Каракол шаарындагы медициналык окуу жайдын директору Анарбүбү Апсалиеванын киши колдуу болуп каза болгонуна бир жылдан ашты. 2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту директордун өлүмүнө шектелип кармалган аялды актаган өкүм чыгарды. Буга каршы болгон маркумдун жакындары облустук сотко кайрылышкан.
ТҮРДҮҮ КӨРСӨТМӨЛӨР
2016-жылдын 17-ноябрында Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору, 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиеванын жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Маркум бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Экспертизалардын жыйынтыгында маркумга 27 жолу бычак сайылганы аныкталган. 3 күн өткөн соң анын өлүмүнө шектүү катары ошол эле окуу жайдын 40 жаштагы эсепчиси Р.М. аттуу аял кармалган. Ал тергөө маалыматтары боюнча, алгач «Мен бул окуу жайда эсепчи болуп 2013-жылдан бери иштейм. Анарбүбү эже жетекчим катары көп тилдечү, өзү көп иччү. 17-ноябрь күнү эженин үйүнө бардым. Чай ичип отурган экен. Ал мага берилген жумуштарды убагында аткарбаганым үчүн оозго алгыс сөздөрдү айтып, тилдеп кирди. Столдо бычак турган экен, ала калып Анарбүбү эжени сайгылап салыптырмын. Өзүм да эмне болуп кеткенин билбейм. Эсимди жыйсам, колума бычак кармап калтырап туруптурмун» деп көрсөтмө берген. Көп өтпөй ал «Алгачкы суракта нес абалда болгондуктан эмнелерди айтканымды билбейм. Тергөөдө берген көрсөтмөм жалган» деп чыккан.
Ал эми сотто «Анарбүбү эже каза болгон күнү анын үйүнө барганым чындык. Ошол күнү Анарбүбү эжени жумуштан таппай коюп үйүнө баргам, себеби акча беришим керек болчу. Кирсем үйүнүн каалгасы ачык экен, өзү ашканада кыйшайып отуруптур. "Анара эже" десем унчукпай койду. Түртүп көрдүм, кыймылдабады. Анан мас окшойт деп кетип калгам. Андан кийин эле "милициядан келдик" деп мени кармап кетишти. Ал жакта мени тергөөчүлөр оозго алгыс сөздөр менен коркутушуп, "Эгер ачуулуу абалда болгондуктан өлтүргөм деп моюнуңа алсаң, 3 эле жылга соттолосуң. Иш жабылат" дешти. Эсепчилик кызматта турганда жасаган мыйзамсыз иштеримди моюнума алам. Бирок Анарбүбү эжени мен өлтүргөн эмесмин» деп айтып чыккан.
ЭСЕПЧИ БАШКА КЫЛМЫШТАРГА КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ
2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.Мны адам өлтүрүү кылмышы боюнча тагылган айыптан актады. Бирок медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган деп тапкан. Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча 3 жылга, 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) негизинде 5 жылга эркинен ажыратылган. Ошентип Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы 59-берененин негизинде ага белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, жалпы 6 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ошондой эле соттолуучунун 2005-жылы туулган баласы бар экени эске алынып, Конституциянын 72-беренесине ылайык, айыпталуучунун баласы 14 жашка чыккандан кийин гана жогорудагы өкүмдөр күчүнө кирмекчи.
«ОКУУ ЖАЙГА ТИЙИШТҮҮ 213 МИҢ СОМ ЭЖЕМДИН ӨЛҮМҮНӨ АЛЫП КЕЛГЕН»Маркум Анарбүбү Апсалиеванын сиңдиси Айсулуу Апсалиева эжесинин өлүмү боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
-Эжемдин өлтүрүлгөнүнө бир жылдан ашты. Ошондон бери кылмыштын бетинин ачылышына, анын өлүмүнө күнөөлүү өз жазасын алышына аракет кылып келдик. Бирок ал аялдын жакындары кандайдыр бир жолун тапкан окшойт, далилдер турса дагы Каракол шаардык соту чыгарган чечим баарыбызды айран таң кылды. Анын киши өлтүргөнү унутулуп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп соттоп жатат. Анда эмнеге эжемдин өлүмүнө күнөөлүү башка бирөөлөрдү издешпейт? Экспертизадан эжемди өлтүргөн аял кийип жүргөн кийиминен алынган кандар эжеме таандык болуп чыкты. Бул эмне далил эмеспи? Иш чала тергелип калыптыр деп жатат, анда кайра ишти тергебейби, ким кой деп жатат.
Мен ошол каргашадан кийин эжемдин үйүнө баргам. Ошондо анын кийимдери суу, раковинанын жанында болсо кандын тамчылары бар болчу. Эжемди өлтүргөнгө шектүү аял кармалып, аны үйгө милиция кызматкерлери алып келгенде ал ошол жерден «бычакты жууп, кандарды тазалагам» деп айткан. Анын окуу жайдын акчаларын ар кандай жолдор менен алып жүргөнүн эжем жакшы билген. Ал ошол иштеринин артын жабыш үчүн эжемдин көзүн тазалаган. 16-ноябрь күнү ал аял колледжге тийиштүү 213 миң сомду банктан алып алганы эжемдин өлүмүнө себеп болду окшойт. Эжемди өлтүргөн аялдын туугандары малын сатып, аны чыгарып алганга чуркап жүргөнүн көрүп эле жатабыз. Шаардык сот чыгарган өкүм ал баласы 14 жашка чыкканда күчүнө кирет экен. Соттор деле ойлошсо болбойбу, анын баласынын атасы тирүү да. А биздин кызчы, томолой жетим калды. Анын кийинки тагдыры кандай болот? Ошол үчүн бардык тийиштүү жерлерге арыз менен кайрылдык. Эжемдин өлүмүнө тиешеси бар адамдар табылып, өз жазасын ала турган акыйкат чечим чыгышын талап кылабыз.
«ЖУБАЙЫМДЫ УРУП-СОГУП, КҮНӨӨНҮ МОЮНУНА АЛДЫРЫП КОЮШКАН»Кылмышка шектелип кармалган аялдын жолдошу Нурлан Бейшембиев аялынын киши өлтүрүүгө тиешеси жок деп эсептейт:
-Менин жубайым өзүн милиция кызматкерлери кармап кеткенде эле нес болуп калган. Тергөөчүлөр ар түрдүү кыйноо, уруп-согуу жолу менен күнөөнү моюнуна алдырып коюшкан. Мен бул боюнча Каракол шаардык прокуратурасына арыз жазып, бирок алар ишти жаап коюшкан. Ошол учурда жактоочунун катышуусунда гана сурак жүргүзүш керек экенин мен дагы билген эмесмин. Кийин гана жубайым бир аз эсине келип анан жактоочуга чындыкты айтып берди. Ошондо тергөөчү жубайым экөөбүзгө «Эмне эле секирип жатасыңар? Андан көрө ишти моюнуна алсын, көп болсо 3 жылга соттолот» деди. Ошондо гана мен да чуркап баштадым. Тигил тарап кийиминде кан бар деп айтып жатат, экспертизадан кан жок деп чыгып келген. Адам өлтүрүүгө бир дагы далил болбогондуктан, шаардык сотто аялым акталып чыкты да. Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган дегени деле жубайыма жабылган жалаа болуп калды. 2016-жылдын жай айларында окуу жайдын бюджетин текшерүүгө алышып, бир канча акчага жөнү жок айып тагып кетишкен. Ал акча акыры аялымдын моюнуна илинип, биз аны төлөп да бердик. Эми маркум эженин сиңдиси мени сотторду сатып алды деп айтып жатат. Далили болсо алып чыксын да. Мен айлыкка иштеген адаммын. Сотту сатып алууга акчам да жок. Болгону аялымдын ак экенин далилдеп, болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Жыйынтыгында аялым акталып чыкты, эми облустук сотто деле ушундай болот деп күтүп жатам. Ал эми жубайымдын абалы учурда оор. Себеби абакта жаткандыктан жүрөгү улам кармап, эки буту баспай калды. Дарыланып деле жатат, бирок жыйынтык жок. Укук коргоо органдары өз иштерин так аткарып иштегенде мынчалык ызы-чуу болбойт эле. Мен дагы чыныгы кылмышкерди кармап, ким ак, ким кара экенин дадилдеп берүүсүн суранам.
Чубактын кунундай чубалган бул иш Ысык-Көл облустук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул иште суроолор да көп. Эмне үчүн милиция ишти толук тергебей сотко өткөрүп берген? Эгерде милиция кызматкерлери кыйнап кылмышты моюнуна алдырган болсо, анда алар ага жооп беришеби? Эгерде эсепчи күнөөлүү болбосо, анда директорду ким өлтүргөн?
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg