Бала төрөлгөндөн баштап, чоңоюп өзүнчө ийгилик жаратканынан бери эненин көңүлүндө, жүрөгүндө. Бекеринен жашообузда эненин тарбиясы маанилүү болбосо керек. Бүгүн бизге белгилүүлөрдүн апалары балдары тууралуу сүйлөп берет.
Разия Шарипова, Самара Каримованын апасы: «САМАРА КАЙЧЫ МЕНЕН ПАРДАЛАРЫМДЫ КЫРКЫП ӨЗҮНӨ КӨЙНӨК ТИГИП АЛЧУ»
– Самара менин эң кенжетай кызым. Мен медайым болуп иштеп жүргөндө бир жолу жумуштар көп болуп Самараны бала бакчадан алып кеткенди унутуп коюптурмун. Тарбиячы эжекеси кызымды жетелеп келип «сизге бала керекпи же кереги жокпу?» деп таштап кеткени эсимде. Кичинесинде мага айтпай эжелери Алымкан, Уулжанды ээрчип таята, таенесиникине Коммунизм айылына кетип калыптыр. Болбосо биздин айыл менен ал айылдын аралыгы 3 сааттык жол. Ары-бери чуркап издеп таппайм, кабатыр болуп өзүмдүн ата-энемдикине барсам, ошол жакта ойноп жүрүшөт. Жиним келгенинен көсөөнү колума кармап алып сабайын деп келе жатсам Самара чуркап бактын башына чыгып кетти. Таяк жейм деп кечке чейин түшпөй койду. Акыры жиним тарап, өзүм алдап-соолап жатып бактын башынан түшүргөм. Чеберлик жайы бар эле, жумуштан келсем пардаларды кайчы менен кыркып, өзүнө көйнөк тигип, аркы жактагы бөлмөнүн пардасынан куурчагына көйнөк тигип эле отурчу. Чоңойгондо уз болот окшойт деп тилдеген жокмун.
Кошуна балдар менен үйдүн чатырынан жерде жыйылып турган саманга секирип ойношчу. Бир күнү ошентип секирип ойноп жатып колун чыгарып алыптыр, апам урушат деп автобус менен бейтапканада жаткан атасына барыптыр. Атасы Самаранын колуна гипс таңдырып, кайра машинага салып жиберет. Үйгө келгенде атасы коңгуроо кылып «урушпа менин кызымды» деп менин ачуумду кайтарган.
Самара атасынын кызы эле, кичинесинде атасы «кызым, сени мен төрөгөм» деп көп айтчу. Самара азыр деле ошого ишенет болуш керек (күлүп). Азыр деле тойдон кеч келгенде атасын бир кучактап алып анан уктайт. Мектепте жакшы окуду, активдүү эле. Облустук деңгээлдеги сынактарга чейин катышып жүрдү. Кичинесинен турмушка тың болду. Студент кезде атасы көп ооруп, окуусуна деле жардам бере албадык. Өз күчү менен Кыргыз-Түрк Манас университетине тапшырып, өтүп кеткен. Каникулдарда «айылга барам, эс алам» деп эркелик кылган жок. Кафеде официант болуп иштеп кем-каржысын толуктап алчу, ашканын бизге салат эле. Кызым турмушунан да, жумушунан да ордун тапты. Атасы экөөбүз ырларын сүйүп угабыз, эл кызы болгонуна сыймыктанабыз.
Мыскал Дубанаева, Мурат Жалиевдин апасы: «АПА, СИЗГЕ ЖАККАН КЫЗДЫ АЛАМ ДЕЧҮ»
– Менин 5 балам бар. Бирок Муратымды өзгөчө жакшы көрдүм. Балким, балам кичинесинде көп сыркоолоп, бейтапканаларга чуркап, амандыгын көп жолу Кудайдан тилегендигим үчүн жакын болуп калсам керек. Кудайдын буйругу менен балам талма оорусунан айыгып кетти. Муратты көбү тамашакөй, турган жеринде күлдүргөн куудул деп билишет, бирок үйдө андай эмес. Үйдө аябай олуттуу, бир сырдуу, туугандар келсе «ушу сиздин балаңыз Муратпы, сыналгыда такыр башкача го» деп таң кала беришет.
Муратым кичинесинен аябай шок өстү. Иниси Турат экөө «мушкер болобуз» деп бокс менен машыга башташкан. 4-5-класстарда болсо керек, Араванга мелдешке барып, мурдун сындырып келди. Ошондон кийин «барбайсың» деп бокско катыштырбай койгом. Мага арык, бою узун кыздар жагат эле. Уулдарыма ошондой кыздарга үйлөнгүлө деп айтчумун. Университетте окуп жүргөндө арык, бою узун, чырайлуу кыз бар болчу. Муратым «апа, сизге ошо кыз жагабы, анда ошол кызга үйлөнөм» деген. Бир күнү маанайы суз «апа, сизге жаккан баягы кызды алып качып кетиптир» деп келип калды. «Мейли эми, буюрганын көрөсүң да» деп жубаткам. Акыры мага жаккан кызга үйлөнүп, мени жакшы келиндүү кылды. Үйдө Мурат күйүмдүү, биздин үй-бүлөнү толугу менен Муратым каржылайт, башка бир туугандарына да жардам берет.
Лунара Бекиева
star@super.kg