Режиссёр Ырыс Жоомартованын «Менин ырым хит болот» тасмасы Ош шаарында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Бишкектин бардык кинотеатрларында 25-январдан бери көрсөтүлүп баштады. Ырчы мырзанын кызыктуу жашоосун баяндаган комедиялык тасмада актриса Айнура Тургунбаева (Сакиш), телеалпаруучу Гүлжайна Атаканова роль жаратышкан. «Тасмага тартылам деп чачымдан да айрылдым. Бир эпизодун тартарда мени жигитим чачымдан тартмак. Катуу ооруп кеткенинен «аа-ай» деп эле кыйкырдым. Бирок чачым жулунганын билген эмесмин. Кийин карасам чачым бир тутам түшүп калыптыр»,- дейт телеалпаруучу. Ушул сыяктуу кызыктуу окуяларды камтыган комедияны көргүңүз келсе, кинотеатрлардын эшиги сиз үчүн ачык.