Толук аты-жөнү – Абдышова Үмүтай Абдышовна
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, айы, күнү – 1991-жыл, 25-май
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, 1 уулдун энеси
Билими – 2013-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин адабият факультетин аяктаган
Учурда – Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин 4-курсунун студенти
Репертуарындагы ырлары – «Жылдар өтсүн арадан», «Бакытым», «Көздөгү сыр» жана башкалар
– Салам, Үмүтай. Чыгармачылыкка болгон шыгың кантип ойгонду эле?
–12 жашка чейин Тоң районунун Карл-Маркс деген айылында таене, таятамдын колунда өстүм. Андан соң Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында окудум. Музыка сабагынан берген мугалимим Асанбек Жартыбаев да көп нерсени үйрөттү. Аны менен катар Балыкчы шаардык балдар музыкалык мектебинде
5 жыл Максат Жунушакунов деген агайдан комуздан сабак алдым. Ушул кишилер мени райондук, шаардык, республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга алып барып, катыштырып, чыгармачылыкка болгон шыгымды ойготушту.
– Чоң сахнага чыгуу деле оңойго турбаса керек?
– Туура, ырчы болуу оңой эмес. Сахнага чыгуу үчүн талант, келбет керек. Формаңа, ыр жаздырууга каражат кетет. 2016-жылдан тарта чыгармачылыкка баш-отум менен кирише баштадым. Алгач интернеттен комуз менен ырдаган видеону Москва шаарында иштеген бир мекендешибиз көрүп жактырып, биринчи клибимди тарттырууга жардам кылган. Демөөрчүм деле жок, колумдан келген аракетим менен акырындан элге таанылып келатам. Той-топурларда, ар кандай иш-чараларда ырдайм, гастролдорго чыгып каражат табам. Комузду билгеним, элдик ырларды аткарганым да чыгармачылыгыма жардам берип келет. Апам Махабат Бейшееванын да сахнага чыгуума салымы чоң. Башында «олуттуу эле кесип тандабайсыңбы» деп ырчылыгымды анчалык колдогон эмес. Бирок менин чыгармачылыкка болгон көксөөмдү түшүнгөн соң колдой баштады. Азыр кийингенимден баштап келбетиме, ыр тандоомо чейин карап, кеңешин айтып турат. Каражат жагынан да жардамын аябайт. Андан тышкары уулумду да карап, менин чыгармачылыгыма шарт түзүп келет.
– Уулумду апам карайт деп калдың. Жолдошуң менен чогуу түтүн булатпайсыңбы?
– Жолдошум да чыгармачыл адам. Башында экөөбүз чогуу ырдап чыгалы деген жакшы тилектер бар эле. Тилекке каршы, түшүнбөстүктөрдөн улам эки айрылыш жолго түшкөнбүз. Ал азыр жаңыдан сахнага кадам таштап жатат. Уулумдун аты Алинур, 4 жарым жашта.
– Эл көзүндөгү адамдарды ар кандай кептер ээрчийт эмеспи...
– Өйдө-төмөн болот, сен тууралуу ар кандай кептер айтылат, баарын көтөрө билүүң керек. Жалгыз бой жүргөн татаал. Анын үстүнө ажырашкандан кийин ар кандай ушактарга кабыласың. Башында терс сөздөрдү уксам териге берчүмүн, бара-бара «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген ой менен жашап калдым.
– Көчөдөн сени таанып, сүрөткө түшүп алалы деген күйөрмандарың пайда боло баштадыбы?
– Ооба. Мен имиджимди бат-баттан өзгөртүп турам. Ага карабастан бетимдеги уячамдан улам таанып, «сүрөткө түшүп алалы» дегендер болот.
– Көпчүлүк сенин чыгармачылыгың менен интернеттен таанышат өңдөнөт...
– Алгачкы «Жылдар өтсүн арадан» деген ырымды комуздун коштоосунда гитаранын аккорду менен чертип ырдаганым интернетке жайылган. Азыр деле чет өлкөдөгү мекендештер интернеттен ырдаганымды көрүп чакырышат. Комуз көтөрүп жүрсөм кээ бирөөлөр өзүмдүн видеомду көрсөтүп «ушул кыздай ырдап, комуз черте аласызбы?» дешет.
– Ишиңе ийгилик!
Асхат Субанбеков
star@super.kg