабууга аргасыз кылды.
Командалар аралык таймаш катуу жүрдү. Бири сөзгө чечен болсо, дагы бири актёрдук жактан “даяр кадр” экенин тастыктап, кыскасы, өнөрүң болсо өргө чап болду. Ар бир жомоктун аягы болгондой, ушул күнү алардын тагдыры чечилди.
1-сезондо чемпион аталган “2-рота” бул оюнда 4-орунду алып калды. Коло медалга “Юристтер” командасы татыктуу болду. 2-орун “Жигиттерге” буюруп, “Тамашоунун” 2-сезонунун “баатырлары” деп “Саяктар” командасы табылды.
Оюн аягында демөөрчүлөр, күйөрмандар жана калыстар тобу "тамашоучуларга" өз белектерин тапшырууну унутушкан жок. “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү, "Тамашоудо" калыстар тобунун мүчөсү Кылычбек Султанов редакциянын атынан деп жеңүүчү командага 5 000 сом, ошондой эле суммадагы акчаны жеңилген
"2-рота" командасына да тапшырды.

Гүлжамал Бөрүкулова
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
bakel85
2010-05-31 12:46:58
Саяктар - молодец
0
bakel85
2010-05-31 12:47:03
молодцы
0
Латыш
2010-06-01 10:34:36
Баракелде!
0
BMW
2010-06-01 15:15:54
Саяктар приколдору Супер !!!
0
pazilat
2010-06-01 16:19:16
Мага 2 рота жагат. Алар мекенди эле коргошпостон элибизге дагы кулку тартуулашат. Ал эми саяктардын тамашасы ото эле "пошлый".
0
bekjangold
2010-06-02 13:20:28
Саяктарга эч ким жетпейт!
0
БАТЯНЯ
2010-06-03 10:57:31
оооо гордость НАрына
0
honestbek
2010-06-07 16:12:02
Малдес!!!!!!!!!!!! Саяктардын аты дагы бир жолу чыкты!!!! МЫКТЫ команда. РЕСПЕКТ Нарын. Жалпы Кыргыздар аман бололу да айга барып конолу айда жашоо жок экен Саякстанда эле бололу!
0
honestbek
2010-06-07 16:12:45
Аа баса мен да супер саякмын деп кошпой калыптырмын!
0
cool Nka
2010-06-10 13:47:56
ураааааааааа, ПУХ
0
Kiza
2010-09-18 14:57:05
Саяктар СУПЕР!!!!!!
0
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан