Балык жана андан жасалган азыктар баалуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт. Алсак, деңиз, океан балыктары майлуу келип, курамында Омега-3 кычкылы көп болсо, дарыя балыктарында да Омега-3 кычкылы бар, белокко бай жана сиңимдүү. Балыктын курамынан витаминдер топтомун, баалуу микроэлементтерди (бор, темир, калий, кальций, магний, фосфор) табууга болот. Мындан улам адистер жумасына эки жолу балык жеп турууну сунушташат.
БАЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ
ЭСКЕРТҮҮ!
Туздалган, маринаддалган, ышталган балыктарды жегенден абайлаңыз. Анткени чала бышырылган балыктагы мителер организмге кирип, мите курт ооруларын (дифиллоботриоз, описторхоз) пайда кылышы мүмкүн жана тамактан ууланууга (ботулизм) алып келет.
КОЖОЙКЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!
- Балыктар жашаган аймагына жараша тамактанышат. Океан, деңиз, чакан көлмөлөрдүн балыгында ачуу чөптүн даамы жана жыт болот. Шар аккан суунун балыктары таза. Эгер жыт болсо таза матаны лимон уксусуна нымдап, балыктын үстүнө 15-20 мүнөттөй жаап коюу же бышырардан 20-30 мүнөт мурун сүткө чылоо сунушталат.
- Тоңдурулган балыкты бөлмө температурасында же муздак сууга салып эритип, андан соң тазалоо керек. Минерал заттарын сактоо үчүн сууга туз салып коюу туура. Эриген балыкты кайра сактоого болбойт.
- Кабырчыктарын куйругунан башын көздөй тазалоо шарт. Андан соң курсагы тараптан куйругунан моюнуна чейин тилип, ичин тазалайсыз. Өтүн жарып алуудан абайлаңыз. Бакалоорлорун жана канаттарын алууну унутпаңыз.
- Балыкты муздак сууга салып, жай отто кайнатыңыз. Күчтүү отко кайнап бышкан балык катуу болуп, шорпосу күңүрт тартып калат.
- Балык котлетинин туурамжысына куурулган пияз кошсоңуз ширелүү жана даамдуу болот.
ЭЛЕКТР МЕШИНДЕ БЫШЫРЫЛГАН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Балык – 1 килограмм
Майлуулугу жогору сүт – 100 грамм
Соя соусу – 2 аш кашык
Балык икра – 1 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1.Балыкты тазалап, жууп, кесимдерге бөлөбүз.
2.Кесимдерди чоң идишке салып, татымына жараша туз, мурчтан себелейбиз. Эми үстүнө 2 аш кашык соя соусун жана 5 аш кашык сүт куюп, жакшылап аралаштырып, 30 мүнөткө маринаддап коёбуз.
3.Пергамент кагазына маринаддалган балыктарды ороп, 180 градуста 20-30 мүнөт бышырып алабыз.
4.Балык бышканча соусту даярдайбыз. Ал үчүн сүттү ысытып алып, ага икраны салып аралаштырабыз. Даяр болгон балыкты тарелкага салып, үстүнө соустан куюп, жашылчалар менен кооздоп дасторконго койсок болот.
БУУГА БЫШЫРЫЛГАН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Балык – 1 килограмм
Картошка – 4 даана
Сабиз – 1 даана
Брокколи – 100 грамм
Гүлдүү капуста – 100 грамм
Болгар калемпири – 2 даана
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Суу – 200 миллилитр
Татымына жараша туз, мурч, балыкка кошулуучу атайын татымал
Даярдоо ыкмасы:
1.Балыкты жууп тазалап, татымына жараша туз, мурч, балыкка кошулуучу татымалдан себелейбиз.
2.Жашылчалардын баарын аарчып, тазалап, жууйбуз. Картошка, болгар калемпири чоң-чоң, сабиз ичке тууралат. Ал эми брокколи менен гүлдүү капустаны сабактарынан ажыратабыз.
3.Казанга майды куюп, балыкты салып, үстүнө жашылчаларды тизебиз. Сууну куюп, татымына жараша туз, мурчтан себелеп отту жагабыз. Суу кайнап чыкканда отту жайлатып, казандын капкагын жаап 25 мүнөт демдеп бышырабыз. Тамак буурчак, лимон менен кооздолуп, ысык бойдон дасторконго коюлат.
КУУРУЛГАН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Балык – 1 килограмм
Сүт – 1 стакан
Ун – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Лимон – 1 даана
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1.Балыкты тазалап, жууп, туздап, 20 мүнөткө тыныктырып коёбуз. Бул аралыкта тузу сиңет. Майда балыктарды бүтүн, ал эми көлөмдүү балыктарды калыңдыгы 3 сантиметрден кесип алуу керек.
2.Андан соң аны кагаз майлык (салфетка) менен сүртүп кургактап, үстүнө сүттү куюп, жарым саатка тыныктырып коёбуз. Сүткө чыланган балык ширелүү жана даамдуу болуп бышат.
3.Балыкты кайрадан кагаз майлык менен кургатып, андан соң унга оонатабыз.
4.Балыкты бышыруу үчүн көмөч казанга балыктын тең жарымын жаап тура тургандай кылып май куюңуз. Май кызыган кезде унга оонатылган балыкты салып, эки тарабын 7-8 мүнөттөн кууруу жетиштүү. Балык кыпкызыл, кытырап куурулсун десеңиз, көмөч казанга салганда кесимдерди бири-бирине жакын кылбай, ортосуна 2 сантиметрдей аралык калтыруу шарт. Бышкан балыкты кесилген лимон менен кооздоп, дасторконго берсеңиз болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg