Акылбек Жапаров: «СТУДЕНТТЕРГЕ ЛЕКЦИЯ ОКУСАМ ДА КҮНҮМ ӨТӨТ»

Оомал-төкмөл дүнүйө

6-7-апрелдеги Талас окуясынан кийин 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров туурасында көп имиштер айтылды. Бири "койлордун арасына байлап коюптур" десе, экинчиси "кулагын көзөп, бирка салыптыр" деп жатышты... Өткөн күндөргө Акылбек мырза мындайча кайрылды.

– 6-апрелде кимдин буйругу астында Таласка барган элеңиз?
– Премьер-министрдин буйругу, президенттин макулдугу менен 6-апрелде кечинде жардамчым менен бардым. Кырдаал аябай оорлоп калган экен. Эл дүрбөлөң түшүп, губернаторду барымтага алып, об­лус­тук администрацияны басып алыптыр. Мени Айыл чарба министри Искендер Айдаралиев кызматкерлери менен тосуп алды. Биз аэропорттон түз эле облустук ИИБге барып түштүк. Кырдаалды тынчытуу максатында Болот Шерниязов баштаган оппозиция лидерлери менен эки саатка чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Тилекке каршы, премьер-министр Данияр Үсөновдон “сүйлөшүү процесстеринин баарынан Акылбек Жапаров четтетилсин” деген буйрук келип, ал киши “тартипти башкаруу сиздин кызматыңызга тиешелүү эмес. Бул ишти мен өзүм моюнума алам” деди. Атайын кошуундун күчү менен губернаторду бошотуп, Шерниязовду кармап, Бишкекке алып кетишти.
– Сүйлөшүүлөргө аралаштырбай жатышса, сизди эмне максатта Таласка жиберишкен?
– Мен Таласка аттанарда эле ушул суроону тактагам. Анткени аймактар менен иштешүү менин милдетиме кирбейт эле. Өзүңөр билгендей, экономика тармагын тейлечүмүн. Мени “эл менен сүйлөшө аласың, түшүндүрүү иштерин жаса” деп президент өзү кийлигишип жөнөткөн. Кырдаал курчуп баратканын сезип, элдин талабын аткарууга ниеттенгендигим үчүн сүйлөшүүлөрдөн четтетип салышты го дейм.
6-апрелде эл менен орган кызматкерлеринин ортосундагы кагылышууда оор жаракат алгандар көп болду. 7-апрелде эртең менен Данияр Токтогуловичке телефондон: “Тынчтык жолу менен бүтүрөлү. Болбосо, кырдаал оорлоп кеткени турат”,- десем: “Биз чечим кабыл алдык. Түнү менен Атамбаевди, Текебаевди камадык. Алардын алды “төңкөрүш жасаганга даярданып жатканбыз” деген көрсөтмө бере баштады. Мен сизге дагы бир жолу айтам, орган кызматкерлери тартип орнотмоюнча, эч нерсеге кийлигишпеңиз”,- деп кесе айтты. Ал күнү Айыл чарба министри менен ооруканага бардык. 35 милиция кызматкери, 13 катардагы жаран жаракат алыптыр. Алардын төрт-бешөө оор абалда экен.
Оорулууларды кө­рүп жүргөнүбүздө “ИИБге Ички иштер министри Конгантиев атайын кошуун менен келди” дегенди уктук. Биз барып, ал кишинин жанында жүрдүк.Аңгыча удургуган эл биз отурган ИИБге кирип келди.
– Ошондо сиз диктофондогу Данияр Үсөнов экөөңөрдүн сүй­лөш­көнүңөрдү элге угузуп, “мен си­лер­дин таламыңарды талашсам, Үсөнов укпай койду” деп аман калыптырсыз го...
– Аны мен өзүм жаздырган эмесмин. Кимдер жаздырып алганын деле билбейм. Кийин аны кассетага түшүрүп, жардамчыларыма алып келип беришти. Чынында, записти уктуруп эмес, мени тааныгандардын жардамы менен аман калдым. Бирин-бири укпаган эл топурап кирип келсе, "жашоо менен коштошуу бат эле турбайбы..." деп оюмдун баары жамандыкка кетти. Бирок жакшы адамдар Искендер Айдаралиевди бир жакка, мени бир жакка алып кетишти. Ал эми Молдомуса Конгантиев: “ИИБ – атайын объект. Ичинде согуштук октору менен автоматтар бар. Алар элге тарап кетпеши үчүн кайтарышым керек”,- деп коргоо чараларын көрүп калды.
Ошентип, мени тааныгандар ИИБдин эле жанындагы бир келиндин эки кабаттуу үйүнө “азыр машина келсе, чыгарып кетебиз” деп алып киришти. Кирип баратканымды көрүп калышыптыр. Милиция кызматкерлеринин өз элине кылган мамилесине жинденген жаш балдар “кана Жапаров?!” деп мен отурган үйгө жетип келишти. “Мына мен Жапаровмун” деп элге мага окшош Рахат деген иним чыкты. Аны тургандар ур-токмокко алып жиберишти. Мени болсо ошол учурда башка эшиктен машинага салып качырып кетишти. Инимди канжалата сабап салышкандан улам эл арасына “Жапаровдун бир көзү оюлуп калды” деген имиштер тарап кетти. Иним олбурлуу эле, муну бирөөсү байкап калып, “бул Жапаров эмес экен” деп Рахатты коё беришиптир.
– Айрымдардан “эл инисин эмес, өзүн сабашкан. Жапаров айткандан уялып жатат” деп уктук эле...
– Кудай колдойт десе колдойт окшойт. Бир жылдан бери такай жума намазга барып жүрөм. Мени тегеректеген он чакты бала дагы намаз окушат экен. Мага бирөөнүн да колу тийген жок. Болгон нерсени болгон деп эле айтыш керек да. Мени эмес, инимди сабашкан. Рахат Ички иштер министрлигинин курулуш бирикмесин жетектечү. Таласка кеткенимди жана ал жактагы кырдаалдын курч экенин угуп, түнү менен артымдан барып калыптыр.
Эки кабаттуу үйдөн чыккандан кийин шаардын четиндеги бир фермердин үйүнө алып келишти. Мени калкалап, “байкелеп” жүргөн балдар жардамчыларым же жакын тааныштарым деле эмес. Алар менен сүйлөшүп отурганда: “Сиз аткаруу бийлигинин бир бутагысыз. Жакшы эле иштеп жаттыңыз. Бирок “койлорго паспорт берем” дегениңиз чатак болду”,- дешти.
Менин качуумду уюштурган Талас элине ыраазымын. Бул жерде жердешчиликке алдырып, кочкорлуктар менен таластыктар же Конгантиевдин жердештери, майлы-сайлыктар “биздин баланы сабап коюшту” деп таластыктарга кек сактаганы туура эмес. Мени "дайынсыз кетти" деп угушкан нарындыктар ошол эле Таластагы кудаларым издеп, телефонумду тындырышкан жок. Тууганчылык, жердешчилик жакшы нерсе, бирок аны жаман максатта колдонуу – туура эмес.
Ошентип, 7-апрелден сегизине оогон түнү Шерниязов менен байланыштым. Ал киши “тагдырдын буйругу экен, Ички иштер министри болуп калдым. Борборго коркпой келе бер” деди. Борборго 8-апрелде келдим.
– 7-8-апрель күндөрү кесип­теш­териңиз Конгантиев жана Айдаралиев менен байланышып жаттыңызбы?
– Алар менен такыр байланыша албадым. Кийинчерээк Конгантиевдин катуу сабалганын, оор абалда экенин, ал эми Айдаралиев өзү таластык болгондуктан, эли аман сактап калганын уктум.
– Апрель окуясына өзүңүздү күнөөлүү деп эсептейсизби?
– Өкмөттүн мүчөсү болгондон кийин күнөөм бар. Аткаруу бийлигинин өзүнүн эрежелери болот. Оюңду айтасың, бирок токтом көпчүлүк менен кабыл алынып, аны аткарууга милдеттүүсүң. Улам бир премьер-ми­нистр алмашып жатып, тарифтер көтөрүлбөй келе берген. Тарифтерге жылына 20-30 тыйындан кошуп, пенсия, айлыкты да көтөрүп, экономиканын ыкмасы менен байкатпай жасап кетиш керек эле. Мен муну өкмөттүн чогулушунда айткам, бирок кабыл алынган жок. Дароо көтөрүп жиберүү сунушун энергетиктер алып чыгышты, Данияр Токтогулович колдоду.
– Учурда экс-чиновниктердин көбүнө “ишинен кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголуп жатпайбы. Сизге кысым болгон жокпу?
– Айрымдар “Жапаров кантип эле жебесин?..” деп мени каралоого аябай аракет кылышууда. Түздөн-түз “тигилер, булар менен аралашкан” же “мынча жеди” деген факт жок.
– "Ала-Тоо" совхозунда дача­ңыз бар турбайбы. "Андагы жыл­кыларын эл айдап чы­гып кетиптир" деген маалымат бар. Канча жылкыңыздан айрылдыңыз?
– Ал жерде менин эмес, Нурлан деген инимдин сарайы бар болчу. Төңкөрүш болорун сезип, ошол жердеги сарай ээлери менен бирге малын айдап чыгып кетиптир. Жоголгондору да бар экен. Эл көргөндү биз деле көрдүк.
– Жеке өзүңүздүн мүлкүңүзгө кол салуу болгон жокпу?
– Андай болгон жок. Бирок мындан 7-8 күн мурун келинчегимдин кеңсесинде өрт чыкты. Бул кокустукпу же атайын бирөө кылдыбы, изилденип жатат. Ушуну менен жамандыктын баары чыгып кетсин деп отурабыз.
– Кара-Жыгач жаңы конушунда жер басып отургандар “бул жер Жапаровго тиешелүү” деп жатышты...
– Кара-Жыгачта бир дагы сотых жерим жок.
– Жакынкы күндөрдөгү план­да­рыңыз кандай? Парламенттик Республика болсок, депутаттыкка барасызбы?
– Азыр Конституциянын кабыл алынышын күтүп жатам. Референдум тынчтык жолу менен аяктаса, анан келечек пландарды ойлонот элек. Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо боюнча докторлугумду жактагам. Ошонун тегерегинде студенттерге лекция окуюн деген оюм бар. Айтор, лекция окусам да күнүм өтөт. Мен 5 жыл ЖКнын депутаты болдум. Кочкор шайлоо округуна барганда “5 жылдык билимим бар, 10 жыл болсо жакшы болот эле...” деп депутаттык тажрыйбамды айтып күлүп калчумун. Андай мүмкүнчүлүк деле болуп калышы мүмкүн.
– Маегиңизге рахмат.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
amantur
2010-06-01 01:39:04
Астафиралла, пайгамбарыбыздын (САВ) атын толук билбейсин да Аллага ишенем дейсин. Сен эмес инин таяк жегенин айтып мактанасын, чыныгы эркек, куноосу барбы жокпу коркпостон эл алдына чыгат, анан сабак берем дейсин, оз инисин таякка айдап качып кеткен коркок эмнени уйротмок эле биздин жаштарга. "Тарифтерге жылына 20-30 тыйындан кошуп, пенсия, айлыкты да көтөрүп, экономиканын ыкмасы менен байкатпай жасап кетиш керек эле." Анан да тарифтерди эмнеге которосун, кантип элди алдаштын ж
0
Usubaly
2010-06-01 02:47:34
Акылбек мырзанын менин ордума иним таяк жеди деп жар салганы,эркектик эмес,адамдык сапатка да туура келбейт.Бийликтин даамын таткандан кийин,тузунан да даам татыш керек болчу.Албетте,эми лекция окубаса деле турмушу отот,себеби жыйып койгон байлыгы,жетинчи небересине чейин жетсе керек.
0
Debi
2010-06-01 13:57:21
Иниси азамат экен, жакшы болуп кетти бекен, жакшы эле болуп кетсин.
0
Debi
2010-06-01 14:00:09
куноом бар дегени да жакшы.
0
imperator
2010-06-02 00:46:13
Откондо Истанбулда Орто Азия мамлекеттеринин каржы министрлеринин конференциясы болуп отту.Ошондо айрымдары А.Жапаров жыйналыштарда унчукпай эле отура берет.Анча маалыматы деле жок дешти.Казактар укмуштай слайттарды корсотушту.Бизден келген болсо "звачка" чайнап журду.Докторлукту дуйно экономикасы менен жактагынызда кобуроок билимге ээ болмоксуз.Кыргызстандын экономикасы тар эле да.Жылдык кирешеси-10млрд доллар.Америкалыктар ит-мышыгына жылына 13млрд доллар каржашат.
0
bekjangold
2010-06-02 13:28:33
Кыздын кылыгы торкунуно маалым дегендей, Кочкордун эли да Жапаровду жаман корот!
0
kansuluu
2010-06-03 16:37:28
Андай эле-мындай эле деп айтуу оной, эми Акылбек Жапаровдун канчалык денгээлде куноосу бар аны жалгыз озу анан Кудай билет!Куноологон сон фактылар менен мойнуна коё билуу керек! Чындап Кудайдан корккон адам ак суйлойт, ак иштейт!Апрель окуялары бутундой Кыргыз элине, кийинки муундарга сабак болсо эле болгону!
0
shishka
2011-02-18 06:08:24
maly menen saraiy bir inisine jazylgan,bir kensesi jubaiynyn kensesi,keltek jegen bashka inisi.bul kishide ech nerse jok, daje bashka biroolor keltek jep beret eken orduna hahaha
0
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан