Өлкөдө уюлдук компаниялардын абоненттеринин электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүүсүнө тыюу салынганы жатат. Тийиштүү токтомдун долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды.
Уюлдук операторлор бул демилгеге каршы. Байланыш операторлор ассоциациясынын жана уюлдук компаниялардын өкүлдөрүнүн айтымында, уюлдук компаниялардын абоненттери колдонуп жаткан электрондук капчыктардын коркунучу жок жана өлкө экономикасына пайда гана тийгизүүдө. Алар Улуттук банкты мындай кескин чарадан баш тартууга, кырдаалды сүйлөшүү, тил табышуу жолу менен жөнгө салууга чакырууда. Коомчулукта "өкмөт өлкөнү "Таза коомдун" алкагында санарипке өткөрүү аракетинде жүргөндө Улуттук банк мындай иштерге эмнеге бут тосот?" деген суроолор жаралууда.
Байланыш операторлор ассоциациясынын айтымында, уюлдук компаниялар сунуштаган каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү 3 айда 100 миңден ашык жаран колдонгон. Ал эми башка компаниялардын электрондук капчыгын 4 жылда 300 миңдей гана жаран колдонгон. Алар маселенин чыгышын атаандаштык менен да байланыштырышууда.
Ал эми Улуттук банк жарандардын электрондук каражаттары банктарда кепилдик менен сакталарын, ал эми уюлдук операторлор андай кепилдик бере албасын, бир топ тобокелчиликтер бар экенин билдирди. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов аталган демилге боюнча парламент жыйынында суроолорго жооп берди. Анын айтымында, электрондук капчыкты чектөө өлкө коопсуздугу үчүн жасалып жатат. «Улуттук банк каражаттарга пайдалануучуларга тийгенге чейин кепилдик берет. Ал эми уюлдук операторлор байланыш кызматына гана кепилдик берет. Терроризмге багытталган каражаттар бул жол менен өлкөгө агылып кириши мүмкүн. Бул мыйзамга каршы келет. Уюлдук операторлорго болсо аны көзөмөлгө алуу көйгөй жаратат»,- дейт Абдыгулов.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg