Үндүк эти пайдалуулугу жагынан лидерлик сапта дешет диетологдор. Бул канаттуунун этинен кандай даамдарды жасайм деп турсаңыз, ашпозчу Кыял Батырбекова рецепттер менен бөлүшөт.
«КҮН КАРАМА» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышкан үндүк эти – 0,5 килограмм
Кургатылган кара өрүк – 200 грамм
Грек жаңгагы – 100 грамм
Жумуртка – 4 даана
Катуу сыр – 100 грамм
Майонез – 100 грамм
Күнжүт – 50 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Азыктардын баарын майда туурап алабыз. Жумуртканын агын өзүнчө, сарысын өзүнчө бөлүп тууроо керек.
2. Тарелкага алгач этти, андан соң жумуртканын сарысын, грек жаңгагы, кара өрүк, сыр, жумуртканын агы кылып кабат-кабат себелейбиз. Ар бир кабаттын ортосуна майонез сүйкөө керек.
3. Эң үстүнкү кабаты жумуртканын агы болот. Анын ортосуна жумуртканын сарысын, күнжүттү, кара өрүктү сүрөттөгүдөй күн караманын формасына келтирип кооздоп коёбуз.
ЭЛЕКТР МЕШИНДЕ БЫШКАН ҮНДҮК
Керектелүүчү азыктар:
Үндүк – 3-4 килограмм
Киви – 5 даана
Сарымсак – 1 баш
Майонез – 100-200 грамм
Татымына жараша – туз, мурч, калемпир, үндүк эти үчүн атайын татымал
Даярдоо ыкмасы:
1-вариант.
1. Үндүк этин мискейге салып, сууга жарым жартылай кайнатып бышырып алабыз (1-1,5 саат).
2. Сарымсакты майда туурап, ага туз, мурч, татымалдарды кошуп аралаштырабыз.
3. Шорподон үндүктү алып чыгып, муздаган соң даяр татымалды ичи-тышына тегиз сүйкөп, жарым саатка тыныктырып коюу керек.
4. Кызарып бышышы үчүн электр мешине саларда үндүктүн сыртына майонезди тегиз сүйкөп чыгуу керек. Электр мешинин табасын майлап, 220 градус ысыкта тегиз кызарып бышкыча кармайбыз.
2-вариант.
1. Кивини, сарымсакты майда туурап, ага туз, мурч, татымалдарды кошобуз да үндүктүн ичи-тышына тегиз сүйкөп чыгабыз. Маринаддалган үндүктү жарым саат тыныктырып коюу керек.
2. Электр мешинин табасына саларда сыртына майонезди тегиз сүйкөп, 220 градус ысып турган электр мешинде кызарганча бышырып алабыз. Ширелүү үндүк эти даяр.
КУУРУЛГАН ҮНДҮК
Керектелүүчү азыктар:
Үндүк эти – 500 грамм
Зайтун майы – 150 грамм
Ун – 5 аш кашык
Жумуртка – 1 даана
Татымына жараша – туз, кара мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Үндүк этин туурасы 1,5-2 сантиметр, узунун 4-5 сантиметр кылып туурайбыз. Ашкана балкасы менен эттин эки жагынан акырын жанчабыз.
2. Этти идишке салып туз, мурч жана 2 аш кашык зайтун майын кошуп аралаштырабыз да, даяр аралашманы муздаткычка 1-2 саат тыныктырып коюу керек.
3. Идишке жумуртканы чагып, жакшылап аралаштырабыз. Тарелкага унду салабыз.
4. Муздаткычтан этти алып чыгып, алгач жумурткага малып, анан унга 2 тарабын тең оонатып, кайрадан жумурткага малабыз.
5. Көмөч казанга зайтун майын куюп, жай отто эттин ар бир тарабын 3 мүнөттөн кармап бышырабыз.
6. Куурулган үндүк этин сууга бышкан күрүч же башка жашылча салаттары менен дасторконго койсоңуз болот.
ҮНДҮК ЭТИНИН ПАЙДАСЫ
Башка малдын этине караганда үндүк эти адамдын организмине эң пайдалуу болуп саналат.
ҮНДҮК ЭТИН КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ!
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg