«РАК ИЛДЕТИ УУЛУМДУН БИР КӨЗҮН, МУРДУН, ЖААК СӨӨКТӨРҮН ЖЕП САЛДЫ»

Бүгүнкү каарманыбыз Батыр 3-классында ойноп жатып жыгылып көзүнүн алдына таяк кирип кеткен. Көңүл бурулбай жүрүп кийин анын дарты өөрчүп, рак илдетине айланган экен. Батыр сүйлөсө оозу ооруп кетет сыяктуу, өзү айтып бере алган жок. Анын ордуна окуянын кандай болгонун Батырдын апасы Саткын Баназарова
айтып берди.

«АЛГАЧ УУЛУМДУН ООРУСУНА КӨҢҮЛ БУРБАЙ ЖҮРӨ БЕРИПТИРБИЗ»
-Биз Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Сөгөт айылынан болобуз. 5 баланын энесимин. Жолдошумдун көзү өтүп кеткен. Батыр эң кичүү балам. Ал 1985-жылы 2-июнда ден соолугу чың төрөлгөн. 3-класста окуп жатканда ойноп жатып жыгылып, көзүнүн ылдый жагын таяк чолуп кеткен. Эми бала жыгылат, турат. Эч нерсе деле болбойт деп көп деле көңүл бурган эмеспиз. Таяк чолуп кеткен жери кызарып жүрдү. Ошентип андан кийин 8 жыл өттү. Бир күнү байкасам, ошол жери карарып, канап, ириң толуп баштаптыр. 11-классты бүткөндө Кербен шаарындагы ооруканага алып барып дарыгерлерге көрсөттүм, ошентип уулума биринчи жолу операция жасалды. «Ириң сөөккө жетиптир» дешип ошол оюлган жерди тазалашкан. Кайра тикпей ачык эле ташташкан. Бинт коюп, тазалап, таңып жүрчүбүз. Бирок ошол операциядан кийин уулумдун оорусу күчөп кетти. Жакшы болбой, кийин Бишкек шаарына алып келдик. Мен анда чогуу келе алган жокмун. Батырды улуу балам менен келиним алып келишкен. Бул жактагы дарыгерлер «операция жасап, көзүн алып салабыз» дешти. «Ириң көздү басып кетиптир, азыр алып салбасак экинчи көзгө да өтүп кетет. Анан таптакыр көрбөй калат» деп түшүндүрүштү. Ошентип бир көзүн таптакыр алып салышты. Бул жакта эки ай дарыланып жатты. Оорусу рак экенин ошондо билдик. Химиялык нур менен кактап дарылоо керек дешкен, бирок шартыбыз болбой дарылата албай калдык.

«АЙЫГЫП КЕТЕТ ДЕП ОЙЛОГОМ»
– Операция жасалгандан кийин кулагынын алдына без чочуган сыяктуу болду. Рак менен ооруганда улам бир жерине ошентип жара чыга берет турбайбы. Аны дарыгерлер кийин түшүндүрүштү. Кулагынын аркасындагы менен көзүнүн алдындагы жара чоңоюп барып, бири-бирине кошулуп кетти. Анан мурдунун жарымы да желип баштады. Медициналык сабатымдын жоктугу да болуп калды айланайын, таңып, тигинтип-минтип аттык, башка эч нерсе кылган жокпуз. Айыгып кетет деп ойлодум. Бирок оорусу айыкпай, күн өткөн сайын абалы оорлошуп ушул даражага келди.
Бир жумага бинт менен дарысына эле 3 миң сомдой кетет. Күн сайын экөөбүз алышып жарасын таңабыз. Өзүм 69 жаштамын. Карыган сайын бул илдет менен алышканга алым калбай бара жатат. Башка балдарым деле каралашты, бирок алардын деле өз тиричилиги бар. Аргасыз элге кайрылдым. Батыр үйлөнүп, жаштыктын доорун сүрчү маалында дарт менен алышып калды. Мүнөзү жоош, момун бала. Кийин дарттан улам такыр эле түнт болуп калды. Бир нерсе сурасаң эле жооп бербесе, таптакыр сүйлөбөйт. Оозунун тегереги да желип бараткандыктан сүйлөсө ооруйт. Суюк тамак жасайм, ошону эптеп жейт. Алы деле калбады. Жок дегенде жаны калабы деп үмүт менен жашап келе жатам (ыйлап).

«ДАРЫЛАБАСАК ООРУ ТЕРИСИН, СӨӨГҮН ЖЕП КЕТЕ БЕРЕТ»
Бул окуяны коомчулукка алып чыгып, Батырга көмөктөшкөн жигиттер да бар. Алардын бири Улуттук онкология борборунда дарыгер болуп иштеп жаткан Азамат Кошалиев буларды айтып берди:
– Биз жалпы тааныштардан улам Саткын апа менен байланышып, Батыр байкенин акыбалынан кабардар болдук. Алар менен тааныш да, айылдаш да эмеспиз. Менден дарыгер катары көмөк сурашты. Анда Батырдын онкологиялык жактан оорулуу экенин да билген эмеспиз. Бизге жеткен маалымат боюнча, диагнозу белгисиз оорудан улам жүзү жабыр тарткан деп ойлогонбуз. Колдон келсе пластикалык операция жасаталы дегенбиз. Көрсө, 2006-жылдан бери онкологиялык оору менен ооруган адам катары каттоодо турат экен. Теринин рак оорусу деген диагноз коюлуптур башында, бирок текшерилүүдөн кийин башка диагноз чыгышы да мүмкүн. Кечээ Батыр байкени Улуттук онкология борборуна алып келип жайгаштырдык. Эми анализдери чыккан соң оорусу аныкталып, мурунку диагноз күчүндө калганын же өзгөргөнүн билебиз.
3-классында жыгылып, көзүнүн алдынан жаракат алган. Ар ириңдеп отуруп чирип баштаган. Көзүнүн алдынан алган жаракат рак клеткаларын козгошу мүмкүн, бирок түздөн-түз ошол алган жаракаттан улам деп айта албайбыз. 2003-жылы ага Кербен шаарында биринчи операция жасалган экен. 2006-жылы көзүн алып салганга туура келиптир, анткени оору бир көздөн экинчи көзгө өтмөк. Экинчи көздү сактап калуу максатында жасалган.
2011-жылы мурдун алып салганга туура келген. Кийин ооз жактары да желип кеткен. Ошентип Батыр байке 3 оор операцияны башынан өткөргөн. Былтыр нур менен кактап дарылоону баштамак болушкан, бирок организми аябай алсыз болгондуктан жасалган эмес. Азырынча иммунитетин көтөрүү, жалпы организмди дарылоо терапияларын жүргүзүп жатабыз. Акыбалын айтсак, аябай эле оор, алсыз болуп арыктап кеткен. Бул жолкусунда шартты түшүндүрүп, ооруканага бекер жаткырдык. Алгач онкологиялык процессти жок кылышыбыз керек, болбосо оору терини, сөөктү жеп кете берет. Абалын жакшыртуучу, ооруну басаңдатуучу дарылар колдонулуп жатат.
Онкологиялык процессти жок кылгандан кийин мурдуна, оозуна, жаак сөөктөрүнө пластикалык операция жасап, калыбына келтирүү мүмкүн. Так диагноз чыккандан кийин чет өлкөгө жиберүүнү да карап жатабыз.

2006-жылы теринин рак оорусу деген диагноз коюлган.


Нуржамал Жийдебаева,
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
6 жашында жыгылып, бир көзү менен мурдунан айрылган Баатыр Баназаров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
nur007mir009kg
2018-01-23 15:19:46
Ооруну берген алла шыпаасын да берегөр. Айыгып кетсин амиин.
+5
S88N91
2018-01-23 16:38:21
Аллахым шыфаасын берсин двба кылалык.Мен да жардам кылганга мумкунчулугум бар аз да болсо бирок кантип?
+4
admin_media
2018-01-23 17:30:34
Саламатсыздарбы! Байланыш номери: 0773 67 98 22 (Батырдын апасы)
+5
meerimbekovd
2018-01-24 16:07:00
админ жооп берип коесузбу
0
NURDANCHIK
2018-01-24 13:59:49
Шыпаа берсин аллахым
+1
meerimbekovd
2018-01-24 16:04:51
москвадан кантип которсок болот
+1
momun74
2018-01-27 14:16:38
meerimbekovd,0700265295
0
jazgul1992
2018-01-24 20:49:49
сакайып кетсин ээ кудай. дартын берген эгем шыпаасын кошо беер. кайдыгер карабаныздар жардам берели туугандар.
+1
nargiza1986
2018-01-25 02:25:05
Апасынын карангылыгы. Мени жаман корбогуло,Ошондо эле сразу алып барса болмок. Байкуш баланын акыбалын элестетип атам. Ылайым айыгып кетсин. Москвадан кантип которсок болот.
+6
Sezy
2018-01-25 03:43:14
nargizax1986,
Туура, мен да кошулам, бул жерде апасы да кунолуу, убагында карап, даарылатса , мынчалык болмок эмес деп ойлойм.
+5
admin_superstan
2018-01-25 10:29:51
meerimbekovd, nargiza1986, cаламатсыздарбы! Байланыш номери: 0773 67 98 22 (Баатырдын апасы)
0
arawan
2018-01-25 21:04:47
аллахым шыпаасын берсин сакайып кетсин оомин
0
Asyl10
2018-01-26 18:27:36
Элсом ачыш керек,ошол жакка акча которушат кобу, аз-аздан которгондо да,дарыларына жетип калмак. Алла шыпаасын берсин ылайым
0
floris
2018-01-26 21:00:02
Рая туура айтасыз биздин чондор ошол болницада болуп жаткан иштерди карап шарт түзүп койсо болмок
+2
momun74
2018-01-27 14:15:25
мен азыр эле суйлоштум Батырдын апасы мн акча которууну каалагандар 0700265295 элсом
0
Bilal_12
2018-01-27 21:38:51
Апасында эмне куноо,Ким баласын ооруткусу келсин.Кудайым шыпаасын берсин.
+1
aimai
2018-01-28 01:14:21
enesinin karangiligi akchanin joktugu baikush balani ushul abalga jetkizdi
+1
kutman-kg94
2018-01-28 13:03:27
Алла шыпасын берсин
0
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан