Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Рахат Аксултанова, актриса: «БМВ АЙДАГАН ЖИГИТ АРТЫМДАН КУУП КОРООГО ЧЕЙИН КЕЛГЕН»

№796 2-8-февраль 2018-жыл


«Түндүктүк келин» тасмасы аркылуу таанылган актриса Рахат Аксултанова «Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бардык люктарын билем» дейт. Көпчүлүк айымдар техниканы жакшы түшүнүшпөйт эмеспи. 8 жылдан бери рулда жүргөн актриса машинанын эмнеси бузулганын айттырбай билип калыптыр.


Үлгүсү – Мерседес-Бенц Е 320
Эң жогорку ылдамдыгы – 260 чакырым-саат
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3200 см3
Түсү – күмүш
Чыккан жылы – 2003-жыл
Баасы – 11 500 доллар
Чыгарган өлкө – Германия

– Рахат, бизге темир тулпарыңды тааныштырып өтпөйсүңбү. Качантан бери сага кызмат кылып келатат?
– Мерседес-Бенц менин 4-унаам. Буга чейинки үчөө тең Тойота үлгүсүндө болчу. Аларды көпкө айдабай эле алмаштыргам. 3 жылдан бери Мерседеске сүйүүм күчтүү болуп жатат окшойт, азырынча башка унаалар көзүмө көрүнбөй эле.

– Канча жылдан бери рулдасың? Ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарындасыңбы же абайлап айдайсыңбы?
– 2010-жылы эң алгачкы унаам Тойота Виндомду жайында Ысык-Көлдө таежемдин чоң дүкөнүндө иштеп тапканыма апам акча кошуп сатып берген. Унаа алгыча 2 жыл мурда инструктор менен шаарга чыгып машина айдаганды жакшы эле үйрөнгөн болчумун. Көпкө рулга отурбай унута түшкөнмүнбү, биринчи жалгыз чыкканда аябай коркком. Андан бери тажрыйбалуу болуп калдым окшойт, баары эле «жакшы, тыкан айдайсың» дешет. Бишкектеги борбордук көчөлөрдөгү люктардын баарын билем. Мурунку унааларымдын көлөмү чакан болгондуктан көп катуу айдай алчу эмесмин. Азыр кээде катуу айдаган учурлар болуп турат.

– Кыздар темир тулпардын кооздугуна басым жасашат. Сенчи?
– Буга чейинки, тагыраагы, 2-унаам Тойота Вилл болчу. Аябай кооз, өзгөчө машина. Мен сатып алганда "шаарда 6га чукул эле ошондой унаа бар" дешкен. Унаа базардан көп унааларды көрүп, ошону жактырсам, атам дароо эле «ал» деди. Кайра коркуп «терезелери сынып калса кантем?» десем «атам албай жатып бузулганын ойлобогун да» деп урушуп отуруп аны алып беришкен. Улам тажрыйба ашып, машина кандай жүргөндүгүнө, сапатына маани бере баштадым.

– Атактууларды МАИчилер токтоткондо таанып, коё беришет экен. Сенде да ошондой учурлар болгонбу?
– Машинанын сүрү болуп жатабы же чоңоюп жатамбы, акыркы жылдары эреже деле бузбай калдым. МАИчилерге такыр кармалбайм десем туура эмес болуп калат. «Сен актриса турбайсыңбы» деп коё берген учур кездеше элек. Ар кандай МАИчилер туура келет. Жакында эле шаардын четине съёмкага баратсам МАИчилер токтотту. Эч кандай эрежени бузган эмесмин. «Токтотконуңуздун себеби?» десем, «коопсуздук курду тагынбаптырсың» дейт. "Видеоңорду карап алгыла, тагынып келатам" десем, «жаныңдагыныкы жок» дейт. Ал да тагынып отурган. Шылтоо таппай калганда «силерди токтобой кетти деп алдыдан кабар беришти» дешти. Мындайлар да болот. Беш кол тең эмес, жакшылары да бар, албетте.

– Коомдук транспортко түшө элегиңе көп болдубу?
– Бир жолу курбум менен маршруттук таксиге түшүп калдык. Мен кирерим менен эки кишиге деп 20 сом берип койгом. Бир маалда айдоочу «жол кирени берип коёсуңарбы?» дейт. Мен «бербедимби» десем курбум күлүп тыйындарды берген. «Жол кире кымбаттап калган турбайбы» деп калгам өзүмчө. Кийин кайра маршруттук таксиге түшүп "жол кире канча?" десем айдоочу «тоодон түштүңбү дегендей ушундай бир көздөрү менен карады «10 сомдон, мурункудай эле» деп. Көрсө, кечки саат 9дан кийин 12 сом турбайбы. Кышында кар жаап калганда, музда машинамды айдабайм, коомдук унаа менен жүрөм.

– Бир күндө бензинге орточо канча акча коротосуң?
– Айдаганга жараша, күнүнө орточо 500 сом коросо керек. Негизи мен бир жолкусунда 1000 сомго куям. Кээде бир жумага жетет, кээде көп жумуш болсо эки күнгө жетип калышы мүмкүн.

– Жолдо, светофордо тийишип жүдөткөн айдоочу жигиттер кездешеби?
– Болот үлүп). Буга чейинки машинам өзгөчө болчу деп жатпаймынбы. Ошол учурда күндө эле кубалай беришчү. Эсимде, бир жолу апамды конокко алып кеткени үйгө баратсам БМВ артымдан түшүп алып, короого чейин келген. Апама «даяр болуп калдыңызбы, чыга бериңиз» дедим. Тиги машина жан талашып карама-каршы багытка түшүп алып артымдан калбай келатат. Короого кирип токтосом айдоочу жигит да түшүп жаныма келатканда апам чыгып калган.
Бул машинам менен жайында терезелерди түшүрүп курбум менен бара жатсак, жаныбызга токтогон жигиттер салонго телефонун ыргытып коюп жатышпайбы. Аны көрүп курбум «айда, Рахат, телефонун бербейбиз» деп көпкө шаар айланып жарышканбыз. Кийин май куюучу жайдан таанышып, телефондорун алып, анан кетишкен.

– Техникага ишенич жок, орто жолдо бузулуп калса себебин аныктай аласыңбы?
– 8 жылдан бери рулдамын, көп нерсени түшүнүп калдым. «Ходовка» жагын, аккумулятору отурдубу, жокпу билем. Машинам бузулса өзүм барып оңдотом, кызыгам, сурайм. Оңдоткону алып барсаң «аны алып кел, муну алып кел» дешет. Аларга жалгыз чуркайсың, барып күтүп турасың. Ошондой учурда кыз экениңди, жалгыз экениңди сезесиң.

– Атактуулар машинаны статус катары да минишет. Сен ошол пикирге кошуласыңбы?
– Мен актрисамын, мындай машина айдашым керек дебейм. Жок нерсе жаман, болгон нерсеге каниет кылыш керек. Мен статуска карабайм. Мерседес көп бензин ичет, акча жокто токтоп туруп калат. Ошондо көбү «экономдуу, аз бензин коротконун эле албайсыңбы» дешет. Мен көлөмү чоңго көнүп алдым окшойт, мен үчүн көлөмү чоң болсо да ушул марка ыңгайлуу, жагат.

– Дөөтү колдосун!


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(36)
06.02.2018. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
20-09-2018 09:15
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мага тийбейсинби
06.02.2018. 18:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
393
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 09:47
Жынысы:
Белгисиз
+8
asdef,алчы сен)))
06.02.2018. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
12-03-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КЫРГЫЗСТАН
+7
Мыкты унаа
06.02.2018. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
14-10-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:44
Жынысы:
Белгисиз
+19
Тундуктук келинди соонун ойногон
12.02.2018. 10:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 19:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Cleo-13,+++++++
06.02.2018. 10:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 06:32
Жынысы:
Белгисиз
+25
11500 эмес 7000 доллардын тегерегинде турат
06.02.2018. 10:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
29-08-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 11:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh. Nookat
+13
NURTILEK_KG, 3жыл мурун...
06.02.2018. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
14-09-2013
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:19
Жынысы:
Белгисиз
+2
NURTILEK_KG,5000$ ойдо кете берет, чыккан жылына, коломуно жараша болот баасы
06.02.2018. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
+4
Дооту колдосун дегени эмнеси?
06.02.2018. 11:33 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
22-04-2018 17:04
Жынысы:
Белгисиз
+18
nurzada78, негизи Доот пирим колдосун деп коюшат темирдин пири дооту депчи. Бирок ал ширк болуп Аллаанын астында абдан чон куноокор болуп калуубуз анык.
06.02.2018. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-10-2017
Соӊку аракети:
13-03-2018 16:15
Жынысы:
Белгисиз
+7
nurzada78, Давут пайгамбар Аллах ага темир устачылык онорун берген
09.02.2018. 19:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
09-05-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош шаарым
+1
Tamamnura,Ошондой болгон чакта да бир гана Алла колдойт.
06.02.2018. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1018
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 06:02
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сонун кызда аябай жагат.
06.02.2018. 11:54 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
16-06-2018 22:02
Жынысы:
Белгисиз
+5
жумасына 1000 сомдук бензин аз го же дизельби?
06.02.2018. 12:43 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
25-03-2018 20:03
Жынысы:
Белгисиз
+6
Апаа деген жери жагатта кинодо...
Жакшы маек болуптур ийгилик иштерине
06.02.2018. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
21-07-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тундуктук келинди жеткиликтуу аткарган.Ишинизге ийгилик.Озу жонундо да кобуроок маалымат берип койбопсунарда
06.02.2018. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
498
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 01:05
Жынысы:
Белгисиз
-19
Бишкектин баардык люктарын билем дейби?Рульга отурганына болгону сегиз жыл болуптур аша чаап кеткен жоксунбу? Сага бир сунуш.Динара Жусаева эжем менен гонкага чыгасынбы?
06.02.2018. 17:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
23-02-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 20:03
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эртерак турмушка чык жашын бир топко барып калыптыр.33ко чыгыпсын
06.02.2018. 18:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
13-04-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 03:42
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец кыздар. Супсулуу дагы неге турмушка чыкпайт деп калам. Кийими да жупуну кыз. Башка бироо болгондо хамерин устунон чыга калып кыска койногун кийип алып отуруп алмак. Бул кыз жонокой супсулуушка
06.02.2018. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
393
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 09:47
Жынысы:
Белгисиз
+6
love.me.again, жупуну эмес
07.02.2018. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
13-04-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 03:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
taalay25, жупуну деген жонокой дегенди билдирет
06.02.2018. 20:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:18
Жынысы:
Белгисиз
+6
love.me.again,Антип тушкондор куйоого тийип кеткенда ошон учун эртерээк.А азыр жулунбаган кыздар коп ,жашы отуп бараткан...
06.02.2018. 19:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-11-2017
Соӊку аракети:
17-08-2018 23:55
Жынысы:
Белгисиз
-4
Биринчи жолу корушум..ушундай да актриса барбы
06.02.2018. 20:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-02-2018
Соӊку аракети:
15-09-2018 08:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Джалал- Абад
0
Ооо сонун
06.02.2018. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
13-10-2011
Соӊку аракети:
14-09-2018 10:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
рес. Cyперстан\ г. LoLo\ ул. PePe\ кв. 2
+6
Love.me.again; жупуну кийингенин деле байкабадым, ХХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-07 15:20:06
06.02.2018. 21:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
29-01-2018
Соӊку аракети:
23-05-2018 23:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун актриса турмушка чыккыла эртерек
06.02.2018. 21:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
04-09-2018 02:51
Жынысы:
Белгисиз
-7
Озунчоле "я супер звездаааааа" го....
07.02.2018. 02:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
06-09-2017
Соӊку аракети:
28-08-2018 14:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келин бологон аяабай жарашат бул кызга жолук салынганы жагат мага ии аяабай озуно жарашат жолук
07.02.2018. 16:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
02-09-2018 23:19
Жынысы:
Белгисиз
0
мм..жакшы кыскасы
08.02.2018. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 06:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жагат ушул актриса. Ийгилик каалайм. Бактылуу бол
09.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1188
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
короз тоокту куугандай эле болуптур да.
09.02.2018. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
11-12-2017
Соӊку аракети:
22-06-2018 21:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы актриса Жоончуу деген жери айрыкча (тундуктук келинде)
10.02.2018. 21:56 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
26-03-2018 20:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коомдук транспортко чыгып жол акысын билбесе, демек бул 1_классынан эле Тойота мерседенс_benz те жургон окшойт.
18.02.2018. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-01-2014
Соӊку аракети:
03-08-2018 14:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Timonbay,Мурда 8 сом болгон, кийин 10 сомго көтөрүлүп кымбаттабадыбы
12.02.2018. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-04-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Токмок
0
Жагат мага ушул эже абдан жонокой го.
13.03.2018. 01:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
22-07-2017
Соӊку аракети:
26-07-2018 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызыл Кыя Караван
0
Жакшы жакшы азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: