БИР БҮРКҮМ. 2017-жылы Кыргызда 12 жаран жынысын өзгөрткөн...
Өлкөдө жыл сайын пенсионерлердин саны орточо 10-20 миңге өсүп турат. 2018-жылдын 1-январына карата алардын саны 630 миңди түздү. Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров учурда ЭҢ АЗ ПЕНСИЯ КӨЛӨМҮ 1800 СОМ деп билдирди.
«ТҮНДҮК ЭЛЕКТР» ишканасы 2017-жылы колдонулган 5,9 миллиард киловатт-саат (7,59 миллиард сом) электр энергиясынын 99,5 пайызынын акчасын жыйнап бүттү.
КЫТАЙ-КЫРГЫЗ-ӨЗБЕКСТАН темир жолун куруу боюнча каржылык сүйлөшүүлөр 2018-жылдын апрель айынан башталат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
2018-жылы 1-январдан тарта Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна ТООДО ЭС АЛЫП ЖҮРҮП ЖАРАКАТ АЛГАН 207 жаран кайрылган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фискалдык саясатынын базар экономикасынын шартындагы социалдык-экономикалык натыйжалуулугу" деген аталыштагы доктордук диссертация жазып, сапаты начар деген негиз менен иши жараксыз деп табылды.
2017-жылы өкмөттүн аппаратына ЖАРАНДАРДАН 7 837 кайрылуу келип түшкөн.
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен ары-бери өткөндөрдүн саны эки эсе көбөйдү. Мисалы, Оштогу «Достук» бекетинен каттагандардын саны суткасына 7 миңге жетти. Мурда 2-3 миңди түзчү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК алуу үчүн сынак тапшыруунун жүрүшүн онлайн – түз көрсөтүү режими киргизилди. Өлкөдө бир жылда орточо 100 миңге чукул айдоочулук күбөлүк берилет.
2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө 12 жаран өз каалоосу менен ЖЫНЫСЫН ӨЗГӨРТКӨН. Бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан ырасташты.
Кыргыз жеринде 2017-жылдын январь-ноябрь айларында АЙЫЛ ЧАРБА азыктарын өндүрүү 2,4 пайызга өскөн.
Жалал-Абад облусунда 2017-жылы катталган КЫЛМЫШТАРДЫН 90,1 пайызынын бети ачылганы маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.