Маркумдун атасы: «КҮЙӨӨ БАЛАМ КЫЗЫМДЫ ӨЛТҮРҮП, КОРООДОГУ БАККА ТАШТАП САЛЫПТЫР»

2017-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Жол-Колот айылындагы Бакаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосундагы алма багынан жансыз аялдын денеси табылган. Бакка алма терүү үчүн кирген эки жаш кыз көгөрүп, жыттана баштаган жансыз денени көрүп үйүнө айтып келишкен. Кошуна-колоңдор чогулуп өз кезегинде милицияга кабарлашкан.

«КЫЗЫМДЫН СӨӨГҮ ЖОЛДОШУНУН ҮЙҮНДӨГҮ БАКТАН ТАБЫЛДЫ»
Жээнбай Букаров кызынын өлүмүн иликтөөдө ишти бурмалоо аракеттери болуп жатканын айтат:
- Кызым Нургүл 1975-жылы туулган. 1991-жылы Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургунуна турмушка чыккан. Күйөө балам ичип келип, кол көтөрө бергендиктен чыдабай 1993-жылы ажырашып кетишкен. Ортосунда бир кызы бар. Кызым ажырашкан соң Орусияга кетип, көп жыл иштеп калды. 2017-жылдын февраль айында Нургүлдүн кызы турмушка чыкты. Мен Нургүлдү тойго даярданууга чакырдым. Ал апрель айында Бишкекке келип, мурунку жолдошу менен 3-4 жолу жолугушкан экен. Апасы «күйөө балам ичкилик ичпей калыптыр» дегенинен ичимден жарашса жарашып алышсын деп ойлогом.
Биз тойду август айында өткөрдүк, тойдон кийин Нургүл «кызымдын атасына тойлук берип келейин» деп баштыктарын көтөрүп жолдошунун үйүнө кеткен. 29-август күнү бизге телефон чалып, «Сапат экөөбүз жарашмай болдук, үйгө барып кетебиз» деп айткан. 5-сентябрь күнү уулумдун телефонуна «менде баары жакшы, сарсанаа болбогула» деп билдирүү жазып коюптур. Ошондон кийин телефону иштебей калды. Уулумду 5-сентябрь күнү «эжеңден кабар алып кел» деп айылына жибердим. Ал барып күйөө балага жолукса «Нургүл бир күн эле үйгө түнөп, эртеси курбусуна кеткен» дептир.
Биз келип калар деп 2 күн күттүк. Дайынсыз болгонунан арыз жазалы деп 9-сентябрда милицияга барып, кызымдын сөөгү күйөө баланын багынан табылганын уктук. Кызымдын сөөгүн көргөндө эле киши колдуу болгону анын денесиндеги көк ала тактарынан билинип турду. Биринчи жасалган экспертизадан «Денеде кан жок, көпкө жатып калган. Моюнундагы тактар муунтулгандан улам болушу мүмкүн, бирок ошондо өлбөй калгандыктан кара куш мээге чапканда баштын сөөгү сынып, ал мээге кирип кеткен да, жан берген» деген корутунду чыкты.

