«АЛБАРСТЫЛАР» КЫРГЫЗДЫН «ВИА ГРАСЫ» БОЛОБУЗ ДЕШҮҮДӨ

«Албарсты мени басты» деген тамашалуу ырдагы үч кыз эсиңиздеби? Мына ошол триодон түзүлгөн топ ачылганы турат. Кыргыздын «ВИА Грасы» болобуз дешкен топтун продюсери Алим Серебров: «Кыргыз шоу-бизнесине жаңылык киргизели деп «Аша» (Asha) деп аталган топту түздүк. Көбү топтун аталышын орусча «ажа» деген сөздөн алынганбы дешсе, "экс-президенттин атынан койдуңарбы?" деп тамашалагандар да бар. Биз күйөрмандын өз каалоосуна, эркине коёбуз, ким кандай түшүнсө ошондой болсун. Өлкөбүздө кыздардан түзүлгөн трио жок экен. Биздин максат Кыргызстанды эл аралык деңгээлге алып чыгуу. Буга чейин айтылып келген жана айтыла турган сын-пикирлерге даярбыз. Өсүп-өнүгүүнү, өзгөчөлүктү кааласак эл бизди туура кабыл алышы керек деп ойлойм. Өзүм мода тармагында иштеп, тажрыйба топтоп калгам. Кыздардын образын иштеп чыгууда кыйынчылык болгон жок»,- деп билдирди.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
DINA881
2018-01-24 14:33:06
кийимдеринер болбойт.
+2
Kyzyke
2018-01-24 17:22:31
Төртүнчү солистка кылып Кайрат ХХХХХХХХ да кошуп алгыла
0
Shokoladka94
2018-01-24 17:33:21
Аиий кебетенер менен ...... Атынар Аша экен, оюнарга келгенди кыла бергиле эми, ХХХХХХХХХХ суйлогуло.....
+4
kanu
2018-01-24 22:15:07
Ата энебиз мн телевизор коруп отурганда булар чыгып калса кантип туруп кетеринди билбей уят болобуз го
+2
Jeki95
2018-01-24 23:21:31
Ушулар жон эле койбоптурда убара болушуп. Мейли эми эл таразалап алат ким жаман ким жакшы.
+3
jaskaaa
2018-01-25 12:05:42
Каякта эл аралык денгел Виа граны кастинг кылып эзип атып аран 3 кыз тандалды элее. Виа граны кошпой эле койбоптур.
+4
MKW.MYRZAiYM
2018-01-25 12:19:11
кудайым ай, эми ушулар эле калды эле! Албарстыдан башталып, эми кийинки ыры эмне жонундо болот болду экен?
+2
anandi
2018-01-25 12:20:13
эми АША дан башка ат калбай калыппы уятсыздар. Кантсе да ал экс президент болгон,маданиятынардын томондугун көрсөтүп атасынар көтөрбөй эле(минус басып жатып кылгыла,жеке оюм)
+2
babi92
2018-01-25 17:56:27
Тообо кылайын мооданар менен кара жерге киргиле,ушунун эмне моодасы бар эми ошончо болуптур чечинип деле албапсынар.Ансыз деле корунбогон деле жеринер калбай калыптыр
+3
saiko.r
2018-01-25 20:35:17
Уят кыргыздын кыздарындада, жигитериндеда намыс жок качан жарым жыланач болуп журчу эле эркеги Кайрат кыргызга окшоп шайтандай болчу эле. Кыргыздын корсотчу жакшы жактары бар ошолорду да онуктурсо болот сразу терс жактан баштабай.
+2
19981998jalgyz
2018-01-26 05:12:26
азамат бекер отургуча бекер иште дегендей силер да жон отурбай кыбырай бергиле
-2
Elitta
2018-01-26 13:23:42
Бээкылыктанып турушуну просто позор,булардын максаты эптеп эле Элге таанымал болуу окшойт тарбия корбогону корунуп турат Ата.энеси кантип ушинтип кочого чыгарып койду буларды уят ото,Кыргыздын кыздары качан эле ушинтип ###### корсотуп сахнага чыкчуу эле Кыргыздын абройуна шек келтирип жатат бул 3бу албастырлар!
+2
gulzat85
2018-01-26 22:51:20
Тобоо кылдым кебетелери кантет
+2
orun
2018-01-27 12:47:30
Буларга чет олкодон демоорчу бар окшойт менин оюмча. Тагыраагы Европа, Батыш тараптан. Оюбуздан кайтпайбыз, сын пикирлерди уруп ойнобойбуз дегендей айтып жатышат. Нормальный эле зарплата толонот буларга...
+2
Gulnaz.GS
2018-01-28 15:18:26
молодцы чыккыла ырдап.ийгилик
-1
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан