КЫРГЫЗДА КЕДЕЙЛЕР 2 ЭСЕ КЫСКАРДЫ

Кыргыз өлкөсүндө калктын жакырчылык деңгээли 26 жылда 2 эсе кыскарды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Европа аймагы жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллер 16-январда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда айтты. Мюллер бул көрсөткүч Дүйнөлүк банктын негизги максаттарына туура келерин билдирип, алдыда дагы кызматташуунун узак мөөнөтү турганын кошумчалады. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүнүн негизги өнөктөшү болуп келгенин айтып, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң колдоолорду көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жылында» эки тараптуу бир топ долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сүйлөшүү жүрдү. Мындан ары чакан жана орто ишкерликке көп көңүл бурулары жана бул менен сырткы миграцияны азайтуу максаты коюлганы айтылды.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк банк 2014-жылы Кыргыз өлкөсүн жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгарган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан