“Style Mix” триосунун экс-солисти Талас учурда жеке ырчы катары эмгектенип баштаган. “Келечек биздин колдо, кайдыгер караба” деген саптары бар Талас менен Айымжандын “Келечек” аталышындагы дуэти ырчы мырзага жаңы ачылыш жасады көрүнөт.
ЭРКЕ ТАЛАС
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 7-декабрь
Туулган жери – Талас шаары
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кенжеси
Билими – Улуттук консерваториянын эстрада факультетинде 1-курста окуйт
– Талас, “Style Mix” трио катары иштеп жүргөндө “биз эч качан бөлүнбөйбүз” деп айткан элеңер. Жеке ырчы катары чыгууңа эмне себеп болду?
– Бул продюсерибиз Миргүл Эсеналиеванын чечими болду. Адилет менен Илима үй-бүлө болгондон кийин алар дуэт катары, мен жеке ырчы катары иштешүү жеңил болду. Бирок мага трио болуп иштеген жагат эле. Анткени ырларыбызды Адик (Адилет) жазчу, Илима болсо бийик ноталарды алчу. Азыр баарын өзүм кылганга туура келип жатат (күлүп).
– Чыгармачыл адамдар “бала кезден эле активист болгом” деп айтышат. Сенин музыкага дилгирлигиң качан байкалган?
– 2 жашымда таятамдын 50 жылдыгында ырдаган видеом бар экен. Таз башмын, “ырдап койчу” десе адашып жатып “өрүк, өрүк дегенде, өрүк, өрүк...” деп ырдаган экем. Ыраматылык атымды койгон таажездем да тойлорго барганда “бул ырчы болот, ырдап берсең” деп ырдата берчү. Короодогу теректерге чыгып алып ырдаганыма да кошуналарым көп күбө болушту. Азыр ойлосом, ушунун баары бекеринен эмес экен. Окуучу кезде да ар кандай кароо-сынактарга катышып жүргөм.
– Ырчы болом деген чечимге качан келгенсиң?
– Окуучу кезде апам жумушка кетип, үйдө жалгыз калып жүрдүм. Ошондо кечке эле ырдай берет элем. Өткөөл куракта үн бир бузулуп, кайра калыбына келет эмеспи. Байкасам, үнүм жакшырып баратат. Ошондо өзүмчө ырчы болом деп чечкем. 9-классты аяктап, жалгыз Бишкекке келдим. Эжемдикинде жашап жүрүп кафеге ырчы катары жумушка орношуп алгам. Музыкалык училищеге тапшырган элем, тилекке каршы, аягына чыкпай калдым.
– Сахнага эмнеге жеке ырчы эмес, трио катары чыгууга бел байладың?
– Алгач жеке ырчы катары чыгам деп 2 ыр жаздыргам. Ал кезде Адилет экөөбүз кафеде гитара менен ырдап жүрчүбүз. Кийинчерээк Илима менен тааныштык. Байкап көрсөк, кыргыз эстрадасында жалаң эле жалгыз ырдаган ырчылар, баары окшош. Өзгөчөлүк болсун деп үчөөбүз бириккенбиз. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Эл аралык сынакка катышып, кыргыздын атын тааныттык.
– Кафеде ырдоо менен сахнаны салыштырып көрсөң. Кайсынысы жан дүйнөңө жакын?
– Эл кабактарга тамак ичкени, эс алганы келишет. Ырчыларга көңүл деле бурбайт. Өзүң ырдай бересиң, укканы, укпаганы бар, “музыканы акырындатып койчу” дегендер болот. Кээ бирлер акча берип, “ырдап берчи” деп суранышат.
Кафелерде алгач иштеп баштаганда “кафеде ырдап жатам” деп кубанчумун. Бул нерсе мен үчүн чоң ийгилик болчу. Ал жактан үнүмдү таптадым, такшалдым. Кабактарда саналуу, көп болсо 100-200 киши болот. Ал эми сахна деген башка. Канчалык адам көп болсо, ошончолук элден энергия аласың. Концертте эл сени көргөнү келет. Ошон үчүн мен сахнага чыга баштадым.
– Айыма менен “Келечек” аттуу ырыңар жакшы кабыл алынып жатат. Дуэт кандайча жаралды?
– Иса каган аттуу ди-джей досум бар. Бир күнү “ыр жаздым, угуп көр, ырдасаң сонун болот” деп сунуштап калды. Уксам, чын эле жакшы экен. Микуся эжеге айтсам макул болду, жаш, үнү, келбети келишкен жаш ырчы кыз деп Айымага сунуштап, ыр жаралып калды. “Келечек” жаңы чыгып келаткан фьюче-бэйс стилинде жазылган. Мындай стилде Кыргызстанда ыр жарала элек.
– Инстаграмда орусиялык рэп ырчысы Мот өткөргөн сынакта жеңүүчү аталыптырсың. Ошол тууралуу айтып берсең.
– Сынакта Мот акыркы альбомунан бир ырды жакшы аткарган 3 колдонуучуну жеңүүчү деп таап, түз эфирде чогуу ырдамак. Досум экөөбүз бир ырын пианинодо ойноп, Мотту белгилеп видеону жүктөп койдук. 1-2 күндөн кийин “жеңүүчү болдуңуз, куттуктайм” деп менеджери жазды. Мага чейин 1500 адам ырдаган экен, аябай кубандым. Түз эфирден бир куплетти ырдап бүткөндө эле баары “лайк” басып баштаганда Инстаграм катып калды. Дагы сүйлөшкүм келип улам чалып отуруп акыры аягына чейин ырдап бердим (күлүп).
– Бойдок жигиттин жеке жашоосу кызыктырбай койбойт. Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Баштан көп эле сүйүү өттү. Мектепте классташымды жакшы көрчүмүн. Тилекке каршы, 9-классты аяктаганда ал башка өлкөгө кетти, мен Бишкекке келе бердим. Экөөбүздүн максатыбыз эки башка болгондуктан чогуу боло албадык. Эми болсо шоу-бизнестеги адам катары мен карьерамды бутка тургузуп, элге эмгегимди сиңирүү максатын көздөп келем. Өзүм курактуу кыздар менен сүйлөшүп көрдүм. Бирок алар үй-бүлөнү тандап, турмушка чыгып кетишкен. Азыр жүрөгүм бош.
– Кандай кыздар сенин табитиңде?
– Табигый сулуулук азыр азайып бараткандай. Көпчүлүк интернеттеги макияж жасатып сулуу болгон кыздарды, чет өлкөлүктөрдү көрүп ошондой болгусу келет. Апам “сулуулугун чайга чылап ичесиңби?” деп калат. Анын сыңарындай мага өтө сулуу кыздар болбойт, анткени мен өтө кызганчаакмын. Негизгиси, ыймандуу, апама каяша кылбаган кыз болсо, жылдызыбыз келишсе жетиштүү го.
– Максатыңа жет!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg