Жеңишбек Айтиев, ырчы, тамада: «УУЛУМДУ ӨЛТҮРГӨН БАЛАНЫН АТАСЫ ҮЙҮМӨ БАСТЫРЫП КИРГЕНДЕ ЧЫР ЧЫГЫП КЕТТИ»

2018-жылдын 12-январь күнү куудул, белгилүү тамада жана ырчы Жеңишбек Айтиевди Ош шаардык соту бейбаштыкка айыптап, шарттуу түрдө 1 жылга жазага тартты. Буга эмне себеп болду? Суроого төмөндөн жооп издеп көрөлү.

ЭСКЕ САЛСАК...
Эсиңиздерде болсо, 2016-жылдын 21-октябрында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1-Б үйүнүн алдында Жеңишбек Айтиевдин тун уулу, 12 жаштагы Туратбек Акпаралиевди 22 жаштагы кошунасы Нуржигит Анарбаев бир нече ирет бычак менен сайгылап салган. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Тергөө учурунда кылмышка шектүү «кошунамдын баласы тамагыма уу кошкону келатканда алдынан чыгып бычактап салдым» деп бул кадамга эмне себептен баргандыгы тууралуу көрсөтмө берген. Ал эми ошол учурда кылмышка шектүүнүн атасы уулунун психикалык оору менен жабыркай турганын айтып чыккан. Бирок Нуржигит Анарбаевдин акыл-эси жайында деп табылып, Ош шаардык соту аны өмүр бою эркинен ажыраткан.
Жогорудагы окуядан улам Жеңишбек мырза менен анын уулун өлтүргөн жарандын атасы Калмамат Анарбаевдин ортосунда өткөн жылдын октябрь айында чыр чыгып, аягы сотко чейин жеткен.

«БАЛДАРЫМ ЧЫРКЫРАП ЫЙЛАГАНДА ЧЫДАБАЙ КЕТТИМ»
Окуя тууралуу Жеңишбек Айтиевдин өз оозунан угалы деп ага байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:
-2017-жылдын 1-октябрь күнү уулум Туратбекти өлтүргөн зөөкүрдүн атасы Калмамат Анарбаев аялынын айылдаштарын ээрчитип үйгө келип алыптыр. Ата журту, туугандары акылдуу окшойт, келбептир. Арасында Алайдагы мечиттердин бириндеги 1 имам бар. Уулумдун жылдыгына даярданып жатканбыз. Аялыма «кетип калышсын, ачуу үстүндө бир нерсе болуп кетпесин» дедим. Аялым аларга «Жеңишбектин маанайы жок, кетип калыңыздар. Сүйлөшө турган болсоңор жылдыктан кийин деле сүйлөшүңүздөр, азыр сүйлөшкүсү келбей жатат» деп 3 жолу эскертти. Алар «биз кетпейбиз, кирип сүйлөшөбүз» деп буттарын эшикке коюп алыптыр. Келинчегимдин күчү жетпей, тигилер түртүп эшикти ачып киришти. Балдарым да чыркырап ыйлап жибергенинен чыдабай кетип экинчи келбесин деп коркутуп коюу максатында Калмаматтын алаканына бычак шилтеп жибердим. Ал кыйкырган бойдон качып кеткен. Кошуналар да ошол маалда чыгышып, «Жеңишбектин кандай абалда жүргөнүн көрүп турасың, эмне келип жатасың?» дешип, Калмаматты уят сөздөр менен сөгүп, кууп жиберишкен. Башка эч нерсе болгон эмес. Эгерде мен анын ордунда болсом, колумду жулуп салса дагы «эх, аке, күйүтүң бар да» деп кайра кечирим сурап кетип калмакмын. Ал болсо барып арыз жазыптыр. Ооруканага деле жаткан жок, жеңил жараат алыптыр. Кудайдан коркпогон адам болсо ушул экен да. Жанагы алып келген имамы деле «сабыр кыл, сенин колуң канаса Жеңишбектин жүрөгү канап турат» деп айтышы керек эле.
Уулумду жоготкондон баштап ал өзүнүн уулун "акыл-эси жайында эмес" деп жазасын жеңилдетүүнүн камын көрдү. Буга чейин ал зөөкүр Орусияда иштеп жүргөн. Ойлонгон киши үчүн ал жакка деле кем акылдарды киргизбесе керек? Уулумду жоготкон окуядан кийин ал кошунамды көргөндө кыжырым келе берет. Балдарым да аны көргөндө тим эле чыркырап ыйлашат. Кандай десем, жүрөктү сыгат да. Көрүнбөй калса да билинбейт эле. Кыскасы, менин жүрөгүм ыйлап жатканда атайын көзүмө көрүнүп, жиниме тийип жатты. Акылдуу болсо эбак көчүп кетиши керек эле.

«МЕН ЗӨӨКҮР ЭМЕСМИН, ЖАМАНДЫГЫМ ДЕЛЕ ЖОК»
-Сотто, Калмаматтын айтымында, ошол күнү менден кечирим сураганы келишкен экен. Бирок берки жанындагы адамдар, имам деле экөөнүн ортосунда чоң нерсе болуп жатса, азыр эмне чыгып кетет деп ойлонушу керек да. Эми эшигинин кармоочу сынып калса да мени сындырды деп сотто мага жалаа жаап жатат. Бети кантип чыдады билбейм. Мен анын эшигинин кармоочун көргөн деле эмесмин. Эшик эмес, оюма эч нерсе келбей турган мезгил. «Үйүмдү сатып кетишим керек эле. Мени коркутуп жатат, мен үйүмө келе албай жүрөм» деп көрсөтмө берип жатат. Мунун баары жалган. Үйүнө келип эле, беймарал жүрөт. Тирүүлүктүн иши токтобойт экен, 5 баланы багыш керек. Уулумдун кыркылыгы өткөндөн кийин жүрөгүмдү сыгып отура бербестен алаксыйын деп гастролго чыгып кеткем. Ошондон кийин да көп эле жолу гастролго кетип жатканда кошуналарыма «мен мынча күнгө кетип жатам, Калмамат үйүн сатсын же жүктөрүн алып көчүп кетсин» деп атайын айтып кетем. Себеби аны көрүп балдарым ыйлаганда мен чыдабай калам. Милдет эмес, бирок Кудайдын ыраазычылыгы үчүн керек болсо аларга тойдон келе жатып «ооз тийип коюңуз» деп баштыктарымды таштап өтчү элем. Үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатканда уста көрдү кылып тамак-аш көтөрүп алып барчу элем. Мен зөөкүр эмесмин, жамандыгым деле жок. Тиги дүйнөнү, балдарымды ойлойм. Эң негизгиси, Калмамат мага көрүнбөй эле коюшу керек. Ага айтарым, бул дүйнө менен эле чектелип калбайбыз, аркы дүйнөдөн эсептешчү күн келет.
Сот «жабырлануучу жеңил жаракат алган» деп мени 1 жылга шарттуу кести. Менин жактоочум деле «Жеңишбектин үйүнө бастырып киришти» дегендерди айтты, ал жактары да эске алынды окшойт. Сотторго эч кандай дооматым жок. Алар мыйзамдын чегинде иш алып барышты.

«АЙЫПТАЛУУЧУГА 1 ЖЫЛДЫК СЫНАК МӨӨНӨТҮ БЕЛГИЛЕНГЕН»
Ош облустук сотунун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов окуя тууралуу буларга токтолду:
-2018-жылдын 12-январь күнү Ош шаардык соту айыпталуучу Жеңишбек Айтиевди Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (курал колдонуу же курал-жарак, болбосо курал катары пайдалануучу нерселерди колдоном деп коркутуу менен коштолгон бейбаштык) менен күнөөлүү деп таап, аны 4 жылга күчөтүлгөн тартипте абакка камоо өкүмүн чыгарган. Бирок ушул эле кодекстин 63-беренесинин (шарттуу кесүү) негизинде жеңилдиктер каралып, жаза шарттуу деп алмашып, 1 жылдык сынак мөөнөтү белгиленген. Ага ылайык, айыпталуучу жазаларды аткаруу инспекциясынын макулдугусуз 1 жыл аралыгында жашаган жерин өзгөртпөөсү, мезгил-мезгили менен каттоодон өтүп туруусу милдеттендирилген. Эгерде сот жүктөгөн милдеттерди так, убагында аткарса өкүм аткарылбайт. Ал эми жабырлануучу тарап айыпталуучунун үйүнө бастырып кирүүсү боюнча тергөө учурунда каралыш керек эле. Эгерде андай болгону анык болсо, айыпталуучу тиешелүү органдарга, прокуратурага кайрылышы керек.
Жеңишбек Айтиевдин алгач уулун жоготуп, эми өзү да жоопко тартылганын адилетсиздик деп баалагандар аз эмес. Бир топ маданият өкүлдөрү Жеңишбек мырзаны колдоп, кошунасы Калмамат Анарбаевдин дарегине сын айтып социалдык тармактардан жазып чыгышты.

"Туратбегимди жоготкондон бери кошунамды көргөндө кыжырым келе берет. Балдарым да аны көргөндө тим эле чыркырап ыйлашат".


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
nur1975
2018-01-24 13:42:08
кудайым сабр берсин Жениш байкеге
+1
Malik92
2018-01-24 15:45:05
Кеткен келет-Кетменделген келбейт дешетко.Атасы чуркап соттордун оздоруна май салып койсо,бир-эки жылда амнистияга илинет.Женищбеке сабыр тилейбиз.Ото окунучтуу.
+2
Shokoladka94
2018-01-24 15:50:00
Сабыр берсин! Калмаматтын кайра Бет тырмаарлык кылып жатканы эмнеси, уятсыз, Кудай кечирбесин сени!
+2
jazgul19802612
2018-01-24 20:25:22
Калган балдарыныздын омурун берсин бул да сизге бир сыноо болуптур
+2
mimika
2018-01-25 00:47:55
Калмамат кудай жазаанды берсин
+1
Benazir08
2018-01-25 02:00:12
Женишбек аке Алайдын кайсыл имамы экен? Айтым коюнчу личкага. Андай бузуку имамды биздин эл оной эле жолго салып коет. Алай элинде бузукулар аз болчу эле оной эле тарбиялап коебуз. Сизге сабыр. Канга кан кылышынар керек эле жаш чырпык жок болду. Бейишин берсин калган балдарыныздын омуру узуун болсун уй булонузго бакыт ишинизге ийгилик ака.
+6
nur007mir009kg
2018-01-26 10:24:09
Benazir08,
Мага да кызык болуп жатат. Алайдын кайсыл айылынын имамы экен. Билсең айтып койчу кайсыл айылдын имамы.
+2
lazygirl
2018-01-25 04:30:13
Ардайым балаңызга дуа кылам. Эмнегедир эч эсимен кетпейт (
+1
insan2013
2018-01-25 11:13:30
Сабырдуулук берсин кудайым эне атадан баланы айрыбасын.
+1
nurhan2702
2018-01-25 13:11:21
Ал Калмамат деген ХХХХХХ ХХХХХХ Жениш байке, сизге сабыр. Абалынызга биякта туруп ыйлагым келди
+1
barakcha
2018-01-25 16:34:21
Женишбек байкеге сабыр!Бирок,ал олтургон бала деле татыктуу жазасын алыптыр.Эмнеге кочуп кет деп талап кыласыз?Кочуп кет деп айтыш оной,бирок иш жузундо материалдык жана моралдык жактан эн эле оор.Канкор жазасын алгандан кийин анын атасына асыла бергениниз болбойт!Ошондой эле ал айылда жашаш сизге кыйын болуп атса озунуз ойлонуп корбойсузбу кочушту?!
0
Elitta
2018-01-27 14:48:40
barakcha,Жомок айтпачы...! Кылмыштуу семия бети болсо оздору кочуп кетиши керек кайсы бети мн дагыда Женишбеке сасед бп жашайт?
+1
barakcha
2018-01-27 23:27:24
Elitta,Кылмышты Калмамат жасаган жок,баласы жасады.И ошого жараша татыктуу жазасын алыптыр!Жон эле дардандай бергендин кереги жок!Кочуп кет дешке акысы жок!Баардык нерсени бир гана сабыр менен жениш керек!
-2
barakcha
2018-01-28 15:07:21
Elitta,Анда Калмамат менен Женишбектин ортосуна от жаккандын ордуна ынтымакка чакырбайсынарбы?Экоо куйуттун айынан бири-бирин сайып,бироо о дуйного а бироо турмого отуруп калса силерге жакшыбы?Ошондуктан сабырдуу болуш керек!Кекти Кудайым каапырга берген.Кекчил болбош керек!
0
islan_85
2018-01-28 07:55:29
barakcha,
озу бир был ичинде жашаган жерин алмаштырбоо деген соттун чечими бар да
0
Dastanke2014
2018-01-25 22:26:12
Калмамат кандай Адам. Андан алган уулунун тарбиясын элестетип койдум. Сабыр тилейм баарына
+2
zhongdina55
2018-01-27 00:18:50
Сабырдуу болунуз!Женишбек байке и жене!((( Сиздердин башынарга тушкон кайгыны душманыма каалабайм !Ооо кудайым мындай кайгы эч кимдин башына тушпосун! Кудайым балдарыбызга узак омур берсин !амин !
+2
Kusalyk
2018-01-27 22:42:20
Аллахым сабыр берсин...
+2
dobrajelatel
2018-01-28 17:01:44
Жаш наристесинен айрылып олтурса, дагы бастырып кирсе. Баланын куйутун салбасын эч кимге. Соттор качан адилет чечим чыгарат?
0
nazira...
2018-01-29 08:36:21
Кочуп кетип кал башка жакка, туугандарынын жанына.
0
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан