Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тийиштүү органдарга күйүүчү майды өлкөнүн түштүк аймагына темир жол аркылуу жеткирүү маселесин карап чыгууну тапшырды. Чиновник бул тууралуу 24-январда Бишкек–Ош жолунда күйүүчү май ташуучу унаанын жол кырсыгына кабылышы боюнча өткөн өкмөттүк кеңешмеде билдирди.
Аталган жол кырсыгы 20-январда Бишкек–Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында болуп, 30 тоннанын тегерегиндеги күйүүчү май жүктөлгөн бензовоз сууга түшүп кеткен. Натыйжада 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган. Сууга төгүлгөн күйүүчү майдын кесепетинен суу бойлой жайгашкан балык чарбасындагы 2 тоннадай балык кырылган. 2018-жылдын 1-январынан бери кооптуу жүк ташыган автоунаалардын катышуусунда өлкө боюнча 8 жол кырсыгы катталып, чыгашасы 980 миң сомду чапчыган.
«Кыргыз темир жол» ишканасы күйүүчү майды Орусиядан түз Ошко темир жол менен ташуу азыркыга салыштырмалуу арзан түшөрүн жана коопсуз болорун билдирип, күйүүчү майды поезд менен ташууну сунуштап чыкты. Мисалы, 1 тонна күйүүчү майды Ошко жеткирүү учурдагы баадан 300 сомго арзан болот.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg