Кыргыз жеринде АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ 26-29-январь күндөрү 30 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
Орусиядан сатып алынганы жаткан газ менен жүрүүчү 350 АВТОБУС ушул жылдын сентябрына чейин Бишкекке алып келинет. Алар шаарда кичи автобустардын ордуна иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.
Өлкөдө АЖЫЛЫК сапарга каттоо иштери 23-январда башталып, 23-февралда аягына чыгат. Быйыл Кыргыз жарандарына 5400 орун (квота) бөлүнгөн.
Республикадагы БАЛДАР ҮЙЛӨРҮНДӨ тарбияланып жаткан 3360 баланын 95 пайызынын ата-энеси бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова айтты.
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН 2017-жылкы чыгымы 762,6 миллион сомду түздү. Анын 474,05 миллион сому айлык маянага жумшалган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары орточо 71,1 жыл жашашат. АЯЛДАР 75,1 жыл ал эми ЭРКЕКТЕР 67,2 жыл.
Өлкөдө 161 калктуу пункттун АЙЫЛ ДЕГЕН макамы жок. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев билдирди.
2017-жылы Бишкек шаарында 3 МИҢДЕЙ ДАРАК кыйылса, 10 миңдей көчөт отургузулган. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.
23-январда Ош шаарында үйүндө жалгыз калган 4 жашар бала 5-кабаттан кулап, КАЗА БОЛДУ.
ӨМҮРБЕК БАБАНОВДУН ордуна Жогорку Кеңешке АБДЫБЕК ДҮЙШАЛИЕВ депутат болуп келди.
Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылы төрөлгөн балдарга ЭҢ КӨП КОЮЛГАН ЫСЫМДАРДЫ атады. Өлкөдө Умар жана Раяна деген ысымдарга басым жасалууда. Былтыр 2886 уулга Умар ысымы коюлса, 1860 кызга Раяна ысымы коюлган.
Кыргыз өлкөсүнүн 650 айылы ТАЗА СУУ менен камсыздалбаган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.
Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу өлкө боюнча МЕКТЕПТЕР 26-январдан 30-январга чейин каникулга таратылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.