Кыргыз өкмөтү "Air Manas", "Avia Traffic Company" жана "Tez Jet" авиакомпаниялары менен келишимге келди. Ага ылайык, аба ырайы кескин өзгөрөрү жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү жасаган учурда Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамына билеттин баасы 27 пайызга арзандайт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. «Өзгөчө кырдаал учурунда Бишкек-Ош-Бишкек авиакаттамдарынын бир тарапка учууга баасы 27 пайызга арзандатылып, 2700 сомго чейин сатылат. Аба ырайы турукташкандан кийин баалар кайра калыбына келтирилет»,- деп айтылат маалыматта.
Калың жааган кардан улам Бишкек-Ош унаа жолу жабылып, миңдеген автоунаалар жарым жолдо калып, жарандарга ыңгайсыздык жаралган учурлар болуп келет. Ал эми таксинин ордуна учакты пайдалануу жарандарга кымбатка түшүп жатканын буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары да айтып чыгышкан. Айтылган сындардан кийин премьер-министр Сапар Исаков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго авиакаттамдарда бааны арзандатуу боюнча тапшырма берген эле.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg