24-майда өлкөбүздү дүңгүрөткөн кылмыш катталды. Болгондо да адилеттүүлүктү жактап, адилеттүү чечим чыгара турган сот имаратында болуп өткөн бул окуя көпчүлүктү таң калтырды. Жазасын алмакчы болуп турган өзгөчө кооптуу кылмышкерлер күзөтчүнү өлтүрүп, качып кетишкен. Өкүнүчтүүсү – “кылмышкерлердин качышына күзөтчүлөрдүн тиешеси бар” деген маалыматтын болгону.
ЭСКЕ САЛСАК...
Кийинки кездерде өлкөбүздө жалданма киши өлтүрүүлөр, дайынсыз жоголуулар көбөйүп баратканы чындык. 2008-жылдын 26-сентябрында экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражанов белгисиз адамдар тарабынан уурдалган эле. Болуп өткөн окуядан 10 ай өткөн соң кылмышка шектүү делинген Улан Кожоев кармалган. Ал кылмышты жалгыз жасабаганын айтып, жанында Жумабек Зикирбаев, Абдумалик Жумабаев, Каныбек Жуманазаров болгонун моюнга алган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө “кармалган төртөөнүн чоң резонансты жараткан Руслан Шабатоев, Бактияр Амиражанов, Игорь Гизейдин өлүмүнө тиешеси бар жана кримавторитет Камчы Көлбаевге кол салган” деген да күнөөлөр тагылган. Ушул тапта аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип, сот процесси аягына чыкканга аз калган. Эгерде 24-майдагы окуя болбогондо кылмышкерлер көп жылга “жылуу жайда күнөстөйт” беле, ким билсин.
ТЕРЕЗЕДЕН ЧЫГЫП, ИЗИН ЖАШЫРЫШКАН2010-жылдын 24-май күнү “Зикирбаевдин бандасы” аталган кылмыштуу топ УККнын СИЗОсунан 1-Май райондук сотуна алынып келинет. Баш-аягы 30 чактыдай кылмыш ишине күнөөлөнгөн бул топто сегиз адам бар болчу (Жумабек Зикирбаев, Улан Кожоев, Чыңгыз Мамытов, Сулайманов, Молутбеков, Келдибеков, Жумабаев, Шералиев).
Саат 14.00дө сот процесси башталат. Процесс аяктаганда кылмышкерлерди темир торлуу бөлмөгө алып барышкан.Бул бөлмөдөн уруксатсыз сыртка чыгуу мүмкүн эмес. Кылмышкерлерди карап турган 15 чактыдай күзөтчү өз кызматында болчу. Болжол менен саат 17.00дөрдө лейтенант Таалай Атамбаев сегиз кылмышкердин арасынан үчөөнү, тактап айтканда, Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоевди күзөтчүлөр эс ала турган чакан кабинетке алып кирип кеткен. Ал күзөтчүлөрдүн башчысы болгондуктан, ага эч ким каршылык көрсөткөн эмес. Атамбаев артынан эч ким кирбешин айтып, эшикти жаап алган. Арадан көз ирмемдей убакыт өткөндө атылган октун үнү чыгып, тапыр-тупур боло түшкөн. Натыйжада, кишенчен кылмышкерлер темир торлуу терезени сындырышып, даяр турган машинага түшүп, көздөн кайым болушкан. Үч жолу ок жеген лейтенант Атамбаев ошол жерде жан таслим болгон.
ӨМҮРҮН 1000 СОМГО БААЛАП...
“Кишенчен кылмышкерлер тапанчаны кайдан алышты? Темир торлуу терезени кантип сындырып чыгышты?” деген суроолор, албетте, туулбай койбойт. Такталбаган маалыматтар боюнча ошол сот болгон күнү Атамбаевге белгисиз адам келип, айыпталуучулардын үчөө менен сүйлөшүп алууну сунуштаган. Албетте, бекер эмес. Терезеден сүйлөшүп алуу үчүн 1000 сом берерин айткан. Атамбаев буга макул болуп, үч кылмышкерди биринчи кабаттагы чакан бөлмөгө алып келген. Иликтөөчү топтун айтымында, терезедеги темир торду мурун эле араалап даярдап коюшкан. Үч кылмышкерди көрөрү менен сырттагы адам Атамбаевге үч жолу ок атууга жетишкен. Ал эми кишенчен кылмышкерлер терезеден секирип түшүшүп, күтүп турган Тойота Виндом үлгүсүндөгү машинага отурушуп, белгисиз багытта из жашырышкан.
Мындай иштин алдын ала даярдалганы көрүнүп турат. Жогоруда аталган кылмышкерлердин башында Зикирбаев Жумабек турганы баарына эле белгилүү. “Булар маркум Рыспек Акматбаевдин жигиттеринен” деген кептер айтылууда. Бул топ “кыйын чыкмалар” деген ат менен атагы чыккан дешет.
АЛАР КИМДЕР?
Зикирбаев Жумабек Нуркамилович
1972-жылы Өзгөн районунун Көлдүк айылында туулган. Мурунку милиция кызматкери, атайын бөлүктө кызмат өтөгөн. 1994-жылы сот жообуна тартылган.
Кожоев Улан Шаршеевич
1978-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында туулган. 2006-жылы сот жообуна тартылган.
Мамытов Чыңгыз Курбанович
1981-жылы Ала-Бука районунда туулган.
УЧУРДА...
Болуп өткөн иш боюнча сот залында турган 15 күзөтчү сурак берип жаткан учуру. Ал эми терезедеги темир торду экспертизага алып кетишкен. 1-Май райондук сотунун кызматкерлеринин айтымында, бул кылмыш иши боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Кылмышкерлерди кармоо үчүн «Сирена» планы жарыяланды.
Жогорудагы окуя Кыргызстандын укук коргоо органдарынын аброюна шек келтирди десек аша чапкандык болбос. Андыктан алар тез арада кылмышкерлерди кармоого милдеттүү.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg