Сооронбай Жээнбеков: «АЙМАКТАРДЫ КАНТИП ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ЖАКШЫ БИЛЕМ»

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту. Жолугушууда президент 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганынын негизги себептерин айтып берди. Бул жылдын жогорудагыдай аталышынын негизги себебин президент өзү өкмөттү жетектеп турганда кабыл алынган аймактарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу катары түшүндүрдү. «Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Негизги көйгөйлөр – таза суунун, мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык систем, начар жолдор, сапатсыз тейлөө»,- деди өлкө башчы. Жолугушууда бир калыпта өнүгүү үчүн бюджеттик, гранттык жана кредиттик жардамдарды өлкөнүн бардык аймагына бирдей бөлүштүрүү керектиги айтылды. Ошондой эле Жээнбеков парламент менен өкмөткө тыгыз байланышта иштөөнү сунуштады.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан