Диктор Гүлжан Кулмамбетова социалдык тармактагы баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин маегине байланыштуу коомчулукка кайрылуусун жарыялады. «Замандаштар, менин дарегиме айтылган «токол’’ клеймосу топтой тепкиленип, таланып-тытмаланып жатып эч нерсеси деле калган жок. Бул бир Жараткандын жазмышы. Ким кандай десе өз эрки. "Ээсин сыйласаң, итине сөөк сал" дейт кыргызда. Аскар Мааткабыловичтин тарапташ, тамырлаш, тагдырлаштарына урматым бар. Жазмыш экен, эже ооруп калды. Амандыгын, сакайып кетишин Кудайдан тиледик. Узак жылдар илешкен илдетинен арылууга жан далбастаган ал кишинин абалын, жакындарынын тарткан азабын эч кимдин башына салбасын. Арбакты сыйлайлычы, тынч жатсын. Ал эми тирүүлөрдүн тиреши болсо, эркектерче эсептешип алышса дейм, аялдарды аралаштырбай. Каралоо бир тууганынын этин тамшана жегенге барабар экенин Камчыбек ага билсе керек..."- деп жазды.
Эске салсак, жергиликтүү басылмалардын бирине Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев маек берип, ал маегинде диктор Кулмамбетова, анын жолдошу, ишкер жана саясатчы Аскар Салымбеков тууралуу жагымсыз маалыматтарды айткан. Гүлжан айым Камчыбек Жолдошбаевге байланышканын, ал «маекте сен жөнүндө сөз болгон эмес, бул жөн гана кайраштыруу» деп жооп бергенин жарыя кылды.