«КЫЛМЫШТЫ БУРМАЛАП, ЖААП-ЖАШЫРУУГА АРАКЕТ КЫЛЫШУУДА»
- Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери күйөө баланын жаткан бөлмөсүнөн кан болгон жаздык, жууркан жана шейшептерди далил катары алышкан. Кийин ал кан кызыма тийиштүү экендиги экспертизадан аныкталды. Менин оюмча, кызымды муунтуп, анан башка чапкан окшойт. Күйөө бала өзү эч жерде иштебеген, арак ичип жүргөн эле адам. Ал 9-сентябрда эле кармалган болчу, бирок эртеси күнү Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруучу бөлүмүнө жатып калганы таң калтырат. Кармалган учурда тергөөчүлөргө «Нургүл 5-сентябрь күнү баштыктарын алып «курбумдукуна кеттим» деп чыгып кеткен боюнча көргөн жокмун» дептир. Кийин дагы ар нерсени айтып, өлтүргөнүн моюнга албай жүрдү. 8-сентябрь күнү ал кызымдын Самсунг үлгүсүндөгү телефонун бирөөгө 3 миң сомго сатып жибериптир.
Күйөө баланын туугандарынын тийиштүү жактарда тааныш-билиштери бар окшойт, болушунча кылмышты бурмалоонун, жаап-жашыруунун жолун издешүүдө. Себеби химиялык экспертизадан күйөө баланын туугандары кызымдын канында 3,79 пайыз спирт ичимдиги болгон деген жыйынтык чыгарып келишиптир. Башкача айтканда, кызымды арак ичип өлгөн деп жатышат. Жакында иш Ак-Суу райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 3 жолу сот процесси болду, анан сот «иш чала тергелген» деп кайра тергөөгө жөнөттү.

«БЕТИ КӨГӨРҮП, ЖАМАН ЖЫТТАНА БАШТАПТЫР»
Маркумдун сөөгүн алма терип алуу үчүн киришкен эки окуучу кыз таап алган. Алардын бири тергөөдө төмөнкүчө көрсөтмө берген:
- 2017-жылдын 2-сентябрь күнү үйдө эжемдер, байкем болуп чай ичип отурсак, болжол менен кечки саат 9дар чамасында үйгө кошуна Сапат байке келди, жанында бир аял бар экен. Сапат байке кызуу, ал аял соо болчу. Эжемдер алар менен чай ичкен бөлмөгө кирип кетишти, биз жатып алдык. 2017-жылдын 9-сентябрында саат 17:00 чамасында кошуна Гүлгаакы апанын үйүнө чай сурап барып, анан алма терип алуу үчүн багына кирдик. Аделина экөөбүз алма терип жатып чөптүн арасында бир аял киши жатканын көрдүк. Ким экен деп жакын барып карасак, анын бети көгөрүп кетиптир, анан дагы жаман жыт жыттана баштагандан биз коркуп кетип, аны үйдөгү апама айтып бердик.

«АЯШЫҢ ӨЛҮП КАЛЫПТЫР, ЫРГЫТЫП КЕЛЕЛИЧИ»
Акылбек аттуу дагы бир күбө тергөөдө досу өлүктү ыргытып салууга жардамдашууну суранганын мындайча айтып берген:
- Мен дүкөндөн 200 грамм арак куйдуруп ичип чыктым. Сыртта турсам Сапат чакырды. Барсам ар кандай сөздөрдү сүйлөп жатты, мен түшүнгөн жокмун. Дүкөндүн жарыгы анын бетине тийип тургандыктан өңү башкача болуп боз ала болуп калыптыр. Анан эле Сапат мага «аяшың өлүп калыптыр, облустук оорукананын жанына алып барып ыргытып жибереличи» деп айтты. Мен жаман оюм жок «дөөрүбөчү, эмнени айтып жатасың?» деп кетип калгам. Үйгө барып тамак ичип жатып алып, эртеси тоого мал караганы кеткем.

«ТЕРГӨӨ КАЙРАДАН ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ»
Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов аталган окуя боюнча мындайча маалымат берди:
- Аталган окуя боюнча Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургундары тарабынан билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу короодогу алма бактын ичинен аял кишинин жансыз денесин табышкан. Ал 1975-жылы туулган Нургүл Жээнбаева экени аныкталып, анын өлүмүнө шектүү катары ажырашып кеткен, бирок акыркы күндөрү чогуу жашап жаткан Ж.С. аттуу жолдошу кармалган. Ак-Суу РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү тергөөдө ортодо чыккан чыр-чатактан улам катуу нерсе менен маркумду башына 2 жолу чаап салганын айткан. Тергөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүүнүн күнөөсү далилденип, кылмыш иши Ак-Суу райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бирок кылмыш иши кайра кайтарылып, учурда кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
salimbek87.kg
2018-01-30 09:33:45
Эх атың өчкүр арак бүт жаман иштин башында турат.Толук жазалансын .
+15
Aikan1966
2018-01-30 10:16:02
Ата -энесинин ыраазычылыгы менен куйоосу келип кыздын колун сураганда жонотоушсо болмок,мейли ажал айдап жатса,жаткан жери жайлуу болсун,уй булоосуно сабырдуулук тилейм.
-1
Dalil
2018-01-30 10:26:19
Атасынын катасы динден кабары жоктугу. 15 жыл мурда ажырашкан эрине кантип жалгыз жөнөтөт. Кайрадан нике кыйса да эркек менен аялдын жакын туугандарынын күбө болуусу менен өтөт нике. Чындык ачуу болот катуу айтканым үчүн кечиресиз. Сабр тилейм.
+21
Eli.91
2018-01-30 13:09:27
Dalil
Кудай баарына нысап берсин,ал жактыктыр никеге турууну эле билбесе?молодого нике кыйдырууну коп деле Биле беришбейт?гусул эмне экенин билбейт алар?айтсан молдонун айтканын ук кылганын кылба деген деп женип коюшат,бут Таластан бери жагы ушундай?гусул эмне экенин билишбейт.
-3
Luna15
2018-01-30 20:07:12
Eli.91,катуу айттынго гусул не экенин билбейт деп,кудайга шугур шарияттын бардык жол жобосун билип эле жашап келетабыз,ар бир жерде жакшы адам ,жаман адам болот же силер жакта барынар аябай кой оозунан чоп албаган момун мечиттен чыкпаган молдо болуп кеттинерби?Москвада чогуу жашап журуп олтуруптур антиптир минтиптир деген кыргыздардын кобу сиздин жердештериниз керек болсо
+4
Tyty1990
2018-01-30 10:49:12
Арактын кесепети
+1
guli-1980
2018-01-30 12:14:53
16 жашында эле куйоого тийген турбайбы. Ажырашканына 24 жыл болуптур. Ошончо убакыттан кийин жарашыштын кереги бар беле
+6
pero123
2018-01-31 00:53:56
сот бумалай берсе ХХХХХХ ХХХХХХХХ соттолот ашып кетсе 5 жыл отурат.амбиция деп акча менен чыгып кетет да жашай берет а өлгөнчү ал жок?!ХХХХХХХХХ
-1
liitle_princess95
2018-01-31 08:45:08
Доказательства,улики,матив, свидетели прям все есть, чего ждете? Сажать надо этого ХХХХ
+8
admin_media
2018-01-31 12:26:57
liitle_princess95, провокация жараткан билдирүүлөрду жазууга тыюу салынат!
0
Aitik
2018-02-01 09:52:49
Ээ эмне дейсиңер..
Менин айылымда адам өлтүргөндөр тирүү жүрөт
0
nargiza1986
2018-02-01 17:04:33
Эмнеге сразу эле уйун бактарын издеген эмес милиция соройлор. Эмнеге жаш кыздар тапкан? Эх байкуш аялдар башында болбогон аягына чейин болбойт. Бекер жарашкан экен.
0
aika.ainur1992
2018-02-03 21:24:46
Байкуш аял билбесе керек андай болорун. Билсе, бармак эмес. Бирок, тан калып атам: куйосу омур бою эле ичип жургонун билсе, ушунча жылдан бери чогуу жашабаса, эмнеге анын уйуно жалгыз барат? 2 жыл куйосу мн жашап сабак болгон эмесго.
-1
Shahrizaada
2018-02-04 13:07:49
Жаткан жери жайлуу болсун. Куйоосу ичпей калгам деп по нерселерди айтса эже да ишенгенда бечара.
0
№ 795, 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан