Мезгил үнү
1-июнь – Балдарды коргоо күнү. Бирок ошол майрам даамын татпай, ата-эне мээриминен чет калган балдар да жок эмес. Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жайгашкан Жаш балдардын психоневрологиялык жатак- үйүнө барып, алардын жашоосу менен таанышып кайттык.
Беловодск балдардын психоневрологиялык жатак-үйүнүн директору Светлана Такырбашова менен маектештик.
– Алгач сиз жетектеген жатак-үй жөнүндө токтолуп, бул жердеги абал менен тааныштырып өтсөңүз...
– Биздин жатак-үйдүн “ээлери” – психоневрологиялык илдеттер менен жабыркаган балдар. Азыркы тапта 4 жаштан 18 жашка чейинки 247 жаш бала жашайт. Кыздар менен эркек балдардын саны теңме-тең. Булардын 84ү баса албайт, дайыма керебетте жатат. Ал эми 40ы акыл-эси кем балдар. Андан сырткары, 14-15 бала окуганды, жазганды үйрөнүшүүдө. Балдарды жатак-үйдүн 200 кызматкери тейлейт. Жаш балдардын психоневрологиялык жатак-үйү республика боюнча бизде жана Жалал-Абад облусунда бар.
– Өкмөт тарабынан эмнелерге каражат бөлүнүп турат?
– Бир күндүк тамак-ашына 65 сом жана дары-дармегине 7 сом бөлүнөт. Өзүңүздөр билгендей, азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатат. Бизде оорукчан балдар болгондуктан, дарыга бөлүнгөн каражат да жетишсиз. Ошондой эле тарбиячы менен бала багуучулардын айлык акысы аз. Алар 2-3 миң сомдун тегерегинде алышат. Өкмөт туруктуу түзүлгөндөн кийин бул маселелерди кайра карап чыгууну сунуштайлы деп турабыз. Бирок жогоруда айтылган чыгымдардан тышкары дагы көп көйгөйлөр бар.
– Алар кайсылар?
– Мен бул жумушка жылдын башында келдим. Ага чейин Социалдык коргоо департаментинде аудитор болуп иштегем. Бул кызматты бир жыл бою сунуштап жүрүштү, бирок мындай жүктү моюнга алуу оор болду. Анткени бул ишти алып кетүү татаал. Мен келгенде жатак-үйдүн 7-8 жылдан бери сырдалбаганын көрдүм. Ошондуктан апрель-май айларында тааныштардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен имаратты актап-сырдап чыктык. Керектүү каражаттарды да демөөрчүлөр сатып беришти. Ал эми калган ишти өзүбүздүн эле кызматкерлер аткарышты. Мага чейин төшөктөгү балдарды кызматкерлер колунан түшүрүп, колу-бутун сындырып алган окуялар катталыптыр. Аларды жумуштан кетирдик.
– Балдардын ата-энелери келип турушабы?
– Көбүнүн ата-энеси жок. Ата-энеси барлар 20-25 пайызды гана түзөт. Жумушка жаңы келгенде көпкө чейин зээним кейип жүрдү. Анткени балдар оорукчан болушса да, эне мээримине зар болуп, куса болушат. Мени “апа, мама” дешет. Туулган күндөрүндө торт алып, белек берип, балдардын маанайын көтөрүп коём.
– Сиздин оюңуз боюнча, балдардын ушундай илдет менен төрөлүшүнө эмне себеп?
– Балдардын майып болуп төрөлүшүнүн 80 пайызына түздөн-түз ата-энеси күнөөлүү. Алар тамеки тартышкан, ичкилик ичишкен же баңгизат колдонушкан. Учурдан пайдаланып, жаштарга жаман жолго түшпөөгө жана зыяндуу адаттардан кутулууга кеңеш берер элем.
– Балдарга кайсы буюмдар өтө керек?
– Биздеги эң көйгөйлүү маселе – памперс. Анткени жаш балдардын көбү кыймылдай алышпайт же акыл-эси жетишсиз. Мындайча айтканда, алар көп булганып алышат. Ушуга байланыштуу күнү-түнү кир жуулат.
Эльвира Караева
koom@super.kg