ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 29-январдан 4-февралга чейин


Эскертүү! 26-январдан 10-февралга чейин өрт кырсыктарынын көп катталышы күтүлүүдө. Сак болуңуз!

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн достор менен чогуу өткөрөсүз. Айрым мекеме жана кесиптештер менен тыгыз мамиледе иштешесиз. Маанайлар өзгөрүлүп турат. Өз ара мамилени бузуп албоо үчүн токтоо болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде жетекчилик, жогорку кызматтагы адамдар менен биргеликте иш алып барасыз. Жагдайлар өзгөрүп турат. Андыктан ийкемдүү болуңуз дейт жылдыздар. Дем алыш күндөрү жакшы сүйлөшүүлөр жүргөнү менен, көңүл чөгүшү да күтүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бөтөн шаардык өнөктөштөр, көзөмөл органдары менен көп алака жасайсыз. Аларга азыркы кезде толугу менен ишенүү кыйын. Андыктан өз кызыкчылыгыңызды бир аз да болсо жогору коюңуз. Ак көңүлдүгүңүздү ооздуктаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада каржы маселесине көп басым жасайсыз. Акча жааты сизди ойлондурбай койбойт. Физикалык жактан активдүү болуунун жана жакшы баарлашуулардын аркасында гана маселени оң жагына чечесиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Мыйзамдуу түрдө чечилчү маселелерди чечүүдө кыраакы болуңуз. Жубайыңыз, өнөктөштөр менен алака кылууда сабырдуу болууга аракеттениңиз. Антпесеңиз өз ара мамиленин бузулушу күтүлүүдө. Негизги көйгөйлөрдү бир жактуу чечүү үчүн фантазияны колдоно билиңиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кесиптештерге аяр мамиле жасаңыз. Жашыруун душмандардын кылтагына илинишиңиз мүмкүн. Ак көңүлдүк сапатты колдонсоңуз жыйынтыгы жаман болбойт. Спирт ичимдиктеринен, ашыкча тамактануудан оолак болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Балдарга жана сүйүү темасына жакшы көңүл буруңуз. Эс алуу, чыгармачылык менен алектенүүнү да унутуп койбоңуз. Абал өзгөрүлүп турат. Андыктан таразадай тактыкты, кылдаттыкты колдонуңуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Үй-бүлө мүчөлөрү, туугандар менен көп сүйлөшүүлөр жүрөт. Айрым учурда өз ара түшүнүүчүлүк орун алса, кээ бир учурда таарынычтар орун алат. Жалпы тил табышууну жекшемби күнгө пландасаңыз натыйжасы жаман болбойт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жакын тууган, кошуналар менен адаттагыга караганда көп алака жасайсыз. Айрымдары сизди түшүнүшсө, арасында өзүнүн оюн бербегендер да чыгат. Андыктан акылмандык талап кылынат. Сапарга чыксаңыз олуттуу таанышуулар күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чыдамкайлык сапатты көрсөтчү мезгил келди. Каржы жааты өйдө-төмөн, туруксуз абалда боло баштаса, алдыга гана жыла бериңиз. Акыры жеңиш сиз тарапка оойт. Кирешенин киришин дем алыш күндөрү күтсөңүз болот.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Сиздин дарегиңизге оң жана терс маанидеги сөздөр айтылат. Оң маанидеги сөздөрдүн көп айтылышын кааласаңыз аз сүйлөңүз. Бут тосуулар болсо капаланбаңыз. Кийинки аптада баары өз жайына түшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекемелер менен көп алака жасайсыз. Ал жердеги жалпы тартип, талаптар, мамилелерге жакшы баа бересиз. Көңүл чөгөргөн нерселерге да күбө болушуңуз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 795, 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан