Ырчы жана продюсер Ислам Сатаров чет өлкөнүн белгилүү аткаруучуларын Кыргызстанга ар түрдүү кечелерге чакыруу менен да алектенет. Акыркы бир жылдын ичинде өлкөбүзгө келген Юлдуз Усманова, Араш, Фарух Закиров, “Бандэрос” тобу сыяктуу ырчы-бийчилердин койгон шарттары жана алган гонорарлары жөнүндө маек курдук.
– Ислам, алгач шоу-бизнес дүйнөсүнө кандайча аралашып калганың жөнүндө айтып берсең...
– Мен мектеп курагымда эле шоу дүйнөсүнө кызыгып жүрчүмүн. Кичинекейимде фантазиям күчтүү болгондуктан, “космонавт” деп коюшчу. Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Көлтөр орто мектебинде 8-класска чейин окудум. Кийин Балыкчы шаарына келип, араб тилинен кошумча сабак алдым. Бул аралыкта биздин өлкөгө келген өзбек ишкерлери менен таанышып калып, аларга туристтик гид да болор элем. Кийин алар Өзбекстанга чогуу кетүүнү сунушташты. Ошентип, алты жыл бою Ташкент шаарында жашагам.
– Ушунча жыл бою Өзбекстанда эмне менен алектенип жүрдүң?
– Ал жакта окуп да, иштеп да жүрдүм. Алишер Навои академиясында үн режиссёрлук жана актёрлук чеберчилик курстарын аяктадым. Билим алуудан сырткары ресторанда ашпозчуга жардамчы болуп жана кондитердик цехте да иштечүмүн. Шоу-бизнеске болгон кызыгуум Өзбекстанда көбүрөөк өөрчүдү. Кызыгы, Юлдуз Усманова деген ырчынын өзүн көрө электен мурун аны Жылдыз Осмоналиева деп жүрүпмүн. Ташкентте жүрүп өзүмчө “биздин ырчы Өзбекстанда популярдуу экен” деп таң калып койгом. Бирок кийин концерттен аны көрүп калып, башка ырчы экенин ошондо билгем. Өзбекстанда үч жыл жашаган соң бактылуу кокустук аркылуу бир кафеде Усманованын аранжировкачысы менен таанышып, ырчынын концерттерине жардам көрсөтүп жүрүп, аны менен тааныш болуп калгам.
– Айтсаң, өзбек шоу-бизнеси биздикинен эмнеси менен айырмаланат?
– Алардагы шоу-бизнестин мыйзамы өтө татаал. Өзбекстандагы ырчы бир жылдын ичинде мамлекетке жок дегенде 1 миллион сум салык төлөйт. Андан сырткары атайын лицензиясы жок болсо, тойдо ырдай албайт. Ал эми бизде болсо, шоуга шарттар аябай жеңил, бирок бизнес жок. Өзүм, негизи, 2006-жылдан бери Кыргызстандагы шоу дүйнөгө олуттуу аралаша баштадым. Спорт Ордосунда биздин ырчылар концерт коюшса, 3-4 миң доллар каражат сарпташат. Ушундан улам карызга баткандары да бар. Ошондуктан бизнес болушу үчүн өкмөт тараптан ырчыларга кандайдыр бир жеңилдик каралса жакшы болмок. Дагы бир жагдай, биздин өлкөдө Юлдуз Усманова же Алла Пугачёвага окшогон ырчыларды бириктирип турган лидер ырчыбыз жок.
– Продюсерликтен тышкары чет жердеги ырчыларды Кыргызстанга чакыруу менен алектенет экенсиң. Сен аркылуу кайсы ырчылар биздин өлкөдө болгон?
– Былтыркы жылы ноябрь айында кыргызстандык, бирок чет жерде жашаган бир белгилүү адам “Хаяттын” ресторанында той өткөргөн. Мисалы, ошол салтанатка Араш, швециялык ырчы Ребекка, Юлдуз Усманова, “Ялла” жана “Бандэрос” тобу келип кетишкен. Баарына биригип гонорарына 300 миң евро төлөнгөн. Эгерде ар бирине токтолуп өтсөк, Араш менен Ребекка 1 саат, 10 мүнөттүк программасына 60 миң евро, Юлдуз Усманова 2 сааттык жандуу ырдаганы үчүн 15 миң евро, “Ялла” тобу 10 миң евро, “Бандэрос” тобу 50 миң евро алган. Ошондой эле тамадалыкка чакырылган шоумен Валдис Пельштин кызматы үчүн 5 миң евро төлөнгөн.
– Чет жерлик ырчылар менен сүйлөшүү оңойбу же биздин ырчылар мененби?
– Биздин анча-мынча ырчыларга караганда, чет жерлик белгилүү болуп калган ырчылардын көбү менен сүйлөшүү жеңил. Алар бой да көтөрүшпөйт. Кызыктуу жагдай, Араш келгенде эки күн бою тамак жебей бир гана быштак жеп, шире ичип жүрдү. Юлдуз Усманова тамак тандабайт экен. Ал эми “Бандэрос” тобунун ырчылары нан жебей жүрүшкөнү менен, сабиз салатты тынымсыз жеп, айран ичип жүрүштү.
– Жакын арада дагы чет жерлик ырчыларды чакыруу пландарың барбы?
– Азыркы учурда “Моранди” тобунун продюсери менен сүйлөшүп жатабыз. Гонорарын ойлогонубуздан арзан келиштик. Бир гана келип-кетүү чыгымы кымбат болуп жатат. Андан сырткары түркиялык ырчы Тарканды чакыралы деп жатабыз. Негизи, чет жерлик ырчыларды жеке концерт менен чакыруу оор.
– Анда кандай шарт менен келишим түзөсүң?
– Кыргызстанга Орусиядан, коңшу Казакстан же Өзбекстандан ырчылар келип, жеке концерт коюшкан. Бирок Европадан ырчылар келе элек. Бир жолу экс-президент К.Бакиевдин чакыруусу менен Ингрид гана келип кеткен. Өзүмдүн тажрыйбамдан айта турган болсом, мен Кыргызстандын кооз жаратылышын тарткан фотосүрөттөрдү жана видеороликтерди чет жерлик ырчылардын продюсерлерине жөнөтөм. Эгерде алар байланышка чыкса, Кыргызстандын жакшы кооз жайында эс алып кетүүсүн, ал эми анын ордуна ырчынын белгилүү бир убакытта ырдап берүүсүн сурайм.
– Маегиңе рахмат. Ишиңде ийгиликтер болсун.
Эльвира Караева
star@super.kg