Төңкөрүш болгондон кийин ал туурасында кимдер эмнени гана айтышпады да, жазышпады. Башынан аягына чейин төңкөрүшчүлөрдүн катарында жүргөн ырчы Бека өз көзү менен көргөндөрүнө токтолду.
"АЙЫМДАРДЫ МАШИНАГА ТЫГЫП..."
– 7-апрелде саат 11де “Форумдун” жанында лидерлерибиз жок, бири-бирибиздин сөзүбүздү укпай турдук. Аңгыча “Атамбаев, Сариев, Текебаевдерди кармап кетишиптир” деген кабар келди. Бул кабарга кошул-ташыл болуп милиция кызматкерлери: “Кеткиле! Ушундан көрө үйүңөрдө отурбайсыңарбы?!”- деп тийишип киришти. Каяша кылган аялдарды орган кызматкерлери колдон-буттан кармап, машиналарга тыга башташты. Биздин жинибиз келип, мушташып кирдик. “Эффект толпы” дегенди ошондо түшүндүм. Элдин шары менен алар эмне кылса, сен да ошону кыла берет экенсиң. Укук коргоо кызматкерлерине жардамга “Альфа” кошууну эки ЗИЛ, бир маршрутка, бир Жип менен келе жатышыптыр. Жипти токтотуп, ичиндегилерге кол көтөрүп кирсек, алар ок атып, эки адамды жарадар кылышты. Атайын кошуундун кызматкерлери ЗИЛдин ичинен чыкпай отуруп алышты. Ошондо балдардын бири машинанын үстүнө чыгып, бир бөтөлкө лимонадды көрсөтүп: “Көрдүңөрбү? Бул – бензин! Азыр өрттөйбүз!”- дегенде алар курал-жарактарын бизге берип: “Биз эл мененбиз!”- деп сыртка чыга келишти.
“НАШАА ЧЕГИП АЛГАНДАЙ БОЛДУК”
– Эки ЗИЛге тыгылыша отурдук да, Кыргызстандын туусун кармап Ак үйгө жөнөдүк. Жолдон кошулгандар менен Ак үйгө жеткиче 20 000дей адам болдук. Алдыдагы ЗИЛ газды басып туруп Ак үйдүн дарбазасын сүздү. Ошондо биринчи ок атуу болуп, машинанын үстүндөгү туу көтөргөндөр кулашты. Байкасам, ачык түстө кийинген балдар өлө баштады. Көрсө, снайперлерге ачык түстү мээлөө ыңгайлуу экен. Аңгыча жанымдагы көк кийимчен баланын көзүнө ок тийди. “Өлтүрдү!” деп кыйкырып жатсам эле үн чыгаруучу граната келип жаныма түштү. Эч нерсе билбей жыгылдым. Көзүмдөн, мурдумдан суу куюлуп кирди. Арак ичип, нашаа чеккендей болуп жүргөнүбүзгө көздөн жаш агызуучу газ, ыргытылган гранаталар себеп. Адам оюн жыя албай, өлүмдөн коркпой калат экен.
“ТЕКЕБАЕВ ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ”
– Бир топ балдар лидерлерди бошотуу үчүн УККга бардык. Шуулдаган, акылдуу балдар кытай дүкөндөрүнөн петардаларды алып келишиптир. Петарда атылып жатса, УККнын кызматкерлери мылтык деп ойлошту окшойт, дарбазаларды ачып беришти. Бир жаш бала тергөө изоляторунан жаңы чыккан Текебаевге барып: “Ай, Өмүкө, бийликке отургандан кийин ушул мүнөттөрдү унутпа”,- деп жатпайбы. Ал киши жаштардын кылган ишине жетине албай ыйлап жиберди.
Бизге боору ооруган шаардыктар төңкөрүшкө катышышпаса да, тамак-аш, суусундуктарын Киев-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишине алып келип жатышты. Менин досторум гамбургер, суу, шоколад алып келишти. Саат жетилерде биз тамактанып жаткан Киев көчөсүнө башкача кийинген балдар топтоло башташты. Алардын: “2005-жылкыдай болот окшойт, машинаңардын номурун чыгарып, келе бергиле”,- деп сүйлөшүп жаткандарын өз кулагым менен уктум. Талап-тоноочулук болорун билип, “коргойлу” деп досторумду чакырдым. Бирок алым жетпеди, менин көз алдымда эле топтошуп жаткан балдар Токтогул көчөсүндөгү “Народный” дүкөнүн талкалап, тоноп киришти. Андыктан мен “төңкөрүш кылган балдар талап-тоноочулук кылды” дегенге такыр кошулбайм.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg