Бронхиалдык астма оорусу тууралуу маалыматты Улуттук кардиология жана дарылоо борборунун алдындагы консультативдик аллергия борборунун жетекчиси Салтанат Шабыкеева баяндайт.
АСТМА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Бронхиалдык астма байыркы гректердин сөзү, бизче «оор дем алуу», «демигүү» дегенди билдирет. Аталган дарт дем алуу жолдорунун сезгенүүдөн, болгондо да аллергиялык сезгенүүдөн жаралган өнөкөт оорусу. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиришине караганда, дүйнөдө 235 миллион адам бронхиалдык астмадан жабыркайт.
ЭМНЕЛЕРДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
АСТМАНЫН ТРИГГЕРЛЕРИ
Астма менен жабыркагандардын дем алуу жолдору өзүн дүүлүктүргөн заттарга абдан сезимтал келет. Астманын күчөп кетүүсүнө жана дем кыстыгууга жеткирген дүүлүктүргөн нерселер триггерлер деп аталат. Алар:
Астма менен ооруган адам триггерлерге кез келгенде бронхторунун капталдарынын булчуңдары жыйрылат да, дем алуу жолу ичкерет. Ошол жердеги ткандар шишип, ал жерде былжыр жана какырык пайда болот жана көбөйөт. Бул дем алууну оорлотот жана астманы күчөтөт.
АСТМАНЫН БЕЛГИЛЕРИ
АСТМАНЫН КҮЧӨП КЕТКЕНДЕГИ БЕЛГИЛЕРИ
ДИАГНОЗ
ДАРЫЛОО
Бронхиалдык астма – бул өнөкөт оору, биротоло айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок дарылоо менен анын аз кармоосуна жана ооруну өнүктүрбөй кармап турууга болот.
Дарылоодо колдонулат:
1) Бронхолитиктер (бронходилататорлор). Булар бронхтогу спазмды басып, бронхту кеңейтүүчү каражаттар. Муунган учурларда гана колдонулат.
2) Ингаляциялык глюкокортикоиддер. Булар сезгенген бронхторду калыпка келтирүүгө багытталган күн сайын жана узакка колдонулуучу каражаттар.
Жана да...
1) Спелеотерапия (туздуу шахталар менен дарылоо), көнүгүүлөр, ийне менен дарылоо
2) Бийик тоо климаты менен дарылоо
3) Аллергиялык ринит оорусу барлар мурундун ичине тагылчу респираторду тагынуусу.
ДАРТТЫН АЛДЫН АЛУУ
ҮЙ ЧАҢЫНДАГЫ КЕНЕЛЕР АСТМАГА ЖЕТКИРЕТ!Үй чаңы көчө чаңына караганда 5-6 эсе кир жана анын курамында аллергендердин чоң тобу бар. Андай аллергендерге жаныбар, канаттуулардын пыр-сырлары, курт-кумурскалардын калдыктары, китеп, коробка, үй эмеректеринен бөлүнүп чыккан клейлер кирет. Антсе да чаңдын көп бөлүгүн чаң кенелери жана алар бөлүп чыгарган заттар түзөт. Негизи үй чаңында кененин 150дөн ашык түрү кездешет. Алар аба аркылуу организмибизге кирип аллергиянын, бронхиалдык астманын жаралышына түрткү болот. Кенелер көзгө көрүнбөйт, бирок керебет, төшөнчүлөрдө жашайт жана адамдын түлөп түшкөн терилери менен азыктанат. Тоок жана башка канаттуулардын жүнүнөн жасалган эски жаздыктардын 1 грамм чаңында 2000ден 15 000ге чейин (!) кене кездешет. Бул ден соолугубузга коркунуч келтирип, акырындап аллергиялык астмага чейин жеткирет.
Көчөдөгү чаңдар менен кошо үйгө чөп, дарак, гүлдөрдүн чаңчалары, жаныбарлардын пырлары киргенде аллергиялык астмага кабылуу коркунучу ого бетер жогорулайт.
Андыктан үйдү таза кармап, чаңдарды сүртүп, эски буюмдарды ыргытып, көчөдөн үйгө чаң кирбей тургандай кылып эшиктерди бекем жабуу зарыл. Аллергия же астманын белгиси билинсе дароо аллергологго кайрылып текшерилүү, дарылануу зарыл.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg