«МОРАНДИнин» ЖИГИТТЕРИ КАЛЫПТАГЫДАЙ ЭЛЕ ЭРКЕК

«Моранди» тобунун «Периштелер» («Angels») аттуу ырын Европада укпаган жан жок. КМШда анын ичинде Кыргызстанда да хит ырга айланганы анык. Топтун ырчылары, негизи эле «Моранди» тобу сизди да кызыктырса, анда алга.

КҮТҮЛБӨГӨН ПОПУЛЯРДУУЛУК
Ранди менен Моганын башында топ түзүү тууралуу ойлору жок эле. Илхам келген учурда ыр жаратып, күнүн Моганын музыкалык студиясында өткөргөн болочоктогу популярдуу ырчылар бир гана нерседен рахат алышчу. Ал улам жаңы жазылган ыр жана ага жаралган обондор эле. Иштеп отуруп «Мени сүй» («Love Me») аттуу чыгарма жаратышып, тааныштары аркылуу өлкөдөгү белгилүү радиолорго жана түнкү клубдагы ди-джей досторуна беришет. Алардан автору ким экенин убактылуу жашырууну суранышат.
Аз убакыттын ичинде «Мени сүй» чоң популярдуулукка жетет. Мындай жыйынтыкты жигиттер «күткөн эмеспиз» деп айтып келишет. Ыр хит болгондо “аткаруучулар ким экен?” деген суроого түрдүү божомолдор чыгат. Бири италиялык ырчылар десе, кээ бирлери испаниялык дешкен. Мындай ызы-чууга жооп кылып, жигиттер «Моранди» деп аталган Румыниянын таланттуу тобу ырдайт» деп чыга келишкен. «Моранди» дегенди укканда көпчүлүк «топтун аталышынын италиялык атактуу ырчы Жанни Морандиге тиешеси барбы?» деп сурашкан. Мырзалар «жок, топтун аталышы ал кишиге такыр байланбайт. Жөн гана дал келип калды. Ал эми чыныгы чечмелениши эң жөнөкөй Мо – бирибиздин ысымыбыз, Ранди - экинчибиздин лакап атыбыз» деп жооп беришет.

ТОП 12 АДАМДАН ТУРАТ
Тез убакыт аралыгында «Моранди» тобу популярдуулукка жетип, ийгилик артынан ийгилик жарата баштайт. Күндөрдүн биринде атактуу Юниверсал компаниясынан чогуу иштешүүгө сунуш түшөт. Жигиттер, албетте, баш тартышкан эмес. Ырлары бүтүндөй Европага таркашына дал ушул компаниянын эмгеги зор.
Бүгүнкү күндө топтун курамында Андрей менен Могадан тышкары 10 адам иштейт. Алардын бешөө бийчи кыз, бешөө түрдүү музыкалык аспаптарда ойногон музыканттар. Гастролго чыкканда он экиси тең чогуу жүрүшөт. Дайыма чыгармаларын жандуу аткарышканы үчүн көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Топтогу балдарга «Кайсы жерге койгон концертиңер өзгөчө эсиңерде калды эле?» деген суроого «Сербиянын борбору Белград шаарындагы концертибиз» деп жооп беришет. Себеби ал жердеги толгон эл көрүп гана тим болбостон, бүт ырын чогуу ырдашканы менен таң калтырышкан.

«ПЕРИШТЕЛЕР» ЫРЫ МЕНЕН ООРУП...
«Моранди» тобунун 2008-жылы жаралган «Периштелер» («Angels») аттуу ыры бир гана Румыниянын эмес, бүтүндөй Европанын супер-хитине айланган. Канчалаган музыка сүйүүчүлөр аталган ыр менен «ооруп», чөнтөк телефондоруна жаздырышкан. Европадагы атактуу радиолордо 37 апта бою учурдун 100 хит ырларынын катарынан түшпөгөн.
Интернет барактарынан 1,5 мил­­лион колдонуучу аталган ырды көчүрүп алганы катталган. Ал эми расмий түрдө 2 миллион диск сатылган.
Мынчалык хит болгон ырдын­ аткаруучуларынан сырын сура­ганда «Эч кандай деле сыр жок.­ Ырдын сөзү, обону чын дилден жаралган жана аткарганбыз. Аталган ырда жөн гана тынчтыкка үгүттөгөнбүз» деп жооп беришет.

ЖАКШЫ ЫР КАНДАЙ ЖАРАЛАТ?
«Жакшы ыр жаралыш үчүн музыкант кайгы-капага чөмүлүшү керек» деген пикирге топтун жигиттери такыр кошулбайт. Алар тескерисинче «Биз канчадан бери көпчүлүк сүйүп уккан чыгармаларды жаратып келүүдөбүз. Аны кандайдыр бир кайгы-капа чегүүдөн улам жазган жокпуз да. Биз адам баласы кабылган сезимди түшүнүп, анан ыр жаратабыз. Ал эми сезим ар бир адамда бирдей болот» дешет.

ТҮШКӨН КАРАЖАТТЫ ЭМНЕГЕ ЖУМШАШАТ?
Мындай атактуу топтун жигиттери материалдык жактан толугу менен камсыз экени талашсыз. Тапкан каражатты топтун курамы көбүнчө эс алууга жана кийим-кечеге кетиришет. «Убакыт болсо, жер шарын кыдырып, саякат кылууга не жетсин?» дешет.

ЖИГИТТЕРДИН ЖҮРӨГҮ БОШ
Ал эми «жигиттердин жүрөгүн ээлеген жан бар болду бекен?» деп сураган кыздардын саны да арбын. Аларга жооп, эң негизгиси бай жана атактуу жигиттердин башы да, жүрөгү да бош. Ал эми жеке жашоого келгенде Мариуш менен Ропчеаны тажаткан бир суроо бар. Ал – экөөнүн мамилеси. Жигиттер бул тууралуу «Ой, жок, биз калыптагыдай эле эркекпиз. Кыздарды гана сүйөбүз, кыздарды...» деп жооп беришет.

БУЛ СЫЙЛЫКТАРДЫН ЧЕКЕСИ ГАНА
2005-жылы «Мени сүй» аттуу ыры атактуу «MTV Music Awards» сыйлыгынын үч наамына татыган. Алар – «Мыкты ыр», «Мыкты жаңы аткаруучу» жана «Мыкты бий». 2008-жылы «Romania Music Awards» сыйлыгында топ «N3XT» аттуу альбому үчүн «Жылдын мыкты альбому» деген наамды алган. Ага «Периште» аттуу хит ыры киргизилген эле. Ошондой эле «Периште» ыры «Жылдын мыкты видеосу» деп табылган.


Толук аты-жөнү – Мариуш Мога
Туулган жери – Румыния, Бухарест шаары
Туулган жылы 1981-жыл, 30-декабрь
Бою – 171 сантиметр
Мүнөзү – Ак көңүл, жайдары, сылык, тамашакөй
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

«Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген макалдын анык экени бул ырчынын мисалында дагы бир ирет далилденет. Моганын ата-энеси музыканттар болгондуктанбы, айтор, Мога да музыка жандуу болуп өсөт. Үч жашында фортепианодо ойноону үйрөнүп, жетиге толгондо искусство мектебине кирет. Бирок эмнегедир искусство жаатында билимин тереңдетпей, социология факультетин бүтүргөн.
Колуна диплом алганына карабастан, кесиби менен иштебей, кайра эле музыкага байланган. Анын максаты атактуу болуу эмес, жөн гана ыр жазып, обон жаратуудан рахат алуу эле. Ошентип, Румыниядагы жаңы тааныла баштаган ырчыларга ырлардын сөзү, обонун жаратып, автор катары тааныла баштаган. Мисалы, Blondy, Andreea Balan, Cream, Akcent сыяктуу аткаруучулар дал ушул Мариуш Моганын калемине таандык чыгармалардан улам атактуулукка жеткен.


Толук аты-жөнү – Андрей Ропчеа
Лакап аты – Ранди
Туулган жери – Румыния, Питешти шаары
Туулган жылы – 1983-жыл, 23-май
Бою – 173 сантиметр
Мүнөзү – Абдан уялчаак

Жакындары менен жоро-жолдоштору Ранди деп чакырган ырчы Андрей Ропчеанын өмүр баяны Моганыкына окшошуп кетет. Мисалы, кичинесинен роялда ойноону үйрөнөт. Питешти шаарынан искусство лицейин аяктап, ал жерден фортепианодо ойноону мыкты өздөштүрөт. Өмүрүн музыкага байлагысы келген Андрей чыгармачылыгын өстүрүү үчүн Бухарест шаарына келет. Ал жерден «учурдагы мыкты композитор Мариуш Мога» деген маалыматты угуп, таанышууну көздөйт. Издеп таап таанышкан соң экөөнүн ой-пикири бир жерден чыгып, достошуп кетишет. Ал кез 2004-жыл эле.

Сокушова Бактыгүл
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан