Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат 5-февралдан 11-февралга чейин
Эскертүү! Өрт кырсыктарынын көп катталышы 26-январдан башталган. Мындай абал 10-февралга чейин созулат. Ошондой эле алыскы сапарлар 10-февралга чейин кырсыктар, күтүлбөгөн окуялар менен коштолушу күтүлүүдө. Сак болуңуз!
КОЙ (21.03-20.04)
Достор жана кесиптештер менен мамиле кылууда сак болуңуз. Маанайлар өзгөрүлүп турат. Жакшы тил табышуу үчүн жуманын орто чени гана ыңгайлуу. Андыктан маселелерди чечүүгө ошол күндөрү киришиңиз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Чоң ой-максаттарды ишке ашыруу үчүн шаршемби, ишемби күндөрү аракет кылыңыз. Жогорку кызматтагы адамдар менен дипломаттык мамилени сактаңыз. Аптанын экинчи жарымында кесиптештер арасында түшүнбөстүк орун алышы мүмкүн.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көзөмөл органдары, башка шаардык өнөктөштөр менен мамиле кылууга аптанын биринчи жарымы ылайыктуу. Андан соң айрым келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Абалдан тез ойлонуп, акылмандык менен чыгып кетиңиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Акчаны жакшы көрөрүңүздү аптанын биринчи жарымында дагы бир жолу далилдейсиз. Муну элдин баары байкайт. Мейли, байкашса да көздү жумуп алдыга жыла бериңиз. Жеңиш сиз тарапта. Бейшембиде ашыкча чыгымдардан сак болуңуз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бейшембиге чейин көпчүлүк адамдардын купулуна толосуз. Жубайыңызга да бактылуу экениңизди далилдеп үлгүрөсүз. Бирок бул нерсе көпкө созулбайт. Апта акырында үй-бүлөлүк жана айрым адамдар менен мамилелердин бузулушу күтүлүүдө.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ден соолукка көңүл бөлүүгө, жумушту тартипке келтирүүгө жуманын биринчи жарымы ылайыктуу. Кесиптештерге, дарыгерлерге кайрылыңыз. Бейшембиден тарта жумушта токтоо болуңуз. Тамак-ашты ылгап жеп, спорт менен көбүрөөк машыгыңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы күндөрү балдарыңыз, сүйгөнүңүз менен бактылуу көз ирмемдерди баштан кечиресиз. Айрыкча шаршемби күнү. Бул күнү азыраак санда лотерея билетин алып койсоңуз жаман болбойт. Дем алыш күндөрү таарынычтар орун алат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Өткөн аптанын ийгиликтери дагы деле уланмакчы. Андыктан дипломаттык мамилени пайдаланып алга карай жыла бериңиз. Дем алыш күндөрү үй-бүлө мүчөлөрү же келген конок менен түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн. Андыктан анын келиши максатка ылайыксыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын биринчи жарымында бир туугандар, жакын санаалаштар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Шаршемби күнү жакшы кабар угасыз же туугандардан жардам келет. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз. Кооптуу мезгил.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Каржыны көбөйтүү үчүн аракетиңизди токтотпоңуз. Киреше табууга эң ыңгайлуу убак. Пландардын орундалышы үчүн бир сырдуулук, өз алдынча аракет жасоо сунушталат. Дем алыш күндөрү күтүүсүз чыгымдарга туш болосуз же акча көйгөйү жаралат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жеке ой-тилек максаттарыңыз сиз ойлогондой орундалат. Аларды максималдуу ишке ашыруу үчүн кесиптеш, жакын санаалаштардын жардамына таянганыңыз оң. Ишемби, жекшембиде күтүлбөгөн көйгөйгө дуушар болосуз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жабык типтеги мекемелерге бейшембиге чейин кайрылып үлгүрүңүз. Андан соң бир аз ыңгайсыз мезгил жаралат. Андыктан ал жактарга бет алуудан мурда ой-максатыңызды тактап, жети өлчөп бир кесиңиз. Гумандуу, сабырдуу болуу сунушталат.