Премьер-министр Сапар Исаков 23-26-январь күндөрү Швейцариянын Давос шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты. Маалымат боюнча форум алкагында Сапар Исаковдун бир катар мамлекет башчылары менен жеке жолугушуулары пландалган. Аталган экономикалык иш-чарага 60тан ашык өлкөнүн президенттери жана премьер-министрлери, ошондой эле жүздөгөн эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат.
Аталган форум 1971-жылы негизделип, жыл сайын Давос шаарында өткөрүлөт. Ага дүйнөнүн 1000ге чукул ири компания, уюмдары мүчө. Жыл сайын форумга көрүнүктүү саясатчылар, бизнесмендер, ойчулдар жана журналисттер чакырылат. Анда саламаттыкты сактоо, жаратылышты коргоо сыяктуу маанилүү дүйнөлүк көйгөйлөр талкууланат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg