КӨЗ СҮЙЛӨЙТ– Кичинекей болгонума карабай жумушум оор. Күндөн-күнгө оорлошуп баратат. Бул жүрүштө 40ка чыкпай эле ишке жараксыз болуп каламбы деп корком...
Мен көзмүн. Эгизим бар. Бири-бирибизди көрө элек болсок да, абдан жакынбыз. Ирмелсек чогуу ирмелип, ыйласак бирге ыйлайбыз. Бизди 26 жаштагы Айжамал аттуу сулуу көтөрүп жүрөт. Айжамал кичинекей кезде жашоо жыргал болчу. Көргөнүбүз бак-дарак, жан-жаныбар... Балалыкты эстесем көп сөз, мен силерге бүгүнкү күндөгү арманымды айткым келип турат.
Бүгүн мен химикаттар менен технологиянын курмандыгымын. Таң эрте турган Айжамал мен ачылар замат миллиондогон түстөрү бар, нуру ачуу тийген телефондун экранын карайт. Уйкудан кийин жаңы күнгө көнүү дегенди билбей калганыма он жыл болду. Анан сурмама түрдүү боёкторду чаптайт, мени чукуйт, бүт денем ачышат, кычышат, көрүү деген өз кызматымды аткара албай кыйналам. Кээде компьютерден чарчап, кызарып чыкканымда “Менин майымды коротуп нан таап жеп жатат. Мени деле аяп, кам көрүп койсо...” деп алам. Чынында чарчадым. Компьютер менен телефон дегениңерден чарчадым. Жумулуп уйкуга кетип жатсам да, Айжамал кыйнаганынан айла жок жарым-жартылай ачылып берем.
Мурда боёкторго нааразы болчу элем, азыр андан өткөн кордукту көрүп жатам. Айжамал мага ай сайын эки сантиметрлик жасалма кирпиктерди чаптатып келет. Аны мага жармаштыра турган желим – душманым. Чел кабыгым ачышып, ички катмарым кызарып, сурмамдын териси чоюлуп, катып чүрүшүп-бүрүшүп калат, айласыздан ыйлайм. Анан жаңы чапталган кирпиктерди көтөрүү моюнума жүктөлөт. Айжамал, мага Кудай өзүм көтөрө ала турган гана кирпик бергенин, мага андан ашык жүктү илүүгө болбойт экенин сага кантип түшүндүрөм?
Жасалма кирпиктерден кутулууга аракет кылам, бирок анда өзүмдүн кирпиктерим да түшө баштайт. Өз кирпиктеринен айрылып сулуу болуу керек беле?
Жаш туруп эмнени гана көрбөдүм? Линзанын түрү, боёктун түрү, конъюнктивит сыяктуу түрдүү оорулар... Ооруп калганымда кайра түрдүү ачуу дары-дармектер...
Эми жакында жаңы азапты башымдан өткөргөнү турам. Бир жумадан соң Айжамал сурмамды чыгарам деп теримди кестирет, тиктирет. Башкача айтканда, блефаропластика жасатат. Ал операциядан кийин булчуңдарым жабыркап, мүмкүн көрүүм начарлайттыр, ким билет? Блефаропластика сени азыр сулуу кылса, келечекте зыянын тартасың деп коёр киши жок. Сени Кудай ансыз да сулуу, ансыз да жылдыздуу кылып жараткан. Токто, Айжамал, мени укчу, оюңдан кайтчы. Айтор, ыйлагым келет, ыйлагым...
ЖАСАЛМА КИРПИКТИН КӨЗГӨ ТИЙГИЗГЕН ТЕРС ТААСИРИ
Жасалма кирпикти чаптоочу желимдин курамы:
1. Цианоакрилат
2. Чайырдын түрлөрү
3. Косметикалык көө (сажа)
4. Формальдегид
5. Каучук жана башка
Көзгө жасалма кирпик чаптап жатканда тиешелүү коопсуздук эрежелери сакталбаса көзгө кандай коркунуч жаралары тууралуу окулист Диана Алексеева айтып берет.
КӨЗ БОЁКТОРДУН ТИЙГИЗГЕН ТЕРС ТААСИРИ
Сапатсыз, мөөнөтү өтүп кеткен же болбосо теринин өзгөчөлүгүнө туура келбеген көз боёктордон:
1. Көздө аллергия пайда болот.
2. Түрдүү көз оорулары жаралат.
3. Көздүн айланасына бырыш түшөт.
4. Боёктордун курамындагы химиялык заттардын айрымдары (мисалы, феноксиэтанол) адамдын нерв системинин иштешине терс таасир берет.
5. Айрым көз боёктордун курамындагы метилпарабен организмдеги зат алмашуунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg