АКЧАГА БАЙЛАНГАН НАРИСТЕНИН ӨЛҮМҮ

БАЛА ИЗДӨӨ

Жасана кийинген сулууча келин өзүнө тигиле томсорушкан балдарды бирден көз алдынан өткөрүп жатты. «Мунусу өңү суук экен, тигиниси өтө арык, оорулуу баланын мага эмне кереги бар? Алганга, бакканга жараша...» Келин акыл элегинен ушуларды өткөрдү. Томсорушкан 5-6 жаштардагы кичинекей балдар болсо аялды улутуна карап коюп, «кимибизди алаар экен?» дегендей жүздөрү муңайым. Биринин көзүнөн да ушул аялга ык салуу көрүнгөн жок.
Келин аларды бир сыйра тиктеп алып, өзүн карап турган тарбиячыга шарт бурулду.
– Болгону ушул эле балдарбы? Мага мындан бир аз кичинерээк бала керек. Өңү да жакшынакайыраак болсо деген элем. Күйөөм дагы ушуну каалайт.
Тарбиячы келинди жаман көзү менен карап алды. «Бул ойсокеге баланын эмне кереги бар болду экен? Кебетесине караганда боёнгондон башканы билбеген неме көрүнөт» деп ойлоп кетти. Дилбара балдарды дагы бир сыйра көз кырынан өткөрүп алды да, тарбиячы менен коштошуп да койбостон эшикке бет алды. Машинасына отуруп, күйөөсү экөөнүн офисине жөнөдү.
– Уф, бир айдан бери издей берип жаным кашайды,- кирип келип сырдаш курбусуна сүйлөнө кетти.
– Эмнени?
– Баланы да, телесинен деле, газетасынан деле бала таштагандар көбөйдү дейт. Издей келсе эле жок.
– Баланы эмне кыласың сен? Ушунча жылдан бери бала дегениңди биринчи жолу угушум.
Дилбара бирөө чаап жибергендей нестейе түштү. Көкүрөгүндө катып жүргөн планы мына азыр ачылып калчудай коркуп кетти.
– Төрөбөй калбадымбы мен. Акмат менен жашагандан бери укканым эле бала. Жок дегенде...
Нургүл таң калып карай берди. «Бала буга деле керек эмес. Бекер эле баланын убалына калбаса болду» деди ичинен. Калп эле компьютерге үңүлүмүш болуп калган Дилбарага шектүү карап турду да, чыгып кетти.

КУНАРСЫЗ БАЙЛЫК

Бул чакан фирма Дилбардын күйөөсү Акматтыкы болчу. Акмат менен Дилбар он жыл чогуу жашаса да, негедир балалуу болушпады. Аялынын көзү менен тең айланган Акмат кийинки кездерде Дилбарадан дили кайтып бара жаткан эле. Бир жолу кызуу болуп алып Нургүлгө да арманын айткан эле. «Мен Дилбара менен ажырашам. Өмүр бою Дилбардын ою менен болсом баланын үнүн укпай өлчүдөймүн. Ал балалуу болуп үйгө отургусу жок» деген эле ошондо. «Дүйнөдө баладан качкан кайсы эне болсун? Кой, антип тескери ойлобо...» деп жооткотумуш болгон Нүргүл.
Ал эми бир жолу Акматтын кабинетинен: «Акча... акча эле дейсиң. Акча деп жүрүп жетиштик го баарына! Эми балалуу болуп, ошол жыйган-тергенибиздин убайын көрүп жашачу маалыбыз келди» деп кыйкырып жатканын уккан. Сыртынан караганда бири-бирине төп келгендей көрүнгөн жубайлардын чыныгы жүзүн ошондо билген болчу. Акматтын бактысыз экенин да биринчи жолу сезген. Акыркы учурларда Акмат ичкиликти да көп иче баштады. Көрүп турса да Дилбаранын жүрөгү солк дебеди. Баягыдай эле шатыра-шатман көңүл ачып, болгон-бүткөн дүйнөсү, билгени-көргөнү кызыл-жашыл акчалар болуп калган эле.

«КИМ МЕНЕН ЖАШАП ЖҮРГӨМ МЕН?»

Дилбаранын көктөн издегени жерден табылды. Көздөрүн бажырайткан бир жарым жаштагы уул баланы балдар үйүнөн көргөндө Дилбара сүйүнүп кетти. «Ушуну эле багып алайын». Көз ирмемдей тездикте баланын документтерин тууралай салды да, баланы алып жөнөдү. Ошол күнү кеч келген Акмат үйүндөгү кичинекей баланы карап таң кала түштү.
– Дилбар, бул ким?
– Бала... экөөбүздүн балабыз. Канчадан бери бала дей берип, мээмди жеп салдың эле го. Мына, эми бактылуубуз.
Дилбара күйөөсүнө күлүңдөй карады.
– Бул эмне кылганың? Мен өзүмдүн канымдан чыккан баланы каалагам, мен...
– Ал ошонум. Хм-м, сен эмне, мени дөдөй дейсиңби? Ажырашам деген сөз оозуңдан түшпөй калды го... Мени эмне, келесоо деп ойлойсуңбу? Ажырашсак да акчанын, дүнүйө-мүлктүн бардыгын болбосо да жарымын алып калам. Бир баласы бар деп сот дагы дүнүйөнүн көбүн мен жакка оодарат. Ха-ха-ха!..
Акмат сөз таба албай туруп калды. Эчен жыл койнунда жаткан аялын азыр биринчи жолу көрүп тургандай. Керебетте өзүнө карай кол сермеген баланы карап туруп, аялынын ушунчалык тайыздыгына, амалкөйлүгүнө таң кала берди. Дилбаранын сулуу кашы серпилип, ансайын мөөрөйү колуна тийгендей маашырланат. Акмат буулуга үн катты:
– Сен... Сен анан кантип багасың бул баланы?
– Мен бакмак белем?! Айылдан чоң апамды алдырам да, ошонун колуна салып берем.
– Эй, жинди. Алжып калган кемпир ушул баланы кантип багат?
– Багат, мени деле ошол багып өстүр­гөн.
– Дилбара, баланын убалы уктатабы сени?
– Ишиң болбосун аны менен.
Дилбара тамекисин сууруп чыгып терезени көздөй басты. Акмат үнсүз карап турду да, оор күрсүнө эшикке бет алды.
– Ким менен жашап жүргөм мен? Мен акмак болуп сенин чыныгы жүзүңдү билбей...

ТҮН ТЕРМЕТКЕН ОЙЛОР

Ар башка бөлмөлөргө бекинген жубайлар өз ойлору менен алек. Терезеден көрүнгөн айды тиктеп, диванда кыйшая жаткан Акматтын ою уйгу-туйгу. Өзү бир кезде анык жүзү бүгүн билинип отурган Дилбарасын сүйүп, аны канча жигиттерден коргоп, таяк жеп жүрүп жетпеди беле? Акыры анын жүрөгүн багынтып, ага жетип баш кошкон күнү өзүн бактылуу сезгеничи? Ошондо эле аялы ушундай болуп чыгаарын билсе, аял болуп эне болуу бактысынан баш тартып, өзү үчүн гана жашап калаарын сезсе эмне? Анда баары башкача болмок го? Экөө бирикмек эмес го? Токто, токто... Мүмкүн ошондо эле Дилбара муну колунда бар адамдын баласы, ага тийсем жакшы жашоодо жашайм деп пландап чыккандыр? Эми эмне кылат? Чындап ажырашабы же бул маселени жашоонун агымына коюп, артын күтүп күн өткөрө турсабы? Ойлору тумандайт.
Кымбат атыр, косметикалары толгон чоң күзгүнүн алдында өзүн күзгүдөн карап, чачын салаалай отурган Дилбаранын жүзүндө мыскыл күлкү турду. “Кайда барат элең, күйөө сөрөй, али да сенин мурдуңдан жетелеп алуучу айлаларым бар экенин билбейсиң да. Же кааласам ажырашып туруп жапжаш жигитти таап, көңүл өксүгүмдү басып, өзүмдү алаксыта турсам кийин дагы бир нерсеси болоор. Канткен күндө да төрөбөй эле турганым туура болууда. Болбосо келбетим бузулуп, эрте эле чоң аял болуп калмакмын го. Анда азыркыдай болуп менменсинген эркектер сөз ыргытып, ресторандарга чакырмак эмес да. Бала эле керек болсо кийин ойлонуштуруп көрөөрмүн. Кыркка чыкканда деле төрөгөндөр толуп жатпайбы...”
Сыртта түн уюп турду.

НАРИСТЕНИН ӨЛҮМҮ

Ошентип, Дилбара Акматтын ой-боюна койбой жатып баланы Акматтын атына каттатып алган эле. Баарына кол шилтеген Акмат эми өзү менен өзү болуп калган. Баланы айылдагы карыган чоң эненин колуна салып берген Дилбара эч нерседен капары жок. Ошондой күндөрдүн биринде кырсык болду. Баланын кокосуна туруп калган катуу нерсе же ары кетпей, же бери кетпей алкымын кысып ара жолдо жатты.
– Алда катыгүн, ай. Эмнени оозуна салып жиберди эле?
Карыган кемпирдин айласы кете үнү каргылданып, баланы аркасынан ургуламыш болду. Же телефон чалып тез жардам чакырганды билбейт. Же бешинчи кабаттан кошуналарын чакыра албаган кары кемпир чебелектейт.
– Оо, Кудай, карыганда ушундай нерсени көргөзбөй эле албайт белең мени. Эми кантем? Көзү алайып баратат. Жардам кыла көр, айланайын Кудай...
Чымчыктай чырылдаган кемпирдин үнүн эч ким уккан жок. Бала болсо эки колу шалдайып, тырп этер дар­маны жок кемпирдин алдында жатты. Эч кимге зыяны жок периште эки ара жолдо кыйналууда. Наристенин күнөөсүз көздөрү ушул учурда таштап кеткен өз энесине да, жа­лаң пайда көздөп багып алган өгөй энесине да, дегеле каардуу дүйнөгө наалат айтып жаткандай болду. Аз убакыт өтпөй наристенин денеси кемпирдин алдында жансыз жатты. Ошондон көп өтпөй Дилбаранын ачуу үнүнөн коңшулар чогула калды.
– Оо, Кудай, балам, менин байкуш балам! Бол, эмне турасың?! Тез жардам чакыргыла. Тез жардам!..
Жука төшөккө оролгон баланы эч кимге бербей боздогон Дилбара чын эле аяй турган абалда эле.
– Келе, берчи баланы,- деп колун созгон келинди кагып жиберди.
– Бербейм! Балам өлгөн атса колуман талашасың да! Андан көрө тезинен машинага...
Баланын жүзүн эч кимге көрсөт­күсү келбей кө­күрөгүнө бетин баскан боюнча машинага жөнөдү.

АЛМАШЫЛГАН НАРИСТЕЛЕР

«Дилбаранын багып алган баласы чарчап калыптыр» деген сөздү Нургүл угаары менен тез эле ооруканага жөнөдү. «Байкуш Дилбара ушунча төрөбөй жүрүп бала багып алса, анысы да чарчап калганын кара. Адилетсиз дүйнө деген ушул». Ушундай ойлорго термелип, тез эле жетип келди. Балдар бөлү­мүн таба салып, алдынан чыккан медсестрага кайрылды.
– Чоң кыз, чоң кыз, бул жерге Исманаев деген наристе бала түшкөн экен. Абалы кандай, оорбу?
Медсестра Нургүлдү карап туруп оор күрсүнүп койду.
– Эже, ал бала эбак эле өлүп калыптыр. Бул жакка жансыз алып келди,- деди.
– Койчу, чынбы?
– Ооба, энеси деле сопсонун бил­ген экен. Эмнеге алып келди билбейм. Дагы сурооңуз барбы?
Нургүл жок дегендей башын чайкады. Медсестра тыкылдап узап кете берди. Эч нерсени түшүнбөй турган Нургүл ары жактан Дилбараны көрө калды. Ал көздөрүнөн жашы куюла Нургүлдү кучактай калды.
– Нургүл, баламан аз жерден айрылып кала жаздабадымбы? Аз болгондо, аз гана болгондо...
Нургүл нестейе түштү.
– Коё турчу, бала тирүүбү?
– Ооба, аман алып калдык. Мындан ары эч кимди жанына жолотпой калайын.
«Бул эмнеси? Тигил кыз өлүп калды дебеди беле?» Табышмакты Нургүл түшүнө албай жатты. Бала чын эле бул жакка жансыз келген. Бул сценарий жакшы коюлган спектакль экенин, башкы ролдо өзүнүн курбусу Дилбара экенин билген жок. Кандай болсо да Акматтын уулу кылып бир баланы багыш керек болгон Дилбара баланын өлүп калганын билгенден кийин ушуну ойлоп чыгара койгон. Көп акча менен врачтардын оозун жаап, түнү менен балдар үйүнүн жетекчисине акча берип жалдырап жатып балдар үйүнөн так ошол курактагы наристени алып келе коюп, өлгөн баланын ордун бастырган эле. Ал эми өлгөн наристени ошол эле түнү жашыруун көмдүргөн болчу.
Адилетсиз дүйнө, акчалуунун кулу болгон заманың ушул беле? Оңой эле эне болгон Дилбаранын абийири чым эткен жок. Ал эми чымчык болуп учуп кеткен наристенин табышмактуу өлүмү эч кимге билинбеген бойдон калды.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Dilbaranurdinova
2018-01-29 16:53:35
Аттин ай ....
0
sunu2015
2018-01-30 14:48:18
Башкалар билбеседа куйоосу билсе керек башка бала экенин
0
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